ЖК депутаты Курманбек Дыйканбаевдин маалыматы боюнча, шайлоодо административдик ресурс үч партиянын - КСДП, «Замандаш-Современник» жана «Ата Мекендин» пайдасы үчүн колдонулууда.
 
«Республика» партиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, К.Дыйканбаев Свердлов райондук борборунун аймагында административдик ресурстар колдонулуп жаткан фактыларды байкоочулар белгилеп жатышкандыгын айтты.
 
«Участкалардын биринде шайлоочуларды массалык түрдө ташып келип жаткандыгы тууралуу факты катталды», - дейт депутат.
 
Ал белгилегендей, бул процесс видеокамерага тартылып алынган, ошондой эле шайлоочуларды ташып жүрөт деп шектелген кичи автобустардын мамлекеттик номурлары катталып алынды.
 
Мындан тышкары депутат шайлоо участкаларынын биринде чүчүкулак өткөрүлгөн эместигин кошумчалады.
 
Булак: Баракелде, «Вечерний Бишкек»