Печать
Категория: Видеотасма

Акыркы кезде диний экстремизм жана террорчулук бир гана Кыргызстанда же Борбор Азия мамлекеттеринде эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө курч маселеге айланууда. Айрыкча ислам дининдеги агымдар жана мазхабдардын бири-бирине каршы аракеттери күч алууда. 

 

Ушул жана башка динге байланышкан жагдайды талкуулоо үчүн өткөн жумада Улуу Британиянын КРдагы элчилиги, КР ИИМинин 10-башкармалыгы, “Рух Медиа” борбору жана “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” эл аралык уюму өлкөбүздүн түштүк облусттарынын журналисттери үчүн “Экстремизм жана терроризм – жалпы коомчулуктун көйгөйү” аттуу темада эки күндүк семинар-тренинг өткөрдү.

 

Динди жамынган экстремисттик жана террордук уюмдар

 

Ислам динин жамынган экстремисттик уюмдар өздөрүнүн идеологиясын негизинен интернеттеги ар кандай социалдык түйүндөр аркылуу жайылтып жаткандыгы белгилүү. Демек, алар бир гана мыкты куралданбастан, маалымат каражаттарын да жакшы колдонушууда. Бул багытта ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкери Эмиль Жээнбеков журналисттерге кеңири маалымат берди. Анын айтуусунда, адамзатка каршы күрөш жүргүзгөн террордук уюмдардын 80%ынын өздөрүнүн маалымат каражаттары бар. Бүгүнкү күндө дин темасында жазган ар бир журналист террорчулук, экстремизм, диндердеги, айрыкча исламдагы агымдар менен мазхабдар тууралуу кеңири түшүнүк алып, терең талдай билиши зарыл.

 

Экстремизм– латын сөзүнөн алганда чектен чыккан деген түшүнүк. Мааниси: чектен чыккан көз-карашка жана радикалдуу аракеттерге ыктоо. Азыр Кыргызстанда 14, ШКУда 40ка жакын экстремисттик уюмдар бар. Экстремисттин жөнөкөй кылмышкерден айырмасы – динге жамынын алып, саясый максатты көздөгөндүгү. Жогоруда белгиленгендей, кээде журналисттер экстремисттик уюмдардын желегин же башка атрибутикаларын гезиттик макалага, телевидение менен видеосюжеттерге колдонуп, аларды жарнамалап коюуда. Экстремизмдин кеңири жайылган түрлөрү: диний, саясый, этникалык саясый-диний болуп саналат.

 

Сирия, Ирак жана башка аймактарда согушуп келгендер менен жергиликтүү кылмыштуу топтор кошулуп кетишүүдө. Анткени алар көзү ачыктардын, ишкерлер менен башка бизнес жасагандардын мүлкүн тартып алуу максатында “ыйык согушка жардам” деген жүйөө менен фетва чыгарышып, талоончулук, рекетчилик жана башка кылмыштарга жол ачып беришүүдө.

 

Экстремисттер ислам дининдеги ыйык болуп саналган “Жихад” түшүнүгүн да бурмалашып же  таптакыр тескери максатка пайдаланышууда. Анда адам баласы өзүн-өзү тарбиялоосу, ачкөздүккө умтулбоо, барга да, жокко да каниет кылуу, сабырдуулук сыяктуу кыргыз элинин эле каада-салтында кездешкен ыйык касиеттер тууралуу айтылган. Ошондой эле Курандын “Бакара” сүрөсүндө “...динге мажбурлап киргизүүгө болбойт”,- деп айтылган. Демек, айрым диндарлардын беш убак намаз окубаган адамдарды “каапыр” деп аташы же мусулман катары эсептебеши экстремисттик аракет болуп саналат. Диний экстремизмде кездешкен айрым белгилер: диний көз караштарда жана аракеттерде чектен чыккан жагдайлар же үгүттөөлөр. Булар диний кастыкты, жек көрүүчүлүктү козутууга байланышкан аракеттерди көрүшөт.

 

Акыркы учурда айрым динчилдер арасында салафизм идеясы күч алууда. Салафизм – байыркылар ишенген динди  сактоо. Алар башка диний идеяларды же диний көз караштарды жокко чыгарат же тааныбайт.

 

Радикализм– латын тилинен которгондо аша чапкандык. Фундаментализм – артка кайтуу. Фанатизм – өзүнүн идеясына, пикирине берилип, башка пикирди кабыл албоо, жокко чыгаруу. Террорчулук – коркутуу. Мисалы, ошол эле Ислам мамлекети деп аталган топтун мүчөлөрү “Жакында биз Борбор Азияга барабыз...” деген видеотасмаларды интернет аркылуу жайылтышууда. Бул коркутуу да, террорчулук да болуп саналат. Кыргызстанда 13 экстремисттик жана террорчулук уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Алардын арасында белгилүүлөрү: “Хизб-ут-Тахрир”, “Түркстан боштондук уюму”, Ислам мамлекети” жана башкалар.

