Печать
Категория: Шайлоо 2012
Саат 17ге карай БШКнын коомдук кабылдамасына түз байланыш телефону аркылуу түшкөн оозеки түрдө жана айрым жарандардын жазуу түрүндө кайрылган арыз-дооматтардын саны 528ге жетти.
 
Алардын айрымдары боюнча аймактык комиссия мүчөлөрүнө көрсөтмө берилип, оңдолду. Коомдук кабылдаманын эксперти Аманкул Молдалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча негизинен шайлоочулардын тизмеси боюнча дооматтар көп, бул дооматтардын баары атайын журналга катталды, кийинчерээк териштирилет. Ал эми байкоочулардан, саясий партиялардан арыздар түшкөн жок. 

БШК бүгүнкү шайлоонун жүрүшүндө ар кандай суроо-арыздар менен кайрылуу үчүн  0-312 62-09-09 номурдагы түз байланыш телефонун уюштурган. Коомдук кабылдамага түшкөн арыз-дооматтарды БШКнын өкүлдөрү менен бирге эл аралык, жарандык уюмдардын өкүлдөрү да кошо кабыл алып, каттоодон өткөрүшүүдө.
 
"Азаттык"