Чатактын чоо-жайы

Редакциядан: Арадан эки жылдан ашуун убакыт өтсө да “Даймонд сити” турак-жай комплексинин тегерегинде козголгон кылмыш ишине чекит коюлбай келет. Бул кылмыш ишинин алкагында камакка алынган ишкер Рустам Воинов жана меценат, экс-депутат Рустам Мамановдордун тагдыры азыркыга чейин белгисиз. Учурда бул иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Анткен менен, ишти тергөөдө жана кароодо бүйүр кызыткан жагдайлар орун алууда. Анын чоо-жайы тууралуу бизге юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев айтып берди.

- “Даймонд Сити” турак жай комплексин рейдерлик жол менен басып алуу боюнча чуулгандуу кылмыш иши жөнүндө сиз эмнелерди билесиз?

- Ушул тапта биздин коомдо коррупцияга каршы күрөш кеңири, аесуз жүрүп жатат. Мындан улам, акыркы мезгилде резонанс жараткан “Даймонд Ситинин” иши боюнча айыпталып жаткан Рустам Мамановдун жактоочусу мага бул иш боюнча калыс баа берүүмдү өтүнүп, менден тергөөгө юридикалык баа берүүмдү суранды. Айтмакчы, сот процесси ачык болду. Ага мен да катышып көрүп, андан ары өз оюмду силер менен бөлүшкүм келди. Бул иш боюнча коомдук ишмер, экс-депутат, учурдагы ишкер Рустам Маманов, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Э.Жаркеева, Мамановдун кызматчысы болгон М.Анарбаевдер суралууда. Анарбаевдин күнөөсү - менчик укугу өзгөргөндөн кийин, “BLS” ЖЧКсынын директорунун милдеттерин аткаруу үчүн ишеним кат берилгендиги. Болгону ошол. Эми мен иштин сюжетине бир аз токтолуп кетейин. Бул иште аты аталып жаткан Рустам Воинов сотко доо арыз менен кайрылып, анда бүтүмдү жараксыз деп табууну суранат. Ошол эле учурда “BLS” ЖЧКдагы үлүшүн ажыратуу учурунда ал алданып калгандыгын жана кытайлардан эч кандай акча каражатын албагандыгын көрсөтөт. Сот анын доо арызын канааттандырды, Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот чечимди күчүндө калтырган. Иштин материалдарын изилдөө, тергөөдө, ишкер Мамановду, мурунку судья Э. Жаркееваны жин-шайтандардын катарына кошуп, аны сот кийимин кийген башкы коррупционер катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Биздин өлкөдө дээрлик бардык ишкерлерди кылмыштуулук менен байланышта деп эсептешет. Ошондуктан, чоң ишкерлерге кандайдыр бир кылмыштар боюнча айып тагылуу коркунучу бар экендиги таң калыштуу эмес. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өлкөбүздө жарыяланган коррупцияга каршы күрөш коомдо колдоого алынган жаңы тенденция. Бирок, жогорудагы кылмыш иши боюнча көптөгөн суроолор туулат, эгерде мурунку судья Э.Жаркееванын чечимдерин Жогорку сот да күчүндө калтырса, анда эмне үчүн кесиптештери аны менен жоопкерчиликти бөлүшпөйт. Мындан улам, коомчулукта “коррупцияга каршы тандалма күрөш жүрүп жатабы?”- деген пикирлер көп болуп жатпайбы...

- Бул иш боюнча жабырлануучу тарап ким?

- Жабырлануучунун, Кытайдын жараны Гао Цзин Вэйдин ким экендиги жөнүндө маселе көтөрүлөт. Ал өзүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып, биздин өлкөнүн укук коргоо жана сот органдарына гана эмес, ар кандай криминалдык авторитеттерге, тактап айтканда Эркин Мамбеталиевге кайрылып, ага бир миллион АКШ долларын супер-жеңил шарттарда сунуш кылып жатып, үч көйгөйлүү иш боюнча жардам берүүгө аракеттенет. Бирок, ошол учурда эч кандай майнап чыккан жок, бул күбө Э.Мамбеталиевдин өзүнүн түшүндүрмөсүнөн алынган.

- Рустам Мамановго коюлган айыптын маңызы эмнеде?

- Тергөөнүн версиясы боюнча, Рустам Маманов - коррупциянын, алдамчылыктын жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башкы уюштуруучусу имиш. Кылмыш иши 51 томдон турат, бул томдордун бир нечеси “Даймонд Сити” турак жай комплексинен батир сатып алган күбөлөрдү суракка алуу протоколдору менен толтурулган, алардын баарына Р.Мамановдун, анын жардамчысы катарындагы ролу жөнүндө суроолор берилет. Суракка алынган тургундар тергөөнүн версиясы боюнча Гао Чжэн Вэйден мүлктү “тартып алууну” уюштургандыгын далилдеп бере алган жок. Сотто суралган күбөлөр, б.а. “Даймонд ситиден” батир сатып алгандар Р.Мамановду көрбөгөнүн, аны такыр тааныбай турушканын айтышкан. Белгилей кетүүчү жагдай, тергөөнүн жана прокуратуранын айыптоолорунун бардыгы Константин Куценконун көрсөтмөлөрүнө негизделген, ал тергөө менен келишим түзүп, “Даймонд Ситини” рейдерлик жол менен басып алууну “Р.Маманов башкарган жана ал Э.Жаркеевага өтө чоң суммадагы 90 миң АКШ долларын которгон”- деп айткан. Бирок, ошол эле учурда, бул айыптоолор анын көрсөтмөсүнө гана негизделген, иш боюнча башка далилдер жок.

Тергөө менен түзүлгөн келишим - бул жаңы институт, ал бизде эми гана пайда болду, аны толук таанып-билүүгө көп убакыт керек. Кылмыш ченемдерин иштеп чыгууга демөөрчү болгон Европа Өнүктүрүү Банкынын талабы биздин коомго азырынча туура келбейт. Анткени, европалык өлкөлөрдө укук, тергөө сапаты абдан өнүккөн. Бизде телчигип келе жатат. Натыйжада, “тергөө менен кызматташуу” деген нерсеге таянып, тергөө органдарынын тилине кирген жаран 10-15 жылдык эркинен ажыратуу беренеси менен соттолгону турса да, жеңил жаза – айыппул төлөө менен кутулуп кетип жатат. Ал эми тергөө болсо ошонун сөзүнүн далили болбосо да, бир гана адамдын көрсөтмөсүнө таянып, тергөө менен кызматташпаган тарапты катуу жазага тартууга даяр болуп турат. Учурдагы практика көрсөтүп тургандай, азыр ар бир адам өзүн куткарууга аракет кылып, ар кандай көрсөтмө берүүгө даяр.

Тергөөдө Р.Мамановдун “рейдерлик жол менен басып алгандыгы” боюнча эч кандай далил келтирилген эмес, Ошондой эле, коррупциялык жол менен менчиктин мыйзамсыз алмашуусун иликтөөгө ылайык, ал коррупцияга же алдамчылыкка үндөгөн, пара берүүгө көрсөтмө берген аудио жана видео жазуулар жок. Күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү, айтор эч нерсе жок. Анын жогоруда аталган курулуш компаниясына байланыштуу айрым документтеринин бар экендигин да “айыптоочу тараптын далили”- деп чечмелөөгө болбойт. А.Маткасымов, М.Арабаев, Айталиев жана башкалар Р.Мамановду тааныбай тургандыктарын жана аны менен эч кандай байланышы жок экендигин ачык көрсөтүшүүдө. Демек, жогорудагы жагдай тергөө версиясына жана коюлган айыптарга карама-каршы келип, күмөн жаратат. Иш материалдарында Р.Маманов менен судья Э.Жаркееванын ортосунда кандайдыр бир байланыш бар экендигин тастыктаган эч кандай далилдер жок. Телефондук сүйлөшүүлөр, аны менен жолугушуунун бир дагы сүрөтү, же анын жакын же алыскы туугандары жок. Буга байланыштуу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жок. Дагы бир ирет кайталайын, иштеги айыптоонун бардыгы К.Куценконун көрсөтмөлөрүнө гана негизделген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, “BLS” ЖЧКсына тиешелүү бардык документтер Р.Мамановдун колунан табылган, бирок тергөөнүн бул версиясы жараксыз, анткени жогоруда аталган документтердин бардыгы Куценконун адвокаттык кеңсесинде болгон, бул фирма үйдү Р.Мамановдон ижарага алгандыгын белгилеп кетүү керек. Иштин материалдарынан көрүнүп тургандай, Р.Маманов “BLS” ЖЧКсы боюнча бир дагы жолугушууга катышкан эмес, а Куценконун компаниясынын адвокаттары бардык иштерге катышкан. Жогорудагы жагдайлардын бардыгы тергөөнүн версияларын жана айыптоолорун четке кагууда.

Сотто суралган 78ден ашык күбөлөр Р.Мамановду тааныбай тургандыктарын, аны эч качан көрбөгөнүн жана аны менен эч кандай байланыштары жок экендигин билдиришти.  Бул фактылар тергөөнүн версиясына жана коюлган айыптарга карама-каршы келип, айыптоолорду четке кагууда. Андан кийин, судья Э.Жаркееванын чечимдери, Р.Воинов менен Гао Чжэн Вэйдин ортосунда кытай тилинде түзүлгөн деп болжолдонгон, мурда белгисиз болгон келишимдин негизинде, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарылды.  Келишим боюнча  Р.Воинов 5 000 000 АКШ доллар өлчөмүндөгү өз үлүшүн берген, бирок кытай тарап ага бир дагы сот инстанциясына көрсөтмө берген эмес жана 2018-жылдын май-июнь айларында гана билинди. Бул учурда Р.Маманов УКМК камакка алган, ал боюнча тергөө башталган. Ошол убакка чейин Гао Чжэн Вэй тарабынан көрсөтүлгөн кытайлыктар, “Синхуа” эл аралык тоо-кен корпорациясы Бишкек шаардык сотуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна арыздар менен кайрылышкан, бирок эч качан бул документке кайрылышкан эмес. Р.Воинов ар дайым жана бардык жерде бул келишимге кол койбогонун, кол ага таандык эмес экендигин айтып келет. Бул келишимдин аныктыгын тастыктоо үчүн иш техникалык экспертизаны талап кылат.

- Акыркы сот отурумунда кандай суроолор, маселелер каралды?

- Акыркы соттук отурум эксперттердин суроосуна арналды, анткени эксперттин корутундусу айыптоо үчүн негиз болуп саналат. Бул тыянактар ​​биздин көз алдыбызда талкаланып жатат деп айта алабыз. Мен бир гана нерсени белгилеп кетким келет, акыркы жарым жылда созулган сот процесси соңку айларда бир топ ылдамдай баштады, бул чоң суроолорду жаратат. Ковид-19 дартынын биринчи толкунунан бүткүл дүйнө жабыр тартты, анын ичинен биздин өлкө, биздин эл да бул ооруга дуушар болду. Пандемия көптөгөн маселелерди, эл көйгөйүн тез арада чечүү керек экендигин көрсөттү. Азыркы учурда, өлкөдө Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү өтүүдө. Өлкөдө миллиондогон чечилбеген көйгөйлөр бар. Анда “Даймонд Ситинин” тегерегиндеги маселе кимге кызык? Бирок, сот адилет чечим чыгарышы керек. Эгерде бир эле адамдын далилсиз көрсөтмөсү менен бир топ адамды соттоп жибеоришсе, шерменде болгону турушат.

Маектешкен Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №34, 25.09.2020-ж.