Бишкек, "САЯСАТ.KG". Өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда бүгүн унааларды ташып келе жаткан оор жүк ташуучу авто унаасынан (Фура) чыккан өрттөн Тойота Corolla үлгүсүндөгү 5 жеңил авто унаа жана “Фура” күйүп, DI AiDi үлгүсүндөгү 2 унаа сакталып калды.  Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 9 өрт өчүрүүчү тартылып, өрттү өчүрүү жана кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барышкан. Куткаруучулар менен жол көзөмөлүнүн кызматкерлери да бирге болду.

Өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.