Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2инфекциясы 549 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 125
- Ош шаарында - 37
- Чүй облусунда – 53
- Ош облусунда - 82
- Талас облусунда - 10
- Нарын облусунда - 4
- Ысык-Көл облусунда – 24
- Жалал-Абад облусунда – 117
- Баткен облусунда - 97
Муну менен Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 53459 адамга жетти .
Ал эми акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 305 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Жалпы айыгып чыккандардын саны 46 444 адамды түздү.