Бул боюнча «Интернет-саясат – жарандык демилге» коомдук фонду билдирет.
 
Фонд маалымдагандай, бузуулар №№1031, 1053, 1330, 1301 тилкелеринде катталды.
 
«Таза шайлоо» байкоочуларынын айтымында, №1053 менен №1031 тилкелеринде шайлоочулардын маркировкасы текшерилбей, №1031 тилкесинде он адамдын кол белгиси текшерилбей өтүп кетти. Байкоочулардын эскертүүсүнөн кийин тилке шайком мүчөлөрү маркировканы текшере баштады.
 
№1301 тилкесинде шайлоо башталардан бир саат мурун келген байкоочуну киргизбей коюшкан. Ал имаратка саат 8.00дө гана, шайлоо тилкеси өз ишин баштаганда киргизилди.
 
Мындан тышкары, «Ата-Журт» партиясынын байкоочусу кечээ, 24-ноябрда №1120 тилкесинде фиктивдүү жарандар катталганын байкаган. 67 адамдын 21и гана арыз жазыптыр.
 
Боршайкомдо атайын топ түзүлүп, мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматты текшерүүдө. Учурда ал топ жер-жерлерге чыкты.
 
24.kg