Президенттик шайлоо
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1004
Кыргызстан Боршайкому президенттикке талапкер, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев үгүт ишин эрте баштады деп эскертти.
Атамбаевдин өкүлдөрү дооматтарды четке кагып, өкмөт башчы өз милдетин гана аткарып жатканын айтышууда.
БШК 17-сентябрда Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөндөн бери мурункуга салыштырмалуу гезит беттерине, радиого жана телеэкранга тез-тез чыкчу болгонун тастыктады.
Айрым маектеринде коомчулук алдында чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө үгүттүн белгилери бар экени белгиленди. Айлык акыны көбөйтүү тууралуу көп кеп кылып, айрым саясатчыларды Кыргызстанды бөлүп-жарган долбоорлорго аралашып жатат деп сындаганы мыйзамга төп келбей турганын айтты.
Атамбаевдин туруктуу өкүлү Индира Жолдубаева БШКнын расмий эскертүүсүн ала электигин “Азаттыкка” билдирди. Бирок коюлуп жаткан дооматтардын баарын четке какты:
- Интернетке чыккан мыйзам бузду деген билдирүү таптакыр чындыкка туура келбейт. Анткени ал бүгүнкү күндө каттоодон өткөн талапкер болуп эсептелет, анан ал премьер-министр катары милдетин дагы эле аткарып жатат. Ал суроолорго премьер-министр катары жооп берген. Эч кандай мыйзам бузулган эмес. Телевизордон түшпөй калды деген дооматка эч нерсе деп айта албайм, негизи буга өкмөттүн маалымат кызматы жооп бериши керек. Бул жерде деле үгүт жок. Бул өкмөттүн иши. Бүгүнкү күндө коомчулуктун назары өкмөт кандай иштеп жатканына бурулуп жатпайбы.
БШК президенттикке дагы бир талапкер Өмүрбек Суваналиевдин гезиттерге, Интернет булактарына берген маектерин иликтеп көрүп, үгүттү эрте баштап, мыйзамды бузуп жатканы үчүн эскертүү жолдоду.
- Буга көптөн бери эч кандай көңүл бурулбай, эскертме да берилген эмес. Эми азыр берилип жатканы туура деп ойлойм. Бирок башка нерселерге да көңүл бурулбай жатат. БШК Атамбаевге эле эмес, азыркы телерадио компанияларга да эскертүү берсе туура болот эле.
Мамбеталиев премьер-министр Атамбаевге башкаларга караганда көбүрөк сөз тиет деп белгиледи:
- Казандын башында туруп, андан ооз тийбей койо албайт. Сөзсүз жок дегенде жыттайсың. Биринчиден, ал үчүн чоң кыйынчылык. Ал колдонсо да, колдонбосо да сөз тиет. Экинчи жактан, ал ушундай кызматта тургандыктан кызматынан колдонбой койо албайт. Кызматынан колдонбой коюу үчүн адам эмес, кандайдыр бир периште болушу керек. Эми ал мындай басса да, андай басса да сөзсүз сөз тиет. Бийликтин башында тургандыктан Роза Отунбаевага окшоп шайлоого барбашы керек эле. Ошондо таза, жакшы, парламенттик өлкөнү чыңдаган киши болуп калмак. Анткени премьер өйдө болот деп айтып жатпайбы. Бирок премьерликте туруп президенттикке барышы анча жакшы болбой жатат.
Бийликте туруп шайлоого катышкандарды административдик ресурс колдонду деген айыптаган учурлар буга чейин деле арбын кездешчү. Мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев кызматта туруп шайлоолого катышкан. Добуш берүү мөөнөтү белгиленип, шайлоо жакындаганда алар жалындуу убадалар менен маалымат айдыңда тез-тез пайда болуп, маалымат каражаттары мактаган-жактаган материалдарга толуп калар эле.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1503
Бишкек – “Саясат.kg”. Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектеги Өкмөт үйүндө КР Президенттигине талапкерлер Анарбек Калматов, Марат Иманкулов, Төрөбай Койлубаев жана Өмүрбек Эгембердиевдер мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырышат.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 2228
Бишкек – “Саясат.kg”. Кыргызстанда президенттик кызматка ат салышкандардын саны кыскарып отуруп 31ге жетти.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1313
Борбордук шайлоо комиссиясы 16-сентябрдагы кезектеги жыйынында «Кыргызстанда өтүүчү референдумдун катышуучуларын, шайлоочуларды каттоонун мамлекеттик системасы жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизди.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1222
"Азаттыктын" кабарчысы маалымдаганына караганда, бүгүнтөн баштап Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюумунун (ЕККУ) эл аралык байкоочулар миссиясы иштей баштады.
Аталган уюмдун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) 14 эксперттен турган тобу ишке киришти. Алардан тышкары Кыргызстандагы президенттик шайлоого узак мөөнөттүү байкоо жургүзүү үчүн 28 адам эмки аптада келет. Ал эми кыска мөөнөттө иштеп кете турган байкоочулардын саны 350 адам болоору күтүлүүдө. Алар добуш берүү күнү гана жер-жерлерди кыдырып чыгышат.
ЕККУ/ДИАУБ миссиясы шайлоого чейинки кырдаал боюнча 2 баяндама жазып, добуш берүү күнүнүн эртеси алгачкы жыйынтык маалыматын берет. Ал эми шайлоодон 8 апта өткөндөн кийин эл аралык байкоочулар жыйынтык отчетун тартуулап, өз сунуштарын жана кеңештерин айтат.
Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. Бүгүнкү күнгө карата мамлекет башчысы болууну каалагандардын саны 32 адам.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1247
Президенттикке талапкер болуп катталууну каалаган 32 адамдын отузу 100 миң сомдук шайлоо фондун түзүштү. Калган экөө дагы эки күндүн ичинде төкпөсө, мамлекеттик тил сынагына киргизилбейт деп маалымдайт БШКнын басма сөз кызматы. Азырынча алар ким экени тууралуу ачык маалымат жок. Ушул тапта талапкер болом дегендердин кезектегилери мамлекеттик тил сынагынан өтүп жатышат
Буга чейин 30 миң кол чогулта алган жок деген себеп менен БШК 37 талапкерди жарыштан четтеткен.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1049
БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берди. Анын айтымында, мыйзам боюнча кол топтоо баракчасына кол тамганы ар бир шайлоочу өзү коюш керек, деп жазылган эмес. Ал эми БШК шайлоочулар өзү толтуруусу керек деген талап койду.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1023
Ош, Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев президенттик кызматка талапкерлигин чакыртып алды. Бул тууралуу ал 15-сентябрда АКИpressте өткөн маалымат жыйында билдирди.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1680
"Азаттыка" Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө карата президенттикке талапкер болуп катталуучу катары 32 адамдын аты аталууда. Алардын бардыгы 30 миң кол топтой алгандар. 32нин 10у кыргыз тил боюнча сынактан ийгиликтүү өтө алышты.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда болот. 30 миң кол топтоп, 100 миң сомдук шайлоо фондун түзүп, мамлекеттик тил сынагынан өтө алгандар гана президенттикке талапкер катары каттоодон өтүп, тиешелүү күбөлүк алат.Үгүт иштери расмий түрдө 25-сентябрда башталат.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1158
Президенттикке талапкер катары катталууну каалап, 100 миң сомдук шайлоо фондун түзгөндөрдүн бул акчасы баарына эле кайтарылып берилбейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Мыйзам боюнча, шайлоого катышып, бирок шайлоочулардын жалпы санынын 5 пайызына жетпеген добуш топтосо, ал талапкердин акчасы кайтарылбайт. Шайлоого чейин эле тил комиссиясынан өтпөй калгандарга да акчасы кайтарылып берилбейт.
Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. Ага катышам дегендердин саны алгач 80ден ашып, кийин тил комиссиясынан өтпөй калгандар, шайлоо фондун түзө албай калгандар болуп, учурда 32-37 адам гана калды. "Так санын айтуу азыр мүмкүн эмес, себеби кол топтогон документтер текшерилип бүтө элек, мамлекеттик тил сынагынын расмий жыйынтыктары жарыялана элек", - дейт БШК өкүлдөрү.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1038
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1150
Президенттикке талапкер болобуз деген Мамбетжунус Абылов менен Замирбек Парманкулов тил сынагынын өтпөй калышын бийликтин саясий буйругу менен байланыштырууда. Кыргызча мектепте окуп, айылда өскөм деген Мамбетжунус Абылов буга чейин бийликти сындаган макала жазгандыгы үчүн ага ушундай бут тосуулар болуп жатат деп болжосо, Замирбек Парманкулов саясий буйруктун артында кимдер тургандыгы өзүнө белгисиз экендигин, бүгүнкү тил сынагынын бүтүмү ага таптакыр түшүнүксүз болуп калгандыгын "Азатыкка" билдирди. Тил комиссиясынын бүгүнкү баасына абйланышту алар Биринчи май райондук сотуна арыз жолдошконун да кошумчалашты.
Талапкерлерди сынактан өткөрүп жаткан тил комиссиянын мүчөсү Галина Василькова “Азаттыкка” бул талапкерлердин дооматы негизсиз экендигин, алар эл алдында актануу үчүн ушундай аракетке барып жатканын билдирди. Анын айтымында, өтпөй калган талапкерлердин бири “Кыргыз Республикасы” деген сөздү кичинекей тамга менен жазып, “жер жарылып, өсүмдүк өстү” деген түшүнүктү “жер төрөп берди” деп айтып күлкү жараткандыгын айтты. Ошондой эле программасы менен тааныштырууда эки талапкердин бири түз эле үгүткө өткөндөй түр калтырган. Галина Василькова саясий буйрук деген доомат суу кечпей тургандыгын белгиледи.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1114
Кечээ, 8-сентябрда президенттикке талапкер Темирбек Асанбеков, Сейтек Байгуттиев, Эркин Булекбаев, Адахан Мадумаров жана Жусупжан Пиримбаев мамлекеттик тил боюнча экзамен беришти, деп маалымдады БШК басма сөз кызматы.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 15783
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1054
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер: Камчыбек Ташиев, Жантөрө Сатылбалдиев, Нариман Түлеев жана Арстанбек Абдылдаев 30 миңден кол топтоп тапшырганын маалымдады. Дагы үч талапкер бүгүн тапшырганы жатканын билдирди.
Кыргыз мыйзамдары боюнча президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес кол топтоп, күрөөгө 100 миң сом төлөп, мамлекеттик тил боюнча комиссиянын сынагынан өтүшү керек.
Кыргызстанда президенттикти эңсегендердин саны 80ден ашкан. Айрымдары арыздарын кайтарып алышкан. Он бир кишини БШК шайлоо фондун түзбөй койгонуна байланыштуу каттабай койгон. Соңку маалыматка ылайык, азыр 67 талапкер калды.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1415
Бул тууралуу БШК төрага орун басары Гүлнара Журабаева бүгүн БШК кызмткерлери үчүн өтүп жаткан тренингде билдирди. Президенттикке талапкер күрөөгө 100 миң сом коюшу керек. Ал каражат талапкердин өз чөнтөгүнөн же анын шайлоо корунун эсебинен төлөнөт.
Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 16-августка чейин созулат. Азыркыга чейин президент болуу мүдөсү ачыкталган 30 талапкердин жетөөсүн саясий партиялар көрсөтсө, калган 23ү өзүн өзү көрсөткөндөр.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1135
Бул тууралуу IFES долбоорлорунун координатору Александр Орехов бүгүн БШКда билдирди. Анын айтымында, буга чейин шайлоо участкаларына берилчү кошумча бюллетендердин саны мындан көбүрөөк болуп келген. “Бирок бул жолу шайлоочулардын кошумча тизмеси алынып салынгандыктан бюллетендердин саны азыраак болот” деп түшүндүрдү Орехов.
Бул жолу бюллетендин сырткы көрүнүшү да өзгөргөн. Адистер мындай иш-чаралар добуш берүү маалында көз бойомочулуктарга жол берилбеши үчүн көрүлүп жаткандыгын айтышууда.
- Подробности
- Категория: Президенттик шайлоо
- Просмотров: 1503
БШК төрагасы интернет маалымат агенттиктери боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылды. Мындай мазмундагы кат менен Боршайкомдун төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго кайрылды.