Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1878

Мезгил чындык!

Шамиль Атахановдун оркойгон калпы

Кримавторитет,  мыйзамдагы  ууру  Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу  боюнча соттук кароо аягына чыкканга жакындап калды. Ага акыркы чекитти, албетте, сот коюп, аферада кимдин канча  салымы  бар экендигин аныктап, мөөнөттөрдү, жазаларды бөлүштүрөт. Бирок, айыптоо корутундунун материалдарына жана соттук кароодон алынып, таркатылып жаткан маалыматтарга ылайык,  анын негизги уюштуруучусу  УКМКнын ошол убактагы жетекчиси Шамиль Атаханов болсо, аны ишке ашырууга түздөн түз көрсөтмө берген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экендиги айкын болуп калды. 

Ал ишке  УКМКнын төрагасынын ошол убактагы кеңешчиси Марат Бекенов, президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүнүн ошол убактагы башчысы Индира Жолдубаева, Нарын шаардык сотунун ошол убактагы төрагасы Жапар Эрматов жана башкалар   да аралашышкан, бирок алардын аферадагы ролдору аткаруучулук мүнөздө болгондугун,  алар  негизинен жогорудагы экөөсүнүн көрсөтмөлөрүн гана аткарышкандыгын белгилей кетүүбүз керек.

Соттук кароолордо Россиялык Алимжан Мирзаев деген журналист да чыгууда. Ш.Атахановго  2012-жылы биринчи болуп ал келип жолугуп, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун жакын адамы, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Адам Делимхановдун атынан “мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин ооруусуна байланышкан маселе боюнча” киргендигин айтып, чечендердин билермандарынын аны бошотуу тууралуу сунушун билдирет. Ш.Атаханов аны ошол замат УКМКнын имаратынан гана эмес, Кыргызстандан да чыгартып жибергендин  ордуна ал кабарды ошо замат  АШАга жеткирип, анын макулдугу менен көп өтпөй менчик самолёт менен учуп келген А.Делимханов менен да жолугушат.  Россиялык депутат  “мыйзамдагы ууруну”  айыккыс  дартка  шылтоолоп, Кыргызстандан чыгарып жиберүүнү айтат. Ошондо Ш.Атахановдун эсине ал кызматка жаңы киришкенде мамлекет башчысы А.Атамбаевдин  мыйзамсыз жолдор менен болсо да Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келүүнү талап кылгандыгын эстеп, кыргыз бийлиги А.Батукаевди  Ж.Бакиевге башма-баш алмашууга даяр экендигин билдирет.

Бул бир нече жыл өтүп, Ш.Атаханов кармалып, СИЗОго киргизилгенден кийинки версия. Ачыгын айталы,  бизде, деги эле акыл-эстүү адамдарда бул  версия кенедей да ишеним жаратпайт. Биздин оюбузча, муну кийин ал  шефи экөөсү  мыйзамдагы уурунун эркиндигин олчойгон жашылбайларга сатып жибергендиктерин актоо үчүн эле өз ойлорунан чыгара коюшкандыктары оркоюп эле көрүнүп турат. Эмне үчүн биз минтип айтып жатабыз?

Эмне үчүн Шамиль Атахановду тандашкан?

Жаныш Бакиев Белоруссияда, ал акесине кошулуп алда качан эле ал өлкөнүн жарандыгын алып алган. Биринчиден, Белоруссиянын  жаранын тымызын уурдап, экинчи өлкөгө өткөрүп берүү сыяктуу авантюрага Россиянын атайын кызматтары эч качан барбайт. Антсе эки өлкөнүн ортосунда чоң  саясый жаңжал чыкмак. Экинчиден, Белоруссиянын атайын кызматтары деле аңкоо эмес, кимдерге дыкат көз салып турууну билишет. Мына ушуларды  билип, көрүп туруп, акыл-эси жайында турган  башкы чекист  Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге башма-баш алмаштырууну сунуш кылмак эмес.

Ш.Атахановдун чечендердин мыйзамсыз криминалдык сунушун АШАга жеткирип, ага Ж.Бакиев тууралуу өз сунушун кошкондугу эле анын моралдык, адеп-ахлактык жактан деградацияга учурай баштаган жетекчи экендигин айгинелеп турат. Эмне үчүн ошондогу кыргыз бийлиги Батукаевди  Курманбек Бакиевге эмес, Жаныш Бакиевге алмаштыргысы келген? Эмне деген менен 2010-жылдын апрелине чейин Курманбек Бакиев президент болуп турбады беле.  Анын андай сунушуна АШАнын макул болгондугу анын деградацияга учуроо жагынан Атахановдон  да өткөн инсан экендигин  гана ырастайт. Өзүн сыйлаган мамлекеттин жетекчилиги эч качан  криминалдык топтун жетекчилери менен тымызын сүйлөшүүлөргө барып, ОПГнын деңгээлине түшүп кетпейт. Анда мамлекеттин бедел-аброюнан эмне калат? Андайларга ага чейин абийир-намысын уятка кошо жалмап, моралдык чектөөлөрдөн биротоло чыгып кеткендер  гана барышы мүмкүн.

Мында пайда болгон дагы бир суроо: эмне үчүн чечендер  өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик башка органдардын мүдүрлөрүн эмес,  Шамиль Атахановду тандашкан? Бул жөн эле “балыкчы-балыкчыны алыстан көрөт” дегенден келип чыкканбы  же теги, же  жекече кызыкчылыктары боюнча  анын мурдатан чечен мафиясы менен байланышы болгонбу?

Тийиштүү укук коргоо органдары ушул жагын да иликтеп, тактап, сотко болбосо да коомчулукка жеткирүүлөрү керек болчу. Анткени, бул өңүттө эл арасында ар кандай версиялар айтылып жүрөт. Бирок, тилекке каршы, укук коргоо органдары Ш.Атахановдун версиясын чындык катары кабыл алып, андан чыгышпагандыгы азыр ачыкка чыгууда. Ш.Атаханов атайылап шефи экөөсүнүн күнөөсүн жеңилдетүү үчүн мифологиялык версияны оюнан чыгара койсо, ага  укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жетеленип кетишкендери өкүнүчтүү.

Чындап эле Кыргызстандын ошол  убактагы жетекчилиги Батукаевди коё берүү аркылуу Жаныш Бакиевди алып келүүнү чечишсе,  эмне үчүн аны аэропортто же башка жерде, маселен, айрым өлкөлөр кармалган  шпиондорун, Украина менен Россия  туткундарын чек араларында алмаштырышкандай, бирин экинчисине беттештирип тургузуп алып  башма баш алмаштырышпады?   Чечендер убадаларын убагында аткара албай калышса, эмне үчүн бардыгы коштоп барып, Азиз Батукаевди менчик  самолётко салып жиберишти? Эгерде Атахановдун версиясы чын болсо, чечендер  Жаныш Бакиевди алып келгиче, Азиз Батукаевди чыгарбай коё турганга милдеттүү эле. Бирок антишкен эмес. Кептин баары  башынан эле эки криминалдык тарапта андай макулдашуу болбогонунда, Батукаевдин эркиндиги нак  акчага сатылганында болуп жатпайбы!

Батукаевдин эркиндиги канчага сатылган?

Чеченстандын кримавторитеттери  “Азиз Батукаев айыккыс кан ооруусуна чалдыккан” деген кагаз үчүн алдын ала 150 миң доллар беришиптир. Бир онколог-гематологдун бир баракты толтурган эмгеги ушунчага бааланса, АШАнын, Шамиль Атахановдун, судьяга көрсөтмө берген Индира Жолдубаеванын, аны аткарган судьянын, процедурада каралган кошумча текшерүүнү талап кылбастан Батукаевди дароо бошотуп берген жазаларды аткаруу кызматынын, ИИМден коштоочу болуп жүргөндөрдүн, аларды көзөмөлдөгөн  прокуратуранын жетекчилеринин кызматтары канчадан бааланды болду экен?

Соттук кароолор тергеп-тескөөчүлөрдүн документтеринин негизинде улантылууда, дагы кандай жагдайлар ачыларын  билбейбиз, бирок биздин ишенимибизде, бул эч кандай атайын операция  эмей эле, Шамиль Атаханов менен Алмазбек Атамбаев биргелешип  пландаштырып, Бакиевдердин шылтоосу менен ишке ашырган эч кандай моралдык, адеп-ахлактык нормаларга сыйышкыс ири коррупциялык  долбоор болуп саналат. Нормалдуу мамлекеттин жетекчилери да  өз жарандарын топ-тобу менен өлтүрүп, айрымдарынын өлүктөрүн да кордогон кылмышкерди түрмөсүнөн чыгарып,  укук коргоо кызматкерлеринин коштоосунда салтанаттуу түрдө менчик учакка салып чет өлкөгө  учуруп жиберчү беле?! Ал погончондордун бардыгынын бетине түкүргөнгө барабар шермендечилик. Аны уюштургандардын өздөрү чимкирик.

Кредиттерге, гранттарга, “капчыктардан” бөлүштүрүлгөндөргө да тойбогон Атамбаев  киши өлтүргүчтүн эркиндигин сатуунун  эсебинен да пайда көрүп калгысы келгенден улам гана Батукаевге байланышкан криминалдык долбоор ишке ашырылган. Анын андай экендигин Адам Делимханов “Манас” аэропортуна менчик самолет менен учуп келгенде ал учактан түшпөй бортко Кыргызстандын УКМКсынын жетекчиси Ш.Атахановду чакыргандыгы  да кыйыр ырастап турат. Ал анысы менен  “акчаны алгандан кийин кыйшалаңдабай убадаңарды аткарбайсыңарбы, мен төлөөрүн төлөдүм, эмнеге силер кечиктирип жатасыңар” дегендей сес көрсөткөнү байкалып турбайбы. Чын эле акысы төлөнгөндөн кийин ОПГнын мыйзамы боюнча убада кылынган аткарылышы керек. Ал криминалдык долбоордон кимдин канча пайда көргөндүгү деле убагында айтылган, жазылган, ага аралашкандардын арасында Ш.Атахановдун баласы  да болгон. А.Батукаевди учак менен ошол камсыз кылган. Эгерде жекече  чоң кызыкчылыгы болбосо, Ш.Атаханов кылмыштуу ишке баласын неге  аралаштырат?  Аябагандай чоң “колуштук” болмоюнча акыл-эстүү адам баласынын тагдырын тобокелдикке салбайт.

Эгерде аларды биздин укук коргоо органдарыбыз  тактап, тастыктап, аталган жана сурак бере элек  фигуранттардын ар кимисинин күнөөлөрүнө жараша жаза беришпесе, эртедир-кечтир чечендер өздөрү ачыкка чыгарышып, Кыргызстанды дагы бир жолу шерменде кылышат. Мүмкүн, алар ошол максатта ушул убакка чейин унчукпай жатышкандыр...

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Тема: