Президенттик шайлоо
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 2095
БШК президенттик шайлоого катышам деп арызын берген Калыбек Арабаевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү маселесин карашы керек. Мындай чечим Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1800
Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматына ылайык, учурда аймактык шайлоо комиссияларынан 50 протокол алынды. Протоколдорду кабыл алуу, өткөрүп берүү жана салыштыруу иштерине президенттикке талапкерлердин, маалымат каражаттардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эл аралык байкоочулар катышып жатышат.
Алдын ала маалымат боюнча 30-октябрда өткөн президенттик шайлоодо добуштардын 63 пайызын алып, Алмазбек Атамбаев уткан.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1983
Орусия менен Казакстанда өткөн Кыргызстандын президентин шайлоодо да бул жактагыдай эле шайлоо тизмелери так болбой калган. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдө байкоо жүргүзгөн «Жарандык коомду колдоо борборлору» Ассоциациясынын мүчөлөрү бүгүн, 1-ноябрда, АКИpress агенттигинде берген маалымат жыйынында билдиришти.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1414
Адахан Мадумаров «Шайлоодон кийинки Кыргызстан» аттуу форумда ЕККУ-БДИПЧ мисссиясынын байкоочуларын күнөөлөдү.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1293
Шайлоо учурунда жергиликтүү шайлоо комиссияларынын кайсынысында болбосун, кайсы талапкер үчүн, мейли Атамбаев болобу, мыйзам бузууга барган киши жазаланышы керек. Мындай пикирин "Азаттыкка" Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков билдирди.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 2056
«Адам укугу жана демократия борборy» көз карандысыз кыска мөөнөттүү байкоочулары Ноокат районундагы 30 шайлоо участкасында жана Баткен облусундагы 40 шайлоо участкасында байкоо жүргүзүшкөн. Бул тууралуу «Адам укугу жана демократия борборунун» төрагасы Идирис Кубатбеков бүгүн, 31-октябрда Ош шаарындагы «АКИpress Фергана» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 7607
Бишкек – “Саясат.kg”. Бүгүн, 31-октябрда президенттике талапкер Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирүү жасады. Билдирүүнүн текстин толук жарыялайбыз.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1438
Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык шайлоочулардын 6,32 пайызы гана добуш берди. Бул тууралуу БШК маалымдайт. Жалпысынан шайлоочулардын тизмесине 38 миң 56 адам кирген. Алардын 2 миң 405и добуш берди.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 2165
«Мыйзамдуулук жана адам укугу үчүн» улуттук штабынын билдирүүсүнө ылайык, президенттик шайлоонун жүрүшүндө 30-октябрь саат 8:00дөн 23:43кө чейин бардыгы болуп өлкөнүн бардык аймактарынан 141 билдирүү келип түштү.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1405
Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов билдирди. Анын айтымында, “Ата Журт” партиясы шайлоодо административдик ресурс колдонулганын белгилеп, шайлоочулардын тизмеге кирбей калышын айыптоодо.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1709
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1137
Бишкек убактысы боюнча кечки сегизге карата алынган маалыматка ылайык, бүгүнкү добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 51,96 пайызы катышты. Добушканалар кечки жетиде жабылган. Добуш бергендердин саны дагы эле такталууда.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1214
Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө республиканын бардык 2298 шайлоо участоктору жабылды.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1580
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы №6064 шайлоо участкасында онго жакын бюллетенди урнага таштап салгандыгын байкоочулар катташты. Бул тууралуу «Демократия жана жараандык коом үчүн» коалициясы билдирди.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1706
Ушундай эле окуя кечээ күнү катталган: 2011-жылдын 29-октябрь күнү жогоруда аталган кампаниянын байкоочулары сыя тамгасы туруксуз болгон бир нече кырдаалдарды байкашкан. Бишкек шаарындагы №4-клиникалык оорукананын имаратында уюштурулган №1032 шайлоо бекетинде мобилдик добуш берүүдө шайлоочулардын бирөөсү манжасына басылган сыя тамганын дароо эле өчүп калганын көргөн. Шайлоочулар сыя тамгасы суунун жардамысыз эле өчүрүлө тургандыгын айтышууда. Андан кийин анча деле байкалбаган из калат. Жаштар уюмдары бир нече жумага чейин өчпөй турууга тийиш болгон сыя тамгасынын эмне себептен аз убакыттын ичинде эле өчүп калгандыгына түшүндүрмө берүүсүн Борбордук шайлоо комиссиясынан талап кылышууда. Ошондой эле №1125 шайлоо бекетинен добуш берген журналист С.Володиндин пикиринде мындай нерселер эл аралык уюмдар тарабынан грант түрүндө берилип, мөөнөтү өтүп кеткендиктен бекер берилген продукциялар болушу мүмкүн.
“Ойлоном. Добуш берем. Келечек бар!” кампаниясынын Жалал-Абад шаарындагы байкоочулары Жалал-Абад шаарындагы Курманбек атындагы көчөдө жайгашкан 2103 шайлоо бекети тараптан атышуулар болгондугун Бишкектеги кампаниянын өкүлчүлүгүнө кабарлаган. Байкоочулардын айтымында, милиция кызматкерлери тартип бузганга шектүү адамдарды кармап кеткен.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1611
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы көчмө добуш берүүгө жана участоктордун ачылышына байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы туурасында алдын ала маалымат берди. 29-октябрда болгон көчмө добуш берүү учурунда сыя белгинин коюлбай калышы, көчмө үкөктөрдүн тиешелүү түрдө чапталбаганы, шайлоочулар тиешелүү документсиз добуш берген фактылары катталган. Бүгүн бир шайлоо участокто үкөктү чаптоого байкоочулар катышпаганы, кайра добуш берүүгө аракет болгону, бир эле шайлоочуга бир нече бюллетендин берилиши сыяктуу фактылар катталды. Мындан тышкары сыя белгинин оңой эле өчүп жатканы, Улуттук университетте студенттердин добуш берүүсүн көзөмөлдөп жаткан адамдар бар экени айтылууда.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 2710
Бишкек – «Саясат.kg». Президенттике талапкер Камчыбек Ташиев Нарын областынын Жумгал районунун Арал айылында добуш берди. Бул жөнүндө талапкердин штабынан билдиришти.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1650
Саат 15ке карата өлкө боюнча жалпы шайлоочулардын 36,41 пайызы добуш беришти. "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматы боюнча, 3 миллион 32 миң 681 шайлоочунун 1 миллион 104 мин 228 шайлоочу өз добушун берди. Эң көп активдүүлүк Чүйдө (48,96%) байкалууда. Андан кийин Нарында (47,53%), Таласта (45,93), Бишкекте (41,93%), Ысык-Көлдө (38,4%), Баткен (33,01%), Жалал-Абад (29,81%), Ош (28,74%) облустарында. Эң төмөн көрсөткүч Ош шаарында - 26,98%. Добуш берүү саат 19да аяктайт.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1769
Бишкек, “Саясат.kg”. Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев Нарын облустунун Жумгал районунун Арал айылында түштөн кийин өз добушун берди.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 2072
Бишкек – “Саясат.kg”. Аксы районунун №2312 - Кашка-Суу шайлоо участогунда 1840 шайлоочу бар. Анын ичинен 265 шайлоочу добуш берип, 23 адам тизмеде жок болгондугу үчүн добуш бере албай кеткен. Бул тууралуу аталган шайлоо участоктун төрайымы Абиба Сейитбекова билдирди.