“Лөлүдөн баатыр чыкса, өз үйүрүн чабат”,- демекчи, биздин аткаминерлер ар качандан бир качан элге иштеп аткан түр көрсөтүш үчүн карапайым калктын жон терисин камчылап калат эмеспи.
Ал эми борбор калаада болсо, балээге калган “Ош базарынын” тегерегиндеги өлбөстүн күнүн көрүп, бала-чакасын багып жүргөн байкуш келин-кесектерди кубалай баштайт.
Бишкектин мурдагы мэри Балбак Түлөбаев кудум бул базардан коронавирустун очогу табылгансып, ал тургай мыйзамсыз соодагерлерден тазалап берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылып, жосунсуз жорук баштаган. Ушуну гана күтүп турган чекисттер менен милициялар тим эле террорчуларга кол салгандай, соодагерлердин камаганын камап, кууганын дыргаяктатып кубалап киришкен. Бир гана Алмакан аттуу алма саткан келин столуна жабышып, көмкөрөсүнөн жатып алып, өңгүрөп ыйлап, эки баласы ачка каларын, өзү күйөөсү 2010-жылы каза болуп калгандан бери ушул турмушка туш болгондугун айтып, столун оодарып салышса да жабышып туруп алган видеосу соцтармактарга тарап кеткен.
Алмакандын ушул видеосуна карата көпчүлүктүн пикиринен кийин гана 12-февралда Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Алмакан Ленин районунун тургуну экени, шаар ичинде туруктуу каттоосу жана тийиштүү документи жоктугу аныкталды.
Район башчысы келинге туруктуу каттого турууга, ким экенин тактоочу документтерин алууга жардам берерин жана мындан ары муниципалдык администрация ага социалдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирип, “Ош базарынын” ичинен соода орунун сунуштады.
Эми бийлик ким ыйлап, өңгүрөп, анысы видеого тартылып, соцтармактарга тарагандарга гана көңүл бурбастан, миңдеген үй-бүлөсүн араң багып жүргөн келин-кесектерге жок дегенде соода жайын арзан кылып берсе, мамлекетибиз омкорулуп кетпесе керек...
Булак: “Майдан.kg” газетасы