Печать
Категория: Шайлоо 2012

"Жарандык коом коррупцияга каршы" коалиция башчысы Динара Ошурахунова билдиргендей, байкоочуларга Бишкектин билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Г.Тагаева мугалимдер менен жыйын өткөргөнү маалым болду. «Учурда 30-40 адамдан турган мобилдүү топ чогулууда, алар тилкелерди кыдырып чыгат», – деди Динара Ошурахунова.

 

Мындай мобилдүү топтор №№ 18, 24, 28, 39, 43, 45, 48, 49, 58, 66, 68, 75, 82, 86, 88, 89, 91, №9, №9 мектептеринин мугалимдеринен куралган.
 
Эскертсек, буга чейин Динара Ошурахунова №67 мектебинин мугалимдери №10 бейтапканага чогулуп, аларды үйүнө жеткирүү аракети токтотулганын маалымдаган. «Өкүлдөрүбүз бейтапканага барып чогулуп аткан мугалимдерди көрдү. Ал жерге эмнеге чогулуп атканын мугалимдер өздөрү да билбейт экен. Тилкелер жабыларына бир саат калганда буларды үйлөрүнө жеткирмек окшойт», – дейт.
 
24.kg