Печать
Категория: Шайлоо 2012
Мен шайлоого барып добуш берген жокмун. Себеби, бул шайлоо таза жана адилеттүү өтөөрүнө ишенбейм. Мындай пикирин бүгүн 25-ноябрда “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Ширин Айматова билдирди.
 
“Учурда мыйзам бузуулар болуп жаткандыгын “Таза Шайлоонун” өкүлдөрү билдирип жатышат.  Буга чейин Жогорку Кеңеште кээ бир депутаттар эгер алар  жакшы иштей турган болсо, КСДП канча орун бере тургандыгы боюнча сүйлөшүп жаткандыгын уккам. Биз буга чейин таза эмес шайлоо өткөрүүгө даярданганбыз, азыр ал өтүп жатат. Мен бул шайлоого убактымды бекер короткум келген жок" - дейт депутат айым. 
 
"Кыргызстан бүгүн"