 

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат

 

КРнын Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын түштүктөгү өкүлү Курбаналы Узаков семинарга Ош, Баткен, Жалал-Абад облусттарынан келген 40ка жакын журналисттерге “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат” деген темада баяндама жасады. Анын билдирүүсүндө, мамлекет тарабынан улам курчуп бараткан динди жамынган экстремисттик жана террордук уюмдарга карата чара көрүлбөсө, анда коопсуздукка коркунуч туулушу мүмкүн. Айрыкча 2014-жылы КРнын президенти А.Атамбаевдин катышуусунда дин жаатындагы мамлекеттик Концепсияны иштеп чыгуу  чечими кабыл алынып, документке мамлекет башчыбыз кол койгондон соң диний кырдаал каттуу көзөмөлгө алына баштады.

 

Концепцияда үч негизги багыт аныкталган:

1.      Диний уюмдардын ишин жөнгө салуу;

2.      Диний кырдаалды мамлекеттин көзөмөлүнө алуу;

3.      Диний билим берүү, калктын диний сабаттуулугун көтөрүү.

 

Бирок кээде майда сезилген  диний маселе улуттар, этникалар, конфессиялар аралык чоң жаңжалга айланып кетиши мүмкүн. Ошол эле 2010-жылдын июнундагы Оштогу коогалаңга ушундай мүнүздөмө берсе болот. Быйыл 9-мартта Араван районундагы Төбө-Коргон айыл өкмөтүндөгү Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнаткан окуучулар менен башка топтун ортосундагы мушташууга айрым кесиптештерибиз диний боёк берүүгө аракет кылышты. Албетте, журналисттер сенсацияны издейбиз. Бирок дин темасына да ушундай мамиле жасоо же катардагы чатакка диний түс берүү от менен ойногонго барабар.

 

Сабатсыздык кырдаалды курчутууда

 

Бүгүнкү күндө республикабыздагы эки миңден ашык мечиттердин 80%дан ашыгынын имамдарынын атайын билими жок. Болгону алар Курандын айрым аяттарын жаттап алышкан. Андыктан жер жерлерде курстар уюштурулууда. Мындай окутуу борбору түштүк аймагы үчүн Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” мечитинде ачылып, алгачкы ирет 20 имам окутулду. Азыр республикабызда 40 медресе болсо, үчөөнүн эле лицензиясы бар. Айрымдарында студенттерди эскиче жерге отургузуп, чөкөлөтүп окутушат. Бирок бул медреселерде бир гана багытта – диний билим бергендиктен, көпчүлүгү окууну аяктаган менен мечиттен башка жерге жумушка орношо алышпайт. Ошондуктан акыркы мезгилде айрым медреселер кесиптик, светтик да билим берүүгө өтүшүүдө.

 

Диний билим берүү керекпи?

 

Имамдардын сабатсыздыгын жоюу жана жалпы эле жаштарга диний билим берүү максатында азыр билим берүү мекемелеринде дин сабагын киргизүү боюнча талкуу жүрүп, тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жиберилген. Бирок динди билим берүү мекемелеринде окутуу боюнча да ар кандай пикирлер айтылууда. Эгер мындай зарылчылык керек экендиги көпчүлүк тарабынан жактырылса, анда дүйнөдөгү негизги диндердин тарыхы гана окутулуш керектиги тууралуу ой айтылды аталган иш чарада. Ансыз 73 агымга бөлүнгөн бир эле ислам динин жактоочулары ар кимиси өзүнүн багытын таңуулап, ич ара карама-каршылык күчөшү мүмкүн. Айылдарда ар бир имамдар менен молдолордун өздөрүнүн “мектептери” бар. Алар үйлөрүндө жана башка расмий каттоодон өтпөгөн, шарты жок жайларда жаштарга дин тууралуу билим беришүүдө.

 

Сирияга кеткендердин ал жакка кеткендигинен да кайра кайтып келгендиги опурталдуу. Анткени алардын көпчүлүгү өз идеясынан кайтпай жатышат. Бирок ал жактан келгендердин баарын эле камабай, алгач түшүндүрүү иштерин да жүргүзүү зарыл.

 

ИИМдин 10-башкармалыгынын начальниги, полковник Рафик Мамбеталиевдин пикиринде, биздин өлкөдө жарандарды экстремизм, террорчулукка азгыргандарга жана андай жолго түшүп, Сирия, Ирак, Афганистан сыяктуу согуш оту тутанган аймактарга барып-келгендерге мыйзам тарабынан өтө эле жеңил чаралар көрүлөт. Мисалы, кошуна өлкөлөрдө диний экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү 10-15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

 

Укук коргоо органдарыбыздын жада калса, социалдык сайттарды көзөмөлдөөгө  укугу да, мүмкүнчүлүгү да жок. Бул багыттагы сайттарды соттун чечимисиз эле жаап коюу боюнча сунуш азыр парламенттин кароосуна жиберилди. Ал эми Казакстанда ишеним телефону ачылган. Бул кызматка баласынын же башка жакынын шектүү жүрүш-турушун байкаган ата-эне коопсуздук кызматына маалымат берет. Алар ошол өспүрүмгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бизде болсо дайыма терс жагдайдын кесепети менен гана күрөш жүрүп келет.

 

Эмилбек Момунов,

“Кабар” МАБ

 

Булак: “Майдан.kg”, №12 (189)