Печать
Категория: Шайлоо 2012
“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай пикирин “Азаттык” менен бөлүштү. Текебаев бүгүнкү шайлоодо акча басымы чоң фактор болуп атат деп белгилеп, айрым саясий партиялар тарабынан шайлоочуларды, аймактык шайлоо комиссияларына акча сунуштоо аракети жүрүп жатканын айтты.


Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкектеги 27-мектепте жайгашкан шайлоо участогунан добуш берди. Ал бүгүнкү шайлоо өзү үчүн маанилүү, себеби бул системанын жоопкерчилиги “Ата Мекен” партиясында экенин билдирди. Партиянын лидери бүгүнкү шайлоо жаңы шайлоо маданиятын жана жаңы шайлоочуларды калыптайт деп ишенет.

 

"Азаттык"