Печать
Категория: Шайлоо 2012

 СДПК партиясы кечээки шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 10 мандатты мыйзамсыз жол менен алды. Мындай пикирин “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев билдирди.

 

Анын айтымында Кыргызстандын аймактарында шайлоо тынч өткөнү менен Бишкек шаарында одоно мыйзам бузуулар болгон.
 
“Жалпысынан шайлоо тынч өттү. Жергиликтүү кеңештерге жаңы адамдар келип, жаңы күч пайда болду. Бул жакшы нерсе. Бирок, Бишкек шаарында одоно мыйзам бузуулар катталды. Биз муну сөз менен эмес, фактылар менен далилдеп беребиз. Мисалы, Бишкекте ушул убакка чейин 9400 адам үйүндө жатып алып добуш берген эмес. Муну бийликчил СДПК партиясына иштеген адамдар (үй комитеттеринин жана кварталдык комитеттердин төрагалары) уюштуруп, үйлөрдү кыдырып добуш жыйнап, жок адамдарды дагы тизмеге кошуп, өздөрүнүн көнүмүш болуп калган ыплас оюндарын жасашты. 9400 добуш – бул бери дегенде 6 мандат болот. Мындан сырткары Бишкектин 4 районунда урналарды уурдап, адамдарды машиналар менен ташып келип добуш бердирген учурлар болду. Ушундай жол менен СДПК ар бир райондон жок дегенде бирден мандат алышты. Ошентип жалпысынан 10 мандат мыйзамсыз жол менен СДПКнын энчисине тийип калды”, - дейт К.Дыйканбаев.
 
Kyrgyztoday.kg