Печать
Категория: Шайлоо 2012

 Кыргызстандын түштүгүндөгү алты шаарда бюллетендер 100 пайыз каралды. Бул тууралуу Мамлекеттик автоматташтырылган “Шайлоо” системасынын сайтында маалымдалды.

 

Мекеменин маалыматына ылайык, Айдаркен боюнча келгендердин саны 1 453тү түзгөн, же 31,40 пайыз: КСДП 782 добуш (53,82 пайыз) алып алдыга чыкты. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 250 добуш алган – 17,21 пайыз, “Ата-Журт” 159 добуш алган – 10,94 пайыз, “Республика” – 148 добуш, же 10,19 пайыз, “Замандаш-Современник” – 71 добуш же 4,89 пайыз. Бардыгына каршы деп 26 шайлоочу добуш берген же 1,79 пайыз.
 
Өзгөн шаарында шайлоого катышкандар 84,06 пайызды түзгөн. КСПД партиясы 10 542 добуш алган, же 46,38 пайыз, “Өнүгүү” партиясы – 2 865 добуш, же 11,05 пайыз, “Респбулика” – 2 004 добуш, же 8,82 пайыз. Бешинчи орундагы “Ата Мекен” партиясы 1 643 добуш алган, же 7,23 пайыз.
 
Жалал-Абат шаарында шайлоого катышкандар алдын ала маалымат боюнча 64,2 пайызды түздү. Маалыматтар бардык 25 шайлоо бөлүмүнөн келип түшкөн. Алдыга 7 353 добуш (35,19 пайыз) алуу менен “Өнүгүү” партиясы чыккан. Андан кийин 4 183 добуш алып (20,02 пайыз) КСДП чыккан. “Ата-Журт” партиясы 3 763 добуш (18,01 пайыз) алган, “Республика” – 1 532 добуш (7,33 пайыз), “Замандаш-Современник” – 1 245 добуш (5,96 пайыз) алган.
 
Кара-Сууда алдан ала маалыматтарга ылайык шайлоого калктын 47,81 пайызы катышкан. КСДП – 2 399 добуш (56,45 пайыз) алган. “Өнүгүү” партиясы 675 добуш, же 15, 88 пайыз, “Республика” – 506 добуш же, 11,91 пайыз, “Замандаш-Современник” – 185 добуш же 4,35 пайыз, “Ата Мекен” 155 добуш же 3,65 пайыз алган.
Майлуу-Сууда шайлоого катышкандар 36,05 пайызды түзгөн. “Ата-Журт” партиясы алдыга чыгып, 1 756 добуш (43,54 пайыз) алган. КСДП – 664 добуш (16,46 пайыз), “Ата Мекен” – 604 добуш (14,98 пайыз), “Республика” – 508 добуш (12,6 пайыз), “Замандаш-Современник” 372 добуш (9,22 пайыз) алган.
 
Таш-Көмүрдө шайлоочулардын 48,3 пайызы катышкан. КСДП – 1 304 добуш (17,25 пайыз), “Ата Мекен” 1 043 добуш (13,8 пайыз), “Ата-Журт” – 1 032 добуш (13,65 пайыз), “Өнүгүү” – 1 020 добуш (13,49 пайыз) жана “Замандаш-Современник” – 744 добуш (10,24 пайыз) алган.
 
Kyrgyztoday