Бул  мектеп мугалимдерине берилген буйрук. Кокус эле “КСДП” шайлоодо жетиштүү добуш алалбай калса, чиновниктер эмес жөнөкөй мектеп мугалимдери да көргүлүктү көрүшөт экен.
 
Азыр айтылган добушту топтоо үчүн мугалимдер буту-бутуна тийбей чуркап жүрүшөт. Сарпашев деген вице-премьер “административдик ресурсту колдонгондор аёсуз жоопкерчиликке тартылат” деп булбулдай эле сайрап жатты эле, мугалим байкуштарды чуркатып жаткандарды укпай же көрбөй калган окшойт. Сабагын таштап, добуш үчүн мугалимдер чуркап жүрсө, “КСДПнын” үгүт материалдарын тараткан уландар шаар ичиндеги автобустардын кожоюну сыяктуу жол кирени төлөбөй “Биз “КСДПнын” материалдарын таратып жүрөбүз!” деп айдоочуларга одураңдап жатканына жол болсун. “КСДП” деп эле баарын көкүтө бергендердин кылыгы Кудайга да жакпай турган иш. Булар “Ак жол” деген партиядан эки эсе ашып түшүштү.
 
"Жаңы Ордо"