Печать
Категория: Шайлоо 2012

 Бишкектеги 70-мектептин №1216 участогунда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү КСДП партиясына 25 бюллетень ыргытып коюшкандыгы аныкталды. Бул тууралуу “Жолтоосуз жашоо үчүн” партиясынан байкоочу Айдар Сыдыков билдирди.

 

Анын айтуусу боюнча  шайлоо бюллетендерин ыргыткандыгы боюнча акт түзүлгөн.  “№1216 шайлоо участогунун комиссиясынын мүчөлөрү шаардык кеңештин жыйынтыгын чыгарышты. Биринчи орунда КСДП партиясы, андан кийин "Республика" жана "Ар-Намыс" партиясы экендигин айтышты. Бирок, бюллетендерди  шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү гана көрүштү, ал эми байкоочуларды киргизишкен жок. Андан кийин биз добуш берүүнүн жыйынтыгы кантип эсептелгендигин  айтып берүүсүн өтүнүп, байкоочулардын көзүнчө кайра санап чыгууну сурандык. Эсептөө учурунда КСДП партиясына добуш берилген пачка бюллетендердин арасында башка партияга добуш берилген 25 бюллетендер бар экен” -дейт Сыдыков.

 

Kyrgyztoday