Печать
Категория: Соцопрос/добуш берүү

Айтты да эй!


 

– Сооронбай Жээнбеков таза иштеген азчылык менен гана калды. Мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары коррупцияга белчесинен батты. Жогорку сотто отургандардын көбү шылуундукка, уурулукка малынып калган. Булардын баары миң баштуу ажыдаар болуп кетти. Жээнбеков өзү жалгыз ал коррупционерлерди тукум курут кыла албайт. Коррупцияга каршы улуттук кыймыл бардык аймактарда уланышы керек,- деди Ак үйдүн алдында “коррупцияга каршы” урааны менен өткөн нааразычылык акциясына катышкан коомдук ишмер Тургуналиев.

 

“Президент сураса ырсайып күлүп “үч тамганын” башчысы эң алдыда отурду го ошол жыйында.  Жанагы мен абдан “жакшы” көргөн коопсуздук комитет деген бар го, мурдагы КГБ. Мына ошолордун баары, анын айлана тегерегиндегилер коррупцияга белчесинен эмес, төбө чачына чейин батып калгандар. Албетте алар тоскоол болуп жатат да тымызындан. Алар эч качан айтпайт да мен каршымын деп. Алар Сооронбай Жээнбековго айтып жатат "мен да күрөшөм" деп. Коррупционер коррупцияга каршы  күрөшчү беле?– деди Топчубек Тургуналиев.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити

Тема: