“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы тараткан маалымат боюнча, бүгүн Кербен шаарындагы 2308-шайлоо участогунда шайлоо башталгандан кийин добуш берүү кагаздары сакталган сейфти жарым саатка башка бөлмөгө алып кетишкен.
 
Качан байкоочулар чыр салганда гана кайра апкелишти, бирок жарым саат убакытта сейфти эмне кылышканы белгисиз деп билдирет коалиция. Аймактык шайлоо комиссиясы буга байланыштуу эч кандай чара көргөн жок, коалициянын байкоочулары аталган иш боюнча акт түзүүгө аракет кылып жатат деп айтылат “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын маалыматында. 

Бүгүнкү жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүнө бейөкмөт жана эл аралык уюмдардан, саясий партиялардан байкоочулар көз салышууда.
 
"Азаттык"