Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 512

Баш маселе

КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге Германияда ийгиликтүү операция жасалгандыгы кабарланды. Арийне, акыркы окуялардан улам, айрым адамдар: “ал өзү болсо мунун баарына жол бермек эмес”, “жоктугунан пайдаланып, куйтулар арам иштерин бүтүрүп жатышат”- дешсе, кээ бир билермандар: “алыста жатып алып, балээнин баарын кылган өзү”- таризинде божомолдоп ийишти. Ошондон улам да, Камчыбек Кыдыршаевичтин келиши - чоң окуяга айланчудай болуп калды.

Камчыбек Ташиевди күтүп жаткан бир топтун максаты даана ачык – алар Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкен биринчи күндөн баштап ар кандай маалыматтык “поводдор” менен эки лидердин ортосуна от жагып, ажыратууну эңсеп турушат. Анын үстүнө, мурда-кийин К.Ташиевдин командасында жүргөн адамдардын тигил же бул себептер менен командага кирбей калышы, кызматынан алынышы булардын чырагына май тамызып, “Ташиев менен Жапаровдун ортосунда ажырым кетти”- деген ушактын таркатылышына кеңири жол ачты. Алар эмнени каалайт? Акыркы окуялардан улам К.Ташиев ачуусу менен келип, досу-президент С.Жапаров менен “разборкага” түшсө... Мына ушул алардын Кудайдан тилегени...

Карапайым элдин тилеги – Ташиев аман-эсен келип, коомчулукта акыркы кезде болуп өткөн окуялар боюнча калыс пикирин айтып, адилеттүүлүк орнотсо. Айрым кадрлык жүрүштөр, президент олтурган имараттын үчүнчү кабатында “серый кардиналдын” пайда болушу, баш мусулман – муфтийдин айланасындагы интригалар ж.б. нерселер элде ачуу кептерди жаратты. Мунун баары жаңы бийликке плюс алып келген жок. Ошондуктан да, эл Ташиевден – тээ 2020-жылдын июлунан бери “досум Садыр Жапаровду абактан чыгарып, президент кылам”- деген сөзүн эске алып, отчет сурагысы келип жатат.

Ал эми Баткендин эли Ташиевден тезирээк келип, чек ара маселесин чечип берээринен үмүттөнүп турат. Алардын эки күндөн берки митингине эч ким деле реакция кылган жок. “Бул маселени Ташиев гана чече алат”- деген ой дагы деле баткендиктерди тынч уктатпай келет.

Бирок, ачык айтып коюу керек, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин достугу сөз менен түшүндүрүп айта албай тургандай деңгээлде. Майда-чүйдө сөздөр, айрым саясий күчтөрдүн интригасына алдырып, кер-мур айтышууга непадам барышпайт. Элге кызмат кылуу кезеги экөөнө буюрдубу, баарынан өйдө болуп, Кыргызстанды туңгуюктан ынтымактуу алып чыгып кетүүлөрү керек. Чыныгы, эл үчүн күйгөн мекенчил саясатчылар катары мындан кийин калпыстыкка жол бербей, абалды оңдоп кетишин бүт кыргыз эли күтүп жатат.

Ташиевдин тарыхый миссиясы ушунда – элдин үмүтүн өчүрбөө, өзү айткандай, бүт өмүрүн элге арноо. Демек, баары алдыда...

Булак: “Майдан.kg газетасы

Тема: