Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 486

Мезгил-баам

Чолпон Жакупова 50 миң долларды кантип актоодо?

Цивилдүү өлкөлөрдө сырттан каржыланган мекеме-уюмдардын бардыгына саясатка аралашууга категориялуу түрдө тыюу салынат. Анткени, сырттан каржылангандар шпиондордой эле донорлорунун гана буйрутмаларын аткара тургандыгы, аларды өздөрү жашап турган өлкөнүн абалы, келечеги кенедей да кызыктырбастыгы кимге деле болсо түшүнүктүү. Демократиянын флагманы делген АКШда андай сырттан каржылангандардын саясатка аралашуусуна тыюу салган мыйзам мындан жүз жылдай  мурда эле кабыл алынган. Ал эми бизде пикеттерди, митингдерди, элди мамлекеттик органдарга каршы көкүтүп, козуткандардын, атүгүл төңкөрүштөрдү уюштургандардын арттарында сырттан каржыланган өкмөттүк  эмес уюмдар, ЖМКлар, айрым чет өлкөлөрдүн элчиликтери тургандыгын бешиктеги бала деле билет. АКШнын ошол убактагы Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын “Акаевди биз кетирдик” деп мактанганы  эсибизден чыга элек.

Жаңы бир мисал. Мындан бир нече жума мурда Чолпон Жакупова деген айымдын “Сорос-Кыргызстан” фондунан чукул абал убагында ЖМКлардын жана жарандардын укуктарын коргоо үчүн 50 миң доллар грант алгандыгын айрым ЖМКлар маалымдашкан. Чукул абал убагында басылма ЖМКлардын бардыгы иштешпеди, басмаканалар иштебесе, алар  жазма продукцияларын кайдан чыгарышмак эле. Жакупова алган гранттын канчасы иштебеген басылмаларга, электрондук ЖМКларга жеткенин билбейбиз, бирок ал грант алгандан бери эле “сырттан Кыргызстанга келген жардамдардын, кредит-гранттардын бардыгы уурдалып жатат”- деген мааниде ызы-чуу салганга өткөнүн социалдык тармактарды чукулагандар жакшы билишет.

Мурда адам укуктары менен алектенип келген айымдын иш чөйрөсүн кескин өзгөртүп,  каржылык маселелерге өтүп кеткендигинин себеби эмнеде? Биздин баамыбызча, “Сорос” фондунан берилген 50 миң доллар, элестүү айтканда, алгачкы эле транш. Айрым чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары, “түстүү төңкөрүштөрдү” уюштургуч эл аралык уюмдар коронавирустун кесепеттеринин шылтоолору, бешинчи колоннадагылардын жардамдары   менен “под шумок”  өз кызыкчылыктарын сезилерлик алга жылдырып алганга  аракеттенип жатышат. Же грант жегичтер үчүн “түшүмдүү” сезон башталганы турат. Бул өңүттөн алганда Жакупова айымдын эпатажын неге өзгөрткөнү өзүнөн-өзү түшүнүктүү болот. Ал бир жагынан Соростун акчасын актоого аракеттенсе, экинчи жагынан башка грант бергичтердин да көңүлдөрүн өзүнө бурганга ак эткендин так этип, чый-пыйы чыгып  жатат.

Сырткы жардамдардын канчасы эмнелерге жумшалууда?

Каржы  жаатындагылардын болжолдору боюнча, быйыл республикабыздын бюджетинин таңсыктыгы 37 миллиард сомду түзөт. Эгерде илдет ооздукталбай, негизги бюджет түзүүчү Бишкек менен Ошто карантиндик чектөөлөр улантыла берсе, таңсык  каражаттардын көлөмү андан да ашып кетиши мүмкүн. Эң негизгиси, илдеттин экинчи толкунунан кудай сактасын. Бюджеттик жетишпестиктерди жабуу үчүн мамлекет башчысы сырттан жалпы көлөмү 450 миллион долларлык жардамдарды, кредиттерди, гранттарды тартканга макулдашты. Бирок, Жакупова айым баштагандар айгай салып жатышкандай, алардын бардыгы эле Кыргызстанга  келе элек. Алардын көпчүлүгү бөлүнүп-бөлүнүп транш түрүндө берилет. Алсак, бюджетти колдоо үчүн Эл аралык  валюталык фондудан 120 миллион доллар КРнын Финансы министрлигине келип түшсө, алар мугалимдердин, врачтардын, бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин айлыктарын бергенге, илдетке каршы медициналык препараттарды, материалдарды, жабдууларды сатып алганга жумшалууда.  Дүйнөлүк  банк коргоочу костюмдарды жана  жасалма дем алдыруучу аппараттарды, медикаменттерди сатып алууга  9 миллион доллар берди. Азия Өнүктүрүү  банкы саламаттыкты сактоо тармагын колдоого 20 миллион долларды убада кылган, бирок азырынча бөлүнө элек. Же макулдашылгандардын үчтөн биринен азы гана келген, калганы түшө элек.

Сырттан келген каражаттардын максаттуу жумшалуусун  бир жагынан донорлор өздөрү   көзөмөлдөшүп, мониторинг жүргүзүп, ошого жараша этап-этабы менен кийинки бөлүктөрүн берип турушса, экинчи жагынан  алар түздөн-түз финансы министрлигине келип түшкөндүгүнө  байланыштуу парламенттин, Эсептөө палатасынын тикеден тике көзөмөлүндө болот. Мындай шартта уурдоого жол берилбестигин эсеп-кысаптан аздыр-көптүр кабары барлар, анын ичинде Жакупова өзү деле жакшы билет. Бирок, ал өз донорлорунун буйрутмаларын аткаруу үчүн  жалганды чындай кылып көрсөтүүгө  далалаттанып жатат окшойт. Бул тууралуу орустар “кто платить, тот закажет музыку” деп эң туура айтышкан. “Бекер оокат капканда гана болот” дегендей, алар  он миңдеген долларларды орто жаштан өтүп калган эжекелерибиздин жакшынакай көздөрү же чиймейген каштары үчүн беришпей тургандыгы шексиз. Мындай өңүттөрдөгү  ашкере буйрутмаларды аткара бергендер саясый гана эмес, моралдык жактан да эртели-кеч Моссоветти, Цирк тарапты сагалагандарга окшошуп калышарын да эсибизден чыгарбасак.

 Президент эл эгеси, журт башчысы экендигин ырастады

Дүйнөдөгү пандемиялык абалды бардыгыбыз көрүп, күн сайын талдоо жүргүзүп турабыз. Коронавирус деген балээ дүйнөдөгү экономикалык гигант өлкөлөрдүн да айлаларын кетирип, триллиондогон долларлык чыгымдарга дуушар кылууда. Илдетке чалдыккан бир адамды айыктыруунун чыгымы өлкөлөрдүн саясый, географиялык өзгөчөлүктөрүнө, каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша 3 миң доллардан 62 миң долларга чейин жетүүдө. Анын алдын алууга, таркатпоого жумшалгандарды кошкондо астрономиялык суммаларды түзүүдө. Мына ушуларды көрүп туруп, алгачкы илдетке чалдыккандар аныкталар менен Кыргызстандын айрым аймактарына катаал карантиндик чаралардын, анан чукул абалдардын киргизилгендