Печать
Категория: Соцопрос/добуш берүү

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо старт алып, 14 партия шайлоочулар менен жолугушууларда түрдүү убадаларды берүү менен алек. 

Эл алдында жалындуу сүйлөгөн саясатчылар өз программаларын элге тааныштырып, шайлоочуларды өздөрүнө тартуу аракетин көрүүдө.  Көпчүлүк партиялардын программалары бири-бирине окшош болгону аз келгенсип, буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин жеке демилгеси менен кабыл алынган өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиялык программада камтылган иштерди да кошуп алган. Ал аз келгенсип аткарылып бүткөн долбоорлорду менчиктеп алгандар да чыгууда. Мындай илдеттен Бакиевдердин долбоору саналган “Өнүгүү-Прогресс” партиясы да куру эмес. Анда эмесе кеп башынан болсун.