Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 332

Тандемдин чоо-жайы...

2016-жылы жазында же Өмүрбек Чиркешович өзү камаларына бир жылга жетпеген убакыт калганда ошол убакта премьер-министр болуп турган Темир Сариевдин демилгеси менен курулуп жаткан Балыкчы-Чолпон-Ата жолундагы коррупциялык көрүнүштөрдү чукуп чыгып, аны өкмөт башчылыгынан  жаңжал менен  кеткенге аргасыз кылган. Ал АШАнын акысы төлөнгөн буйрутмасы болгондугун, Темир Сариев “көзөмөлдөн чыгып баратканда” андан Текебаевдин колу аркылуу  кутулганын АША өзү мойнуна алган. Анда кылмыш иши да козголуп, бирок АШАнын кийлигишүүсү менен кайра токтотулган.

Мына эми бири экинчисинин аркасын көөлөп, колунан келсе, жергуйга оңколотуп жибергиси келгендер биригишип, парламенттик шайлоого бир блокто барганы жатышыптыр. Ал блокко Ө.Текебаев менен Темир Сариевден сырткары Кыргызстан либерал-демократиялык партиясынын лидери Жанар Акаев, КСДПдан чыгып кеткен Рыскелди Момбеков, “Жаңы дем” жаштар бирикмесинин жетекчиси  Тилек Токтогазиев, “Кыргызстандын жашыл альянсы” ассоциациясынын жетекчиси Азамат Темиркулов дегендердин кошулганы жакында маалымдалды.

Ачыгын айталы, булардан Р.Момбеков менен  Ө.Текебаевдан башкасынын саясый салмактары деле жок. Отуз жылдан ашык убакыттан бери саясатта келаткан Ө.Текебаевди, акыркы жыйырма жылдагы шайлоолордун дээрлик бардыгына катышкан менен бардыгында аутсайдер болуп жүргөн  Темир Сариевди “Жаңы дем” деп атоо, кечирип коюңуздар, көчүктөрү гана эмес, андан төмөн жактары да көгөрө баштаган абышкаларды “жаш жигиттер” деп атаган шылдың сөздөй угулат экен. Ошентсе да  ар кимдин кандай айныйм десе ыктыяры өзүндө болгондой эле, ар кимдин өзүнүн көңүлүн өзү көтөргөнгө да укугу бар, антпесең  сенин көңүлүңдү бирөө көтөрмөк беле. Кыргыз саясатынын абышкаларынын  өздөрүн жигитке теңегендигинин сиз менен бизге чындыгында зыяны деле жок. Абышкаларынын жаш жигиттерге кошулуп алышып “жаңы демдүү” болуп баратышкандыгын басылмалардан окушса жок дегенде байбичелери кубанып калышар. Бирок, элди, мамлекетти башкарам дегендерге кыялый иллюзиялар, фантастикалык демарштар анча деле ылайык келбестигин да эстен чыгарбоо зарыл.

Ошентип  философиялык чегинүүлөргө ооп кете бербестен ток этерин айтсак, кечээ биринин аркасына  бири суу куйгандар биригишти, араларында эч кимге белгисиздер да бар. Мүмкүн, алар келечектеги суу куйгучтар болушар. Деги булардын алдыдагы парламенттик шайлоодогу шанстары кандай?

Өмүрбек Чиркешович  амбициясы аябагандай чоң, көктүгү андан калышпаган саясатчы экендигин бардыгыбыз  жакшы билебиз. Эгерде “Ата-Мекени” менен өз алдынча шайлоого катышкандан ийгиликке  жетишерине 5 пайыз эле шансы бардыгына ишенсе, ал эч качан башкаларга, анын үстүнө эч ким билбегендерге  кошулмак эмес. Бирок, эмне деген менен ал көптү көргөн элдин маанайын толук билбесе да саясый  кырдаалга адекваттуу мамиле жасап, шамалдын кай жакка кетип жаткандыгын так баамдаган дыкат саясатчы. Ал капчыктууларынын баары качып кеткен өз партиясы менен шайлоого барса, босоголук чек түгүл, 2 пайызды да багынта албашын сезип, туйгандан улам, цыгандардын таборундагыдай ар кошмолор менен биригүүгө аргасыз болду. Анын үстүнө анын соттук маселеси да бир жагына чечиле элек. Эгерде ал партиялык тизмеге кире албай калса, “Ата-Мекендин” да күнү бүттү дей берсек болот. Ал эми Темир Сариевдин саясый салмагы өтө эле жеңил, партиясынын аты эле бар, заты жокко эсе. Ал бирөөлөргө жабышмайынча парламентти экинчи көрмөк түгүл, эшигине жакындашы кыйын. Аны башка фаворит партиялар тизмесине кошпой койгондон улам кечээги душманынын этегине жармашууга аргасыз болууда. Же жыйынтыктап айтканда, Өмүрбек Текебаев менен Темир Сариев  мезгилдери өтүп кеткендигин сезишсе да аны моюндагылары келбей куру убаракерчилик менен алектенген адамдар.

Рыскелди Момбеков чоң трибун, харизмасы бар, бирок  ар кошкон “таборду” жалгыз  сүйрөп кеткенге анын деле   чамасы жетпейт. Жанар Акаев баштаган берки “комсомолдор” жөнүндө сөз кылып деле кереги жок. Аларга өздөрүнүн бөтөлкөлөш досторунан, жакын жек жааттарынан башкалардын добуштарын алышы эң эле проблемалуу маселе.

Ошентип, айлалары кеткендер биригишип, эч кандай идея, идеологияларга эмес, өздөрүнүн жекече кызыкчылыктарына гана негизделген “винегрет” топту түзүшүп, шайлоого катышарын жар салышты. Алар партиялаштарын деле ойлошкон жок, эптеп өздөрү гана парламентке келип калууну эңсешүүдө. О.Текебаев менен Т.Сариев эгерде бул жолу парламентке илинбей калышса, кийинки саясый келечектерине чекит коюларын эң сонун билип турушат. Бирок, азыр ар кошкондор чогуу болгон менен чыныгы көйгөйлөр каражат чогултуп, тизме түзүүгө келгенде  башталарын бөркүңүздөй көрсөңүздөр болот. Анда алар бири-бири менен чатакташып, атүгүл кайра таркап кетүүлөрү да ыктымал. Таркабай шайлоого барган күндө деле алардын 2-2,5 пайыздан ашык добушка ээ болоруна ишенүү эң эле кыйын.

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити