Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 257

Өткөн жумада Кудайдын үйү жана жердеги өкүлү болгон Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгында карапайым момун мусулмандар күтүп-күтпөгөн окуялар болуп кетти.

Алгач УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жасоолдору муфтияттын башкы эсепчисин “Бизге 100 миң доллар пара сунуш кылды”,- деген жүйө менен кармашкан. Анын эртеси күнү азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин өзүн сакалынан сүйрөп барып темир тордун ары жагына отургузушту. Көрсө, былтыр ажылыкка зыяратчылар алдын ала төккөн акчаны молдокелер кайсы бир банкка 100 млн. сомду үстөгү менен берип, ай сайын андан киреше алып турушкан экен. Баарыбыз жакшы билгендей, коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Аравия былтыр ажылыкты токтотуп койгон болчу. Ошондуктан жалпы 5500 зыяратчынын эки миңдейи ар бири төккөн үч миңдей АКШ долларын кайтарып алышып, калган 3500дөйүнүн акчасы муфтияттын банк эсебинде калган экен. Көрсө, дал ушул акча алгач муфтияттын ичинде талаш жаратып, айрым кызматкерлер менен Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү муфтийге “акчаны жеп койдуң”,- деп доомат коюшуп, ал чатак президенттин өзүнө жетип, андан ары чекисттер Кудайдын куттуу жайына “жортуул” жасап отурушат.

Бирок андан бир күн мурда муфтий кызматын тапшыргандыгына карабай, бул “каржы операциясына” тиешеси бар деп, аны камап отурушат. Ошол эле учурда кызматынан алынган Өкмөткө караштуу Дин иштери боюнча комиссиянын директору Акин Токталиев кайсы бир маалымат каражатына берген маегинде бул муфтияттагы чатактын “сырын” ачыкка чыгарды. Акин байкенин айтуусунда, өзгөчө ажылык сапар жана муфтийди кайра шайлоо алдында президенттин тегерегиндеги эки топ бул кызматты алууга жандалбатап атышыптыр. Мындан тышкары муфтияттын текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдинов “жоголду, жеп койду” деген акчалар муфтияттын банк эсептеринде тургандыгын билдирди.

Канткен менен бул окуя өлкөбүздүн эл аралык аброюна бир топ залакасын тийгизип койгондой болду. Айрыкча муфтийди пайгамбардай сыйлаган арап мамлекеттери тескери карап калды дешет. Бийлик бул чекилигин түшүнүп, Максатбек дамылланы эртеси күнү эле кайра чыгарууга мажбур болду? Бирок түштөн кийинки бул кадам бийликтин кетирген чекилик ишин кайра калыбына келтире алар бекен?

Булак: “Майдан.kg газетасы

Тема: