Президенттик шайлоо

Бишкек, «Саясат kg» - Д.Байаман. Кыргыз республикасынын президенттигине талапкер Камчыбек Ташиев 26-сентябрда Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарынын жана Токтогул районунун эли менен жолугушуп, өзүнүн президенттик платформасы менен тааныштырды. Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин платформасы 7 бөлүктөн туруп, Кыргызтанды өнүктүрүүнүн 7кадамы деп аталат. Анда негизинен мамлекеттин  экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүгө жол алуунун бардык программалары камтылган. Ал эми учурдагы билим беруу тармагын алып караганда акчалуу адамдардын балдары  окуп, билимдуу балдар мүмкүнчүлүгү жоктугунун айынан жумуш мигранты катары чет өлкөлөргө чыгып кетүүдө.
 
Талапкердин иш планында Кыргызстандын бардык жарандарына билим алууда ынгайлуу шарт түзүү зарылчылыгы да бар экендигин Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда  билдирди. 3 миңге жакын  чогулган эл президенттик кызмат орун үчүн К Ташиевди колдоорун билдиришти. «2010-жылдагы кандуу окуяларда  күнөөлүлөр өз жазасын алган жок.Көптөгөн жашоочулар бийликтин курмандыгы гана болуп калды. Кээ бир бийлик төбөлдөрү өз жанын гана ойлоп үйлөрүнөн чыгууга да батынышпады. Бул каргашага кимдин күнөөсү бар болсо, ал жоопкерчиликке тартылышы керек» - дейт Камчыбек Ташиев. «Эгер кудай буйруп президент болуп шайланып калсам ал адамдарды сөзсүз жоопко тартам жана мен айткан сөзүмдү сөзсүз аткарам» - деп кошумчалады.
 
 Ал эми Кара-Көл шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев Кыргызстанда акыркы отуз жылдан бери бир да шаар курула электигине токтолуп,өз программасында камтылгандай Кыргызтандагы кичи шаарчаларды калыбына келтирип, жаңы шаар кура турганын, жана аны ишке ашырууну көздөөрүн билдирди. Учурдагы чар жайыт болгон парламенттик,  президенттик башкаруудан айырмаланып, элдик бийликти алып келем деп кошумчалайт . Ошону менен катар эле аталган шаардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан айрым бюджеттик кызматкерлерге талапкерлер менен жолугушуусуна тыю салып жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин айтып, ага көңүл бурбоого чакырды.
 

 

Бишкек, «Саясат kg» - Д.Байаман. Шайлоо өнөктүгү башталган алгачкы күнү «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев алыскы Чаткал районунун Жаңы-Базар жана Каныш-Кыя айылдарында, андан соң Ала-Бука жана Аксы районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушту. «Эр кадырын эл билет» демекчи, Камчыбек Ташиевдин буга чейин эле карапайым калк үчүн жасап келген камкордугу, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн эч кандай жолтоолуктарга буйдалып калбас тайманбастыгынан улам эл арасындагы кадыр-баркы мамлекеттик деңгээлде, улуттук лидер катары калыптанып калгандыгын көрсөттү.
 
 Жолугушууга агылып келген тургундардын саны ар бир жерде үч миңден ашуун болду. Камчыбек Кыдыршаевич айрым саясатчылар сыңары шайлоо учурунда гана эл аралап, куру убадаларды берүү адатынан алыс экендигин иш жүзүндө да далилдеп келет. Маселен, үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларында да Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырып, таза суу, трансформатор, мечиттерди оңдоо, көпүрө куру, дыйкандарга арзан баада күйүүчү май жеткирип берүү, мектептерге, балдар бакчаларына акчалай жардам берүү ж.б карапайым элдин олуттуу көйгөйлөрүн өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып чечип келген эле.
 
 Ошол өлкөбүздү түрө кыдырып жүргөн убакта Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жайгашкан Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн абалы начар экендигин, аны оңдоп-түзөөгө жардам берип коюусун жергиликтүү тургундар суранган болчу. Кудай буйруса, эми бул күмбөз дагы узак убакытка чейин сактала турган болду. Анткени эл алдында убада берген күндөн тарта эле, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн үстүн оңдоп-түзөөгө белсене киришкен Камчыбек мырза кече жакында эле ишти толугу менен аяктап, жаңыланган күмбөздүн кызыл тасмасын өзү кести. Эл оозунда айтылган уламыштарга караганда пайгамбардын күмбөзү эчкинин майы менен сүртүлгөн кыш менен курулуп, акыркы учурларда бүлгүнгө учурай баштаган. Айыл элинин өтүнүчү менен бул күмбөздү оңдоп-түзөөгө Камчыбек мырзанын чөнтөгүнөн 2 миллион сом акча каражаты жумшалган.
 Меккедеги кааба ташка сыйынганга барабар болгон бул улуу жайга кыргыз саясатчыларынын арасынан биринчи болуп Камчыбек Ташиев көңүл буруп отурат. Буга чейин дагы айыл тургундары бир нече жетекчи кызматтардагы адамдарга кайрылгандары менен эч кандай натыйжа бербей келген. Эгерде күмбөз эскилиги жетип, оңдоп-түзөө жасалбастан урап түшө турган болсо, бүтүндөй мусулман өлкөлөрүнө уят болот элек дешет жергиликтүү тургундар. Бул күмбөздү оңдоп берүү үчүн коңшулаш Өзбекстандан кол сунгандар болгон. Бирок, айыл тургундары өз мекенибизден патриот уулубуз чыгып калаар деген үмүт менен алардын сунушуна макул болбой келишкен эле.
 
Бул улуу иштин аткарылышы К. Ташиевдин шыбагасына туш келиши да бекеринен эместир дешет жергиликтүү тургундар. Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн кызыл тасмасы кесилген соң, К. Ташиев ушул эле райондун Каныш-Кыя айылында болуп, өзүнүн платформасы менен жергиликтүү элди тааныштырды. Ошону менен катар Чаткал районундагы кен казып иштеп жаткан чет элдик компанияларды өлкөгө пайда алып келе турган жана жергиликтуу калкка жардам көрсөтүүчү шартта иштетип, аларды тартипке келтируу керек экендигин билдирди. Бул иш чаралар Камчыбек Ташиевдин аткаруучу негизги иш чаралардын бири болуп саналат.
 
Айыл жергесиндеги тургундардын көпчүлүгү учурда чет жакта иштеп жүргөн балдарынын жөнөткөн акчасы менен гана үй-бүлүлүк бюжетин толтуруп келишет. Ал эми Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушууда мына ушул маселелер ортого койулду.Анткени азыркы кезде өнөктөштөр менен тыгыз мамиле кылуу зарылдыгы байкалат. «Биздин бир гана өнөктөшүбүз бар. Ал Россия мамлекети. Биз үчүн андан жакын мамлекет жок» - дейт К. Ташиев.  Ал эми Аксы районундагы эң орчундуу маселелердин бири чек ара маселеси болуп саналат. Ушул койгойдон улам жергиликтүү тургундар кыйналып келишет.Чек ара тилкелерин тактап,өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу да К. Ташиевдин платформасынын катарын толуктайт. Ала-Бука жана  Аксы эли  Ташиевди колдоорун билдиришти.
 
 

 

Бишкек – «Саясат.kg». Кечээ түнү Иса Өмүркулов №1 - президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин үгүт материалдарына кол салып,  автобустарга чапталып турган жеринен аларды  айрытып жок кылды. Бул жөнүндө «Саясат.kg» агенттигине  «Ата-Журт»  саясый партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов билдирди.
 
Үгүт иштери башталаардан мурун эле, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү менен жоопкерчилиги чектелген “Инсайдер” ишканасы келишим түзүп, алар бир ай бою автобустардын сыртына үгүт материалдарын чаптоону 25-сентябрда, баарын мыйзам чегинде баштаган.
 
26-сентябрда автобустарга К.Ташиевдин үгүт материалдары чапталганын билген Бишкек шаарынын мэри дароо шашылыш чогулушка орун басарларын жана Бишкек автожүргүнчүлөр ишканасынын жетекчилигин чакыртып, №1 - талапкердин үгүт материалдарын алып салууну буйруган.
 
Ушул эле күнү кечинде Өмүркуловдун кишилери автоишканага келип болгон үгүт материалдарын бардык автобустардан тытып алып салышкан.
 
Бул кылмыш аракетти “Инсайдер” ишканасынын өкүлдөрү да такташты, алардын айтымында 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү эч кандай түшүндүрүүсүз, эч кимге эч нерсе дебей эле, Бишкек мэринин буйуртмасы менен болгон үгүт материалдардын баары жок кылынган.
 
Жалпыга белгилүү болгондой, жакында эле премьер-министр А.Атамбаев административдик ресурс колдонулбайт, шайлоого бардык талапкерлерге бирдей шарттар берилет, деп айткан эле. Бул жолу да өкмөт башчысы өз сөзүндө тура албады. Мэр Иса Өмүркулов КСД партиясынын мүчөсү болуп туруп, А.Атамбаевдин тарапкери болуп туруп, мыйзамды одоно бузду.
 
Кандай болгон күндө да, канча кыргыз жарандарынын эмгеги талаага кетип, канча каржат жумшалганын, мыйзамдын бузулгандыгын, талапкер укугунун тебеленүүсүн, бийлик мыйзамды биринчи бузуп жатканын эске албаган күндө да, мындай нерсе  И.Өмүркуловду да, А.Атамбаевди да элибизге жакшы көрсөтпөйт.
 
 
 

 

26-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттикке аттанган Турсунбай Бакир уулу жана Салмоорбек Дыйкановго карата Боршайкомдун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев маалымдады. 24-сентябрда БШК тиешелүү сандагы кол топтой алган жок деген жүйөө менен аларды жарыштан четтеткен болчу.
 
БШК эми райсоттун чечими боюнча жогорку сотко доо арыз менен кайрылмай болууда. Алардан тышкары, БШК менен учурда дагы алты адам соттошуп жатат. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. БШКдан расмий катталган талапкерлердин саны 20.
 
Булак: Азаттык.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдиргендей, шайлоочулардын тизмеси www.shailoo.gov.kg интернет дарегине жарыяланды. Ага ылайык, ар бир жаран өзүн ушул тизмеден алдын ала таап, аныктап алса болот. Анда шайлоочунун аты-жөнү толук жазылып, ал эми кайсыл жерде жашаганы, курагы туурасында маалымат киргизилген эмес. Тизме аймактык шайлоо комиссиялардан келген маалыматтарга карап жаңыланып турат.
 
Шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына белгиленген. Президенттик орунга 20 талапкер ат салышууда.
 
Булак: Азаттык.

Бийлик башындагылар президенттик шайлоонун алдында административдик ресурсту тымызын, куулук менен пайдаланып жатышат, деп билдирди көз карандысыз серепчи Руслан Ташанов. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагындагы кабарчысы билдирди.
 
«Президенттик шайлоого карата үгүт иштери башталган мезгилде бийлик тараптан президенттикке талапкер А.Мадумаровго карата да бийлик тараптан ачык эле буттосуулар болуп жатат. Анткени М.Садыркуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши эмне үчүн 7-апрелден баштап эле каралган жок? Кылмыш иши боюнча соттун чечими чыга электе, шайлоого аз убакыт калганда М.Тургунбаев сыяктуу жетекчилер кишинин өлүмүн саясий шоуга айлантып, бир эле убакытта бийлик өздөрүнө жакпаган талапкерлерди шайлоо өнөктүгүнөн алып салуу аракетин жасап жатышат», - дейт Р.Ташанов.
 
Анын айтымында, экс-президент К.Бакиев деле шайлоо алдында эмгек маяналарды, пенсияларды көтөрүп келген. Эски бийликтин кетирген катачылыктарын кайталап, азыркы бийлик да шайлоонун алдында 1-октябрдан пенсияны көтөрүшү ачыктан-ачык эле белгилүү болуп калды.
 
«Айлык акыларды, пенсия, пособиелерди мындан эртерээк эле көтөрсө болбойт беле. Эмне үчүн 1-октябрдан баштап көтөрүшөт деген бүдөмүк ой туулат», - дейт ал.
 
«Мындан сырткары БШК эң таасирдүү талапкерлердин бири Н.Түлеевди кол топтоодо жасалма колдор бар деген шылтоо менен каттоодон чыгарышты. Н.Түлеевди Нарын облусунда, Бишкек шаарында колдогондор көп. Ошондуктан, бийлик башындагылар Н.Түлеевди атайы президенттик шайлоого катыштырбоо максатын көздөп алып салды. Н.Түлеев 20 талапкердин ичинен колунда бар, саясий дарамети күчтүү фигуралардын бири жана бийликке сын-пикирин ачык, түз айтып жүргөн адам», - дейт.
 
Ал белгилегендей, чет өлкөдө эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарынын саны 20 миң деген маалымат бар.
 
«Бул чындыкка коошпогон маалымат. Чет өлкөдө жүз миңдеген кыргыз жарандары жашап жатышат. Чет өлкөлөрдө шайлоо участокторунун саны кескин түрдө азайды. Мындайча айтканда, чет өлкөдөгү кыргыз мигранттары конституциялык укугунан ажырады. Анткени азыркы президенттикке талапкерлердин арасында кыргыз мигранттарына колдоо көргөзүп жүргөн талапкерлер бар. Бийликтин башкы максаты – ошол талапкерлердин чет өлкөдөгү кыргыздардын добушун алуусун чектөө менен биргеликте бөгөт коюу», - дейт көз карандысыз серепчи.
 
Ал кошумчалагандай, мурунку президенттик шайлоолорго караганда азыркы шайлоолорду өткөрүүдө албетте, жылыш бар. Бирок, ошого карабастан, бийлик өз кызыкчылыгын көздөп, тымызын административдик ресурсту пайдалануу күч алууда.
 
Булак: Баракелде.

 

Бүгүн, 26-сентябрда, президенттик кызматка талапкерлерди белгиленген талап боюнча өзүн алып жүрүү жана иш алып барууга чакыруу максатында уюштурулган «Кыргыз республикасынын президентине талапкерлеринин абийир кодексине кол коюу» иш-чарасы болуп өттү.
 
Жыйында айтылгандай, бул иш-чара парламенттик саясий партиялардын демилгеси менен уюштурулуп, ЕККУ жана Улуттук демократиялык институту, ошондой эле Эл аралык республикалык институтунун биргелигинде ишке ашырылды.
 
«Абийир кодексинин» максаты - талапкерлерди мыйзам чегинде, атайын эрежелерге ылайык иш алып барууга, үгүт иштерин талапка ылайык жүргүзүүгө, шайлоо жарышында административдик ресурстарды колдонбоого жана башка тийиштүү нормаларды сактоого чакыруу болуп саналат.
 
Иш-чарага президенттин аппарат жетекчиси Эмиль Каптагаев, ЖК депутаттары жана эр аралык, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү жана бир катар талапкерлер катышты.
 
Жыйында атайын даярдалган бул документ бир катар талапкерлер тарабынан сынга алынып, орфографиялык катачылыктар жана бир катар туура эмес нормалар бар экенин белгилегендер да болду.
 
Талкуунун аягында «Абийир кодексине» Темирбек Асанбеков, Акылбек Жапаров, Сооронбай Дыйканов, Марат Султанов, Роман Оморов, Кубанычбек Исабеков, Алманбет Матубраимов жана Марат Иманкулов кол коюп, Курманбек Осмонов кол коюудан баш тартты.
 
Булак: Баракелде.

24-сентябрда Биринчи Май райондук соту президенттикке талапкерлер: Акбаралы Айтикеев, Аскарбек Абышев, Калыбек Арабаев, Уланбек Сооданбеков, Токтайым Үмөталиева жана Нариман Түлеевдин арызын канааттандырды. Бул талапкерлер БШК аларды маарадан мыйзамсыз четтетти деген доо арыз менен кайрылышкан.
 
 Боршайком бул талапкерлердин кол топтоо тууралуу документтеринде калпыстыктар бар деген жүйөө менен 20-сентябрда жарыштан алган. Сот БШКга талапкерлердин пайдасы үчүн топтолгон кол тизмелерди дагы бир жолу текшерип чыгууга буйруду.
 
 Өз кезегинде БШК өкүлдөрү бул чечимге каршы арыз менен кайрылганы турушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз кызматынан Бактыбек Рысалиев билдирди.
 
Булак: Азаттык.

 

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Бактыбек Жумагулов кабарлады. Анын айтымында, бул сан дагы өзгөрөт. Тизмеге киргизилгендердин 8 миңден ашууну Орусиянын Москва, Санкт-Петербург шаарларынан. Чет өлкөдө жалпысынан 24 шайлоо учасогу ачылары айтылган. Бүгүн чет жактагы шайлоочулар жана жаңы жөнөп жаткан кыргызстандыктар туурасында Тышкы иштер министрлиги жана “Замандаш” ассоциациясы маалымат берет.
 
 “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, шайлоо учурунда чет өлкөдө Кыргызстандын элчилиги жана консулдуктарында гана шайлоо участоктору ачылат. Ал эми Кыргызстандын элчилиги жок шаарда жашаган жарандар же мекенине келип, же жакын жайгашкан консулдукка барып добуш бере алат.
 
Булак: Азаттык.

 

 

 
 
БШК 24-сентябрга карата 20 талапкерди каттоого алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
1.Ташиев Камчыбек («Ата-Журт»);

Бишкек, “Саясат.kg. Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургундары менен жолугушту. Жалпы-жонунан 1 миңдей адам К.Ташиевди колдогон ураандар, желектер менен жолугушууга келишкен.
 
Жергиликтүү эл ичинен сөз алган айылдын кадыр-барктуу жашоочулары бүгүн эртең мененки Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн ачылышына Камчыбек мырзанын кошкон салымы зор болгонун баса белгилешти. “Буга чейинки президенттерге Ыдырыс пайгамбардын кыргыз тарыхындагы ордун айтып кайрылганыбызда, күмбөздү бүткөрүп берүүгө сөз беришкен болчу. Анын бири жасалбады. Ошол эле учурда К.Ташиев милдеткер болбосо да, бул ишти колго алып, бүткөрүп бергени эрдикке тете иш. Ошондуктан, Чаткал эли бир гана Камчыбекти колдойт. Башкасы бизди кооз сөздөр менен алдаганы келбей эле койсун. Элге күйө турган адамдар Камчыбектей болот”,- дешти алар.
 
Жолугушуу учурунда Камчыбек Ташиев кыргыз элине бактылуу турмуш алып келүү максатында президенттикке аттангандыгын билдирди: “Мен ким болмоюн, элге колдон келген жардамымды аябайм. Анткени, ата-энемдин мага берген тарбиясы ушундай. Өзүн жакшы жашап, ошол учурларда миңдеген адамдардын кыйынчылыкта жашап турганы жакшы көрүнүш эмес. Дал ошондуктан, мен ар бир кыргызстандыктын турмушун кескин түрдө жакшы жакка өзгөртүү максатында чоң күрөшкө чыктым. Мен Кыргызстанды өзгөртүүнүн жолун билем жана сөзсүз бул максатыма жетем”.
 
Бүгүн түштөн кийин Камчыбек Ташиев Ала-Бука районуна барып, 4 миң адам катышкан жолугушууда өз программасынын урунтуу жерлерин айтып берди: “Мен башкаларга окшоп 5 жыл убакыт сурабайм. Бир жыл ичинде бекем тартипти орнотуп, эл ырыскысына кол салган жеп-ичерлерден бийликти тазалайм. Президенттик мөөнөтүм бүткөндө, кийинки келе турган адамга таптакыр башка, экономикасы өнүккөн мамлекетти тапшырам. Бул куру сөз эмес. Менин программамда бул максатка жетүу жолдору так жазылган”.
 
Жергиликтүү калк К.Ташиевдин Ош окуясын токтотуудагы баатырдыгын дагы бир ирет эске салышып, талапкерди болочок президенттей кабыл алышып, чепкен жаап, кыргыздын ак калпагын кийгизишти. Аксакалдар ак батасын берип узатышты.
 
Ушул убакта К.Ташиевдин Аксы районунун борбору Караванда жолугушуусу башталды. Ага 4 – 4,5 миң адам катышууда.

Бишкек, “Саясат.kg. Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев шайлоочулар менен жолугушуусун Чаткал районуна баштап, бүгүн Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн ачылышына катышты.
 
Аталган күмбөздүн республикадагы эң ыйык жайлардын бири экендиги, ошого карабастан буга чейинки үч президент: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева аны жасап берүү жагына убада берип, сөздөрүнүн өтөөсүнө чыкпагандыгын баса белгилеп кетүү керек. Ошону сезген Камчыбек Ташиев күмбөздү жаңылоо ишин колго алып, өз каражаты менен Ыдырыс пайгамбардын ысмын түбөлүккө эл ичинде калтырууга салымын кошту. Күмбөздү салуу оңойго турбагандыгын айта кетүү абзел. Анткени, күмбөздүн өзүнө атайын техника чыга албагандыктан, ар бир курулуш материалын кол менен ташып чыгууга туура келген. Курулуш иши ошондуктан райондук деңгээлге чыгып, ага ар бир адам катышкан. К.Ташиевдин демилгесин эл жапырт колдоп, ашар ыкмасы менен Кыргызстан тургай, бүт Орто Азия аймагындагы тарыхый мааниси зор күмбөз пайда болду. Аталган күмбөз эми Кыргызстандын сыймыгына айланары кажетсиз.
 
Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн ачылышында куран окулуп, Жалал-Абад областынан чогулган аксакалдар президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевге бул зор ишти буткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришип, алакан жайып, бата беришти.

БШК азыркы кезде 14 талапкерди каттоого алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

 

 1. Ташиев Камчыбек («Ата-Журт»);
 2. Мадумаров Адахан («Бүтүн Кыргызстан»);
 3. Султанов Марат, 1960 -ж.т., КР Жогорку Кеңешинин депутаты;
 4. Медетбеков Шамшыбек, 1963-ж.т. («Эл бийлиги» партиясы),
 5. Асанбеков Темирбек, 1966 ж.т., («Мекен Ынтымагы»);
 6. Суваналиев Өмүрбек, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору;
 7. Байболов Кубатбек, 1952 ж.т., убактылуу иштебейт;
 8. Оморов Роман, 1950 -ж.т., техника илимдердин доктору, КР Улуттук Академиясынын Техпаркынын директору, КР Улуттук илимдер Академиясынын “Башкаруу системасынын синергетика жана сызыксыз динамика” лабораториясынын башчысы, Баласагын атындагы КМУнун “Инноватика жана инновациялык иштер” кафедрасынын профессору;
 9. Калматов Анарбек, 1963 ж.т («Ар-Намыс»);
 10. Иманкулов Марат, 1960-ж.т., КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору;
 11. Исабеков Кубанычбек, 1957-ж.т., юридикалык илимдеринин кандидаты, КР эмгек сиңирген экономисти, Кыргыз Республикасынын 4- чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрөгасынын орун басары, “Нарын” Кыргыз-Германиялык ЖЧК генералдык директору;
 12. Матубраимов Алмамбет, 1952–ж.т., техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, “Кыргыз Эл Биримдиги” КУ төрагасы;
 13. Осмонов Курманбек, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясий партиясынын мүчөсү;
 14. Масалиев Исхак (Кыргызстан коммунистеринин партиясы);
 Каттала элек талапкерлер:
 1.Дыйканов Салморбек, 1953 ж.т., (“Асаба”);
 2. Атамбаев Алмазбек, 1956-ж.т., (“Кыргызстан социал-демократтар партиясы”);
 3. Бакир уулу Турсунбай, 1958 ж.т., («Эркин Кыргызстан»);
 4. Абдылдаев Арстанбек («Эл үчүн» («За народ»)).
 5.Токтогазиев Жумабек, 1958 -ж.т., «Шатен» курулуш фирмасынын директору;
 6. Колубаев Торобай, 1969 ж.т., убактылуу иштебейт;
 7. Дыйканов Сооронбай, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору;
 8. Жапаров Акылбек, 1964-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясий партиясынан депутат, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги;
 9. Каримов Алмазбек, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору;
 Ал эми талапкер Өмүрбек Эгембердиевди БШК бүгүн каттоодон баш тартты.
Булак: Баракелде.

“Учурдагы президенттик шайлоодо мага окшогон карапайым элдин өкүлү болгон талапкер үчүн көптөгөн тоскоолдуктар жасалган. Бул туурасында Президенттикке талаптанган Кубанычбек Апас бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айткандарына караганда бир айдын ичинде 30 миң шайлоочунун колун топтоо, БШКга 100 миң сом акча берүү жалаң айлык маяна менен жашап күн көргөндөргө атайлап жасалган бут тосуу болуп саналат.

 

Мындан тышкары мамлекеттик тилден экзамен тапшыруу да Акаевдин тушунда кыргыз тилин билбеген Ф. Куловду өткөрбөө үчүн ойлоп табылып, бүгүнкү күнгө чейин курал катары пайдаланылып келатат. 

 

 “Эртеби, кечпи мен сөзсүз Кыргызстандын Президенти болом. Ошондо орточо маяна 800 долларды түзүп, азыркыдай чет мамлекеттерде кыйналып иштеп жүргөн мигранттар болбойт. Эч ким бактысын чет өлкөдөн издебеш керек, ал ар кимдин өз өлкөсүндө. Бул ирет да мени Т. Абдраимов башында турган БШКда иштегендер атайлап өткөрбөй коюшту. Себеби мени 95% эл колдоорун алар жакшы билишет. Бир күндө өзүм чуркап жүрүп араң эле 45 кол топтодум, ушундай кантип болсун?”,-деди Кубанычбек Апас. 
 Ал ошондой эле мамлекет башчылары ар кандай эл аралык жана жөнөкөй жыйындарда мамлекеттик тилде сүйлөш керектигин баса белгиледи. Ошондо гана бүгүн белгиленип жаткан кыргыз тили өнүгөт. Мындан тышкары өзүн чынчыл жана кыргыз элинин бактысы үчүн жаралган жалгыз адам катары санаган Кубанычбек Апас азыркы бийликте Акаев менен Бакиевдин тушундагы коррупционерлер отурганда мамлекет оңолбой тургандыгын кошумчалады жана өткөн жылдагы апрель, июнь окуяларынын күнөөкөрлөрү жазаланууга тийиш экендигин айтты. 
 “Мени Акаевдин доорунда төрт Башкы прокурор куугунтукка алып, үч полковник 6-кичи райондо жашаган үйүмдөн кууп чыгышкан. Азыр алардын бири да жок. Ал эми мени мына баардык эл билет жана сүйөт. Себеби мен алардын акыркы үмүтүмүн. Бүгүн Таластагы, Чүйдөгү, Көлдөгү миңдеген колдоочуларыма маалымат берүү үчүн атайын “Кабарга” келип басма сөз жыйын өткөрүп жатам”,- деп сөзүн жыйынтыктады.
 
Булак: Кабар.

Кыргызстандын президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо үчүн Тил боюнча комиссиясы 23-сентябрда сынак өткөзүп жатат. 

Бүгүн мамлекеттик тилди билүү боюнча түзүлгөн графикке ылайык, талапкер Сооронбай Дыйканов тил сынагынан өттү. 
Тил боюнча комиссиясы жазуу иштерин текшерип, талапкердин оозеки баяндамасын, көркөм адабияттан алынган тексттин үзүндүсүн окуусун угуп, чечим чыгарды. 
Натыйжада талапкер Сооронбай Дыйканов мамлекеттик тилди жетишээрлик деңгээлде билет деген баа алды. 
Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлер аталган Жобонун талабына ылайык, шайлоо алдындагы программасын 30 мүнөт убакыттын ичинде жазуу түрүндө чагылдырып бериш керек. 
Андан ары, алфавиттик тартипте талапкерлер шайлоо алдындагы программасын негизги жоболорун оозеки түрүндө 15 мүнөткө чейин баяндашат. 
Талапкердин билүүсүн аныкташ үчүн үчүнчү пунктунун талабына ылайык, 3 барактан турган басма текстти окуп бериш керек.
Булак: Баракелде.
 

Бишкек, «Саясат kg». “Учурдагы президенттик шайлоодо мага окшогон карапайым элдин өкүлү болгон талапкер үчүн көптөгөн тоскоолдуктар жасалган. Мисалы, акыркы 10 жылда Кыргызстанда үзгүлтүксүз жашоо, бир айдын ичинде 30 миң шайлоочунун колун топтоо, БШКга 100 миң сом акча берүү мендей жалаң айлык маяна менен жашап күн көргөндөргө атайлап жасалган бут тосуу болуп саналат. Мындан тышкары мамлекеттик тилден экзамен тапшыруу да Акаевдин тушунда кыргыз тилин билбеген Ф. Куловду өткөрбөө үчүн ойлоп табылып, бүгүнкү күнгө чейин курал катары пайдаланылып келатат. Анткен менен эртеби, кечпи мен сөзсүз Кыргызстандын президенти болом.
 
Ошондо орточо маяна 800 долларды түзүп, азыркыдай чет мамлекеттерде кыйналып иштеп жүргөн мигранттар болбойт. Эч ким бактысын чет өлкөдөн издебеш керек, ал ар кимдин өз өлкөсүндө. Бул ирет да мени Т. Абдраимов башында турган БШКда иштегендер атайлап өткөрбөй коюшту. Себеби мени 95% эл колдоорун алар жакшы билишет. Бир күндө өзүм чуркап жүрүп араң эле 45 кол топтодум, ушундай кантип болсун?”,- деди Кубанычбек Апас бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында.
 
Кубанычбек Апас ошондой эле мамлекет башчылары ар кандай эл аралык жана жөнөкөй жыйындарда мамлекеттик тилде сүйлөш керектигин баса белгиледи. Ошондо гана бүгүн белгиленип жаткан кыргыз тили өнүгөт. Мындан тышкары өзүн чынчыл жана кыргыз элинин бактысы үчүн жаралган жалгыз адам катары санаган Кубанычбек Апас азыркы бийликте Акаев менен Бакиевдин тушундагы коррупционерлер отурганда мамлекет оңолбой тургандыгын кошумчалады жана өткөн жылдагы апрель, июнь окуяларынын күнөөкөрлөрү жазаланууга тийиш экендигин айтты.
 
“Мени Акаевдин доорунда төрт Башкы прокурор куугунтукка алып, үч полковник 6-кичи райондо жашаган үйүмдөн кууп чыгышкан. Азыр алардын бири да жок. Ал эми мени мына баардык эл билет жана сүйөт. Себеби мен алардын акыркы үмүтүмүн. Бүгүн Таластагы, Чүйдөгү, Көлдөгү миңдеген колдоочуларыма маалымат берүү үчүн атайын “Кабарга” келип. Пресс-конференция өткөрүп жатам”,- деп сөзүн жыйынтыктады К. Апас.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жакындаганы саясий оюндардын картасы күндөн-күнгө татаалдашууда, деп жазат «Агым» гезити 23-сентябрда чыккан санында.
 
Бүгүнкү талапкерлердин айрымдары ажо жарышта жеңишке жетпей калса, биригип бийликти көңтөрүү планын түзгөнү боюнча сөздөр чыга баштады. Ошол планда июнь коогалаңында азыркы өкмөт мүчөлөрү өзбек лидерлери менен «соодалашканын» шөкөттөгөн жасалма дисктерди таратуу, бийликтеги таасирдүү чиновниктерди өз карамагына тартуу сыяктуу ыкмалар колдонулат имиш, деп жазылган гезитте.
 

Булак: "Агым".

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттикке болгон талапкерлигинен баш тартты. Кечээ, 22-сентябрдын кечинде ал партия активдерин чогултуп, мындай чечимин «бакиевдик күчтөргө каршы күрөшүү үчүн бир топ болуп биригүү ниети» менен түшүндүрдү.
 
Эскерте кетсек, Ө.Текебаев мамлекеттик тил сынагынан өтүп, жетиштүү сандагы кол топтоп, 100 миң сомду БШКга өткөрүп берген.
 
Булак: Баракелде.

Президенттикке талапкер болууга арыз бергендерди мамлекеттик тил сынагынан өткөрүү уланууда.
 
Бүгүн, 23-сентябрда БШК бекиткен график боюнча Кыргызстандын президенттик кызматы үчүн ат салышууга чыккан А. Атамбаев, А. Жапаров, С. Дыйканов, А. Каримов и Ж. Токтогазиевдер БШКнын мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын алдында сынактан өтүшмөкчү.
 
Белгилей кетүүчү нерсе, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин чечими менен кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген.
 
Булак: Кабар.

 

Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Анарбек Калматов республикадагы губернаторлор мыйзамсыз иштеп жатат деп айтты.
 
Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы пленардык жыйында депутат губернаторлор жер-жерлерде административдик ресурстарды колдонуп жатат деди.
 
«Губернаторлор мыйзамсыз түрдө иштөөдө. Кайсы мыйзамдын негизинде иштеп жатат деген суроо туулат, себеби алардын кызматтары Конституцияда каралган эмес. Ошондуктан губернаторлорду кетириш керек. Эгерде биз парламенттик мамлекет болсо, үлгү көрсөтүш керек. Алар азыр шайлоонун астында административдик ресурстарды пайдаланып жатат. Бишкектин мэри акимдерди чакырып алып, эгерде жетишерлик добуш чогулта алышпаса, кызматтарыңардан кетесиңер деп коркутуп жатат», - деди депутат.
Булак: Баракелде