Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоо таза эмес өктөндүктөн, анын натыйжаларын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү, участкалык шайлоо комиссияларын жоопко тартуу керектигин билдирип 8 партиянын шаардагы өкүлдөрү КР Президенти А.Атамбаевге жана БШК төрагасы Т.Абдраимовго кайрылуу жолдошту.
 
Бул тууралуу «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү Максат Жеенбеков журналисттер менен болгон маалымат жыйынында кайрылууну окуп берип, тааныштырды. Анын айтымына караганда, Жалал-Абад шаардык кеңешке 25-ноябрда өткөн шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй одоно мызам бузуулар менен өткөн. Шаардагы бардык участкалык шайлоо комиссиялары башка аймактардан келишкен, шаарда жашабаган, шайлоого укугу жок жарандарга бюллетень беришип, өздөрү «карусель» ыкмасы менен добуш берүүгө шарт түзүп беришкен.

«Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бориса Турдубаеваны чакырганда мыйзам бузууларга өзү да таңкалып, прокуратура аркылуу облустук ИИБнын кызматкерлерин чакырып, тартипке сала албай койду. Башка жактардан келишкен көптөгөн адамдар шайлоо участкаларына ээн-эркин киришип, бюллетень таштап жатышты. Ал эми көптөгөн шаардын жашоочулары өздөрүн шайлоочулардын тизмелеринен таба албай, кабарлоолорду алышпай шайлоо укугун колдоно алышпады. Бюллетендер шайлоочуларга жетпей калган кабарлоо баракчалары шайлоо участкалырынан сырткаркы жерлерде таркатылып жатты»,-деди М.Жеенбеков.

Ошондой эле, кайрылууда шайлоого шаардык шайлоо комиссиясы айтып жаткан 63 пайыз эмес, ошонун жарымы да катышкан жок. Биз шайлоонун жыйынтыгына ишенбейбиз жана тааныбайбыз! Тез арада БШКдан, укук коргоо органдарынан комиссия түзүп, Жалал-Абад шаардык кеңешке болгон шайлоону бардык саясий партиялардын, коомчулуктун, ММКнын катышуусунда текшерип чыгууну талап кылуусу жазылган. 

Кайрылууга «Ата-Мекен», «Замандаш-Современник», «Бүтүн Кыргызстан», КСДП, «Эгемен Кыргызстан», «Ак-Шумкар», Кыргызстан коммунисттер, «Республика» саясий партияларынын өкүлдөрү кол коюшкан.
 
Кабар