Печать
Категория: Видеотасма

А.Кошоев: Камчыбек Ташиев аткара аларына ишенген соң калктын колдоосуна арзыган чоң билдирүү менен чыкты.

- Ахунбай аке, азыркы бийликтин жемкорлукка каршы күрөшүн кандай баалап жатасыз? Жакында, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирди. Биз мындан эмнелерди күтсөк болот?

- Сырттан баам салып турабыз, чындыкты айтып коюшубуз керек, азыр кыргыз коомунда коррупция менен күрөш күч алып, баягы баш аламан заманда ичип жегендердин заманы куурулуп, чекесинен абакка кирип жатат. Бул абдан жакшы көрүнүш. Чыныгы күрөш башталганы кадимкидей сезилип калды. Мамлекетке келтирген зыяндарын чекесинен төлөп жатышат. Өзү жемкорлор менен күрөш жүргүзүү оңой олтоң иш эмес, ага чоң эрк, кайраттуу жүрөк керек. Коррупционерлер буга чейин каалагандай кутуруп, жеп-ичип көнүп калышкан болчу. Анткени, мурдагы бийлик жетекчилери өздөрү аралашып кемирип, мамлекеттик мүлккө ээн эркин кол салышып, бюджеттен уурдап көнүп калышканын барыбыз эле билип жүргөнбүз. Ошондуктан, алардын “тарбиясын” көрүп калгандарды күндө камаса да, аягы үзүлбөй жатат…

- Буга чейин кармалгандар жегенин кайтарып чыгып келишсе, мындан ары мамлекетке келтирген зыянды он эселеп төлөп, мүлкү конфискацияланып, ага катар жазасын өтөйт деген сөздөр УКМК жетекчиси тарабынан айтылды. Муну ишке ашырууга болобу?

- УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин азыркы жемкорлук менен күрөшүүдөгү чечкиндүү иш аракеттери жана ал күрөштүн катаал чаралар менен коштолгон экинчи этабын жарыя кылышы коомчулуктун калың катмарынын колдоосуна ээ болууда. Бир топ ууру кескилер ичинен тынса, айрымдары менчиктештирүү учурунда элден ит бекер алган мүлктөрүн, бюджеттен уурдагандарын казынага кайтара баштаганын угуп жатабыз. Ал эми ишке ашыруу жагына келсек, Камчыбек Ташиев аткара аларына ишенген соң калктын колдоосуна арзыган чоң билдирүү менен чыкты. Анын чечкиндүүлүгүн билебиз, айтылган сөздөр жерде калбайт деп ишенем.

- Элди алдап, миллиондорго туйтунган шылуундар бар, алардын жазасы кандай болот?

- Шылуундардын дагы, уурулардын дагы кылмыштары үчүн жазалар күчөтүп, ичип-жегендерин он эмес, жүз эселеп төлөтүп, Камчыбек Кыдыршаевич айткандай мүлкүн дагы конфискациялап, анан жазасын аягына чейин өтөтүш керек. Ошондо азыркы бийлик элдин ыраазылыгына ээ болуп, мамлекетти чыңдаганга, бюджетти провицит деңгээлге көтөргөнгө шарт түзүлөт.

- Шылуундар демекчи, сиз дагы ушул багытта бир көйгөйду көтөрүп, тагыраак айтсам, Курсан Асанов Кыргызстанга келген түрк инвесторунан 15 миллион доллар алдап кеткенин айтып жүрдүңүздөр эле, ал кандай чечилди? Жөнөкөй бирөө болсо да мейли деп кол шилтейт элек, анан генерал статусуна жеткен кишинин мындай жорукка барышына баары таң калып жатат. Айтыңызчы, Ички иштер министринин орун басары болуп иштеп жүргөн маалда кызматтык абалына таянып туруп алдап кеткенби 15 миллион долларды?

- Жалгыз өзүнүн эмес, жалпы Кыргызстандын атына көлөкө түшүрүп, инвесторлордун келишине залакасын тийгизген эң башкы шылуундун бири Курсан Асанов деп айтсам жаңылышпайм. Генерал башы менен түрк бизнесмендеринин 15 миллион доллардын тегерегиндеги акчасын алдап, бербей жүрүшү мыйзамга да, абийирге сыйбас иш болуп турат. Бул иш УКМК тарабынан иликтенип, Курсан Асановдун жубайынын алдамчылыгы толугу менен далилденди, иш материалдарында түрк ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү  Курсан өзү жүргүзгөнү да ачыкка чыккан. Эми акыркы чекити калды... Камчыкемди мен жакшы түшүнөм, мамлекеттин жүгүн тартып жүрөт, мындан да маанилүү жумуштар көп болуп жатат. Бирок, ушуга бир көз кырын салып, Курсан Асанов органда иштеп туруп алдамчылыкка барганына юридикалык баа беришсе, өтө зор иш болот эле. Себеби, шылуундардын жоопкерчиликке тартылбай жатышы биздин мамлекетке чоң зыянын тийгизүүдө. Түркиялык жоон топ инвесторлордун биздин мамлекетке болгон ишеничин жоготуп, ири инвестициялардын келишине тоскоолдук жана ишенбөөчүлүк жаратууда. Эң башкысы, Түркия жана Кыргыз мамлекеттеринин ортосундагы мамилеге кесепетин тийгизип, залал келтирүүдө. Мен ушул маек чыккандан кийин Камчыбек Кыдыршаевич бул маселеге көңүл буруп, жакын арада инвестордун акчасын кайтарып, мыйзамдын негизиндеги калыстыгын көрсөтөт деген ишеничтемин.  

Кылычбек Кудайбергенов, Булак: “Майдан.kg” гезити