Нарын шаарынын № 4080 шайлоо участкасында “Мекен ынтымагы” партиясынын өкүлү «№1 бизге сал” деп элди үгүттөп, арак берип жаткан жеринен кармалды.
 
Аталган адам N6006В деген номерлүү унаасынан арак таратып жаткан. Бул боюнча «Улуу Кыргызстан», «Республика», «Замандаш» партиялары жана Коалициянын байкоочулары акт түздү.