Жогорку Кеңеш депутаты Максат Сабиров шайлоого карата маркирлөө сапатына сын айтты.
 
Айтымында, бүгүн ал «Көк-Жар» конушундагы № 1147 шайлоо тилкесинде болду. «Бармагымды маркирлеп, анын сапатын текшерейин деп кар менен сүртсөм, ал кетип калды. Ошондой эле 10 шайлоочу, АШК мүчөсү да арчыса кетип калыптыр. Маркирлөө мурда коюлганын аныктоочу аппараттар да жок. Мен АШКга арыз жаздым, анын мүчөлөрү маркирлөө сапатсыз экенин моюнга алышты. Бирок алар БШКга шылтап, маркирлөө үчүн каражаттарды алар алганын айтышууда. Ушундай улам бирөөлөр сапатсыз маркирлөө каражаттарын алып ортодо акча таап атабы деген ой кетет экен. Бул жагдай шайлоо процессиндеги мыйзам бузууларга алып келет» – дейт Максат Сабиров.
 
Эске салсак, жергиликтүү кеңешке шайлоолор бүгүн Кыргызстандын 416 айыл өкмөтүндө, 25 шаарында өтүүдө. Өлкө боюнча 2 миң 28 шайлоо тилкеси ачылды. Шайлоочулар тизмесине 2 миллион 883 миң 701 адам бар. 
 
24.kg