Печать
Категория: Шайлоо 2012
Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү «Бөгөтсүз жашоо» партиясынын байкоочуларын мыйзам бузуулар катталгандыгын айтканы үчүн сүрүп чыгарып атышат. Бул тууралуу аталган партия өкүлү Атыр Абдырахматова билдирди.
 
Айтымында, партиянын өкүлдөрү 150 шайлоо тилкелерине байкоо салып жатышат. «Бир катар мыйзам бузуулар катталды. №1330 тилкесинде 5 милиция коюлган. Алар нааразылык билдиргендерди дароо сүрүп чыгарып атат. №1341, 1047, 1137 тилкелеринде шайлоочулар тизмеси жок эле добуш берип атышат. №1026, 1340 тилкелеринде чет элдик паспорту менен добуш берүүгө киргизишпей коюшту. БШК болсо буга чет элдик паспорт менен добуш берсе болот деп айтууда.
 
№50 тилкесинде мектеп директору КСДПнын ишенимдүү өкүлү болуп туруп, шайлоо процессин башкарып жатат. Мындай мыйзам бузуулар толтура. Алардын бардыгы боюнча акт түзүп, БШКга беребиз. Бизге медиа колдоо керек. Байкоочуларды тилкелерден айдап салышса, шайлоонун ачык-айкындуулугуна көзөмөл сала албай калабыз» – деди Атыр Абдырахматова.
 
Эске салсак, бүгүн 416 айыл өкмөтү, 25 шаарда жергиликтүү кеңешке шайлоолор өтүп атат.
 
24.kg