Печать
Категория: Шайлоо 2012
Байкоочу Райкан Каримова Жалал-Абаддагы үч кошунасы чакыруу барагы барбагандыктан, ал эми Сузак районундагы Таш-Булак айылына караштуу аймакта жашаган 20-30 чакты адам тизмеде жоктугунан добуш бере албаганын билдирди.
 
Тизмеде жоктугунан он адамдын добуш бере албаганын "Ак шумкар" партиясынын №2098- шайлоо бекетиндеги байкоочусу тастыктады.
 
"Замандаш" партиясынын байкоочусу 2-3-жолу кайталап добуш бергендер болгондугун айтууда.
 
"Ата-Журт" партиясынын байкоочусу Нышанбай Абдрашитов шайлоочулардын сол эмес, оң бармагына белги коюлуп жаткандыгын, "Ата Мекен" партиясынын атын атабаган байкоочусу белгилерди аныктоочу жабдуулар жок экендигин билдирди.
 
"Азаттык"