«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын, КР акыйкатчысынын жана КР өкмөтүнүн Нарын облустук өкүлчүлүктөрү биргелешип, «Менин таңдоом - менин келечегим» аттуу жолугушуу жыйын өткөрдү. Жыйынды алып барган акыйкатчынын өкүлү Бакыт Ырысбеков ушул алдыдагы шайлоо тынч, таза, ачык-айкын өтсө, анда Кыргызстанда мындан ары карай алдыга жылуу болооруна терең ишенээрин белгиледи.