Бул тууралуу  президент Роза Отунбаева кечээ өз видеокүндөлүгүндө кабарлады. Отунбаеванын айтымында, бир нече күн мурда Женева шаарында Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары бюонча Кеңешинин вице-президенти болуп шайланган.

Кыргызстан БУУнун адам укугу боюнча Кеңешине  2009-жылдан  тарта мүчө. Аталган кеңеште  жарандык, экономикалык, саясый жана маданий  укуктарга байланышкан курч маселелер каралат.
Азаттык
 

Анда былтыр Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылыш жана азырга чейин адам укугун бузган фактылар уланып жатканы, элдештирүү процесси тууралуу пикир алмашуу болот. Бул жолку угуу былтыркы кооганы иликтеген Эл аралык комиссиянын баяндамасына негизделээри айтылды.

Ал корутундуда айтылгандарга ылайык, айрым учурларда жасалган аракеттер, эгерде сотто далилденсе, “адамгерчиликке каршы кылмыш” катары таанылышы мүмкүн. Вашингтондогу жыйында эл аралык комиссия кыргыз бийликтерине жолдогон рекомендациялар да талкууга алынаарын кабарлашты.

Бүгүн түнү өтө турган жыйынга июнь окуяларын иликтеген Эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиев, “Карнеги” корунун Борбор Азия боюнча эксперти Марта Олкотт, ошондой эле, Жон Хопкинс университетинин окумуштуусу Алишер Хамидов катышмакчы. 
Азаттык
 

Издөөдө жүргөн «Ысык-Көл» Инвестбанктын директорлор кеңешинин мүчөсү Анна Константинова Орусиянын Москва шаарында кармалды.

 

Маалыматка ылайык, 1963-жылы туулган А.Константиновага Кылмыш Кодексинин 30-183-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, (мыйзамсыз жол менен акча каражаттарын, же мүлктөрдү ээлеп, легализациялоого катышкан) издөө салынган.
 
Аны 19-июнда Москва шаарында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери москвалык милициялар менен биргеликте кармашты, деп жазылат маалыматта.
Баракелде
 

 

 

Шанхай кызматташтык уюмунун он жылдыгына карата Казакстан борбор калаасы Астанада өтүп жаткан жыйынга Кыргызстандан президент Роза Отунбаева катышууда. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мааракелик бул саммитте ШКУнун он жылдык ишмердиги талданып, уюм алкагында кийинкиге иш-чаралар планы бекийт. Аймактагы кырдаал боюнча ар тараптуу талкуудан соң ШКУ он жылдыгынын Астана декларациясы кабыл алынышы күтүлүүдө. Саммиттен кийин ШКУга төрагалык Казакстандан Кытайга өтөт.

ШКУга мүчө өлкө башчыларынын жыйынына Тажикстан (Эмомали Рахмон), Иран (Махмуд Ахмединежад), Ооганстан (Хамид Карзай), Орусия (Дмитрий Медведев), Пакистан (Асиф Али Зардари), Кытай (Ху Цзинтао) жана Казакстан (Нурсултан Назарбаев) президенттери катышып жатканын жергиликтүү маалымат булактары жызышууда.
Азаттык
 

 

 

Кыргызстан жана АКШ “Манастагы” Транзиттик борбордун мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул жөнүндө бүгүн, 8-июньда, маалымат жыйында Транзиттик жүк ташуу борборунун директору Дуайт Соунс бидирди.

 

 

Америкалык аскердик базанын башчысынын пикиринде, Транзиттик жүк ташуу борбору региондо стабилдүүлүктү камсыздоосунун негизинде  Кыргызстандын өкмөтү анын бул өлкөдө болуусуна кызыкдар. Бирок Соунстун билдирүүсүнө ылайык база дайыма эле Кыргызстанда боло бербейт, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин Кыргызстан кабыл алат.
 
Regnum

 

Туризим жаатында маалымат тараткан The Travelers Zone интернет сайты Ысык-Көлдү Жер шаарындагы эң кооз 25 көлдүн катарына кошкон. Аталган сайт кооз көлдөрдү ар кандай өзгөчөлүгүнө жараша тизмеге киргизген.
 
 Бирөө эң алгач пайда болгон көл болсо, экинчиси өтө сейрек кездешкен жаныбарлар, балыктар жана канаттуулар байырлаганына байланыштуу тизмеге кошулган. Кооз көл делип биринчи орунга Кения, Эфиопияда жайгашкан Түркана көлү чыкса, экинчи Индонезиядагы Тоба, үчүнчү АКШдагы Тахо көлү бааланган. Аталган сайттын маалыматы боюнча, Ысык-Көл 21-орунда турат.
 
Азаттык
 

2010-жылдын май айында каза болгон Кундуз Турсунованын 20га чукул туугандары, балдары жана неберелери менен бүгүн Германия элчилигинин алдына пикетке чыгышты. Кундуз Турсунованын апасы Алмабүбү Жылкыбаева балдардын укугу корголбой, ошонун айынан кызы каза болуп отурганын билдирүүдө. Ал адвокатка муктаж болуп жатканын кошумчалады. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, элчиликтен эч ким чыккан жок.

1984-жылы туулган Кундуз Турсунова Дүсселдорф шаарына үй жумушчу катары жеке канал менен 2005-жылы кеткен. Кундуздун туугандарына былтыр “15-майда ал өз жанын өзү кыйып өлдү” деген мазмунда Германиядан кат келген. Маркумдун туугандары үй жумушчу катары чакырып алган Германия жараны Гот Валт Патрикти Кундуздун өлүмүнө тиешеси бар деп шектенип жатышат. Бул себептен алар тергөө амалдарын так жүргүзүү талабын коюп келишет.
Азаттык
 

АКШнын Кыргыз Республикасындагы жаңы элчиси Памела Спратлен Бишкеке келди. 24-майда элчи Спратлен ишеним грамотасын Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаевага тапшырат. Тапшыруу аземинен кийин саат 13:30да элчинин катышуусу менен маалымат жыйын өтөт. Анда элчи билдирүү жасап, учурдагы АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелери боюнча суроолорго жооп берет.

Элчи Памела Спратлендин талапкерлиги 2011-жылдын 5-январында президент Барак Обама тарабынан көрсөтүлүп, 2011-жылдын 3-мартында Сенат тарабынан бекитилген. 2011-жылдын 15-апрелинде Памела Спратлен Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчиси катары ант берген. Тышкы иштер боюнча кадрдык адис катары элчи Спратлен 20 жылдан ашуун түрдүү саясий жана жетектөөчү кызматтарда иштеп келүүдө. Спратлен буга чейин Казакстандагы АКШ элчилигинде элчинин орун басары болуп кызмат өтөгөн.

 
Кабар

Бишкек, “САЯСАТ.KG. Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек

Бишкек, "Саясат.kg".  Киносценарист Ө.Төлөбековдун "Манас" айылынын тегерегиндеги чуу тууралуу пикири

Н.Айтбекова: “Үйгө бир “ыймандууну” камап коюп жүрөсүңөр...”

Кыздары сулуу кыргыздын!

Бишкек, “Саясат.kg”. Кинопродюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек

Белгилүү эстрада ырчысы Анжелика Кайратова  Инстаграм баракчасынын активдүү колдонуучусу.

Бу сапар ар тараптуу таланттуу, теледе да, интернетте да өз ордун тапкан, актрисалык кесиптин да ажарын ачкан Назира Айтбекова менен баарлаштык.

Бийчи Атай Өмүрзаков Инстаграм баракчасына биринчи жолу сынакка катышканда бийлеген алгачкы бийинин видеосун жарыялады.

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. 

Бишкек, "Саясат.kg". Белгилүү блогердин кезектеги "Жөн эле ойлору"...

Бишкек, “Саясат.kg”.  Эстрада ырчысы Анжелика “Инстаграмдагы” баракчасына өзүнүн өткөн турмушу тууралуу жазды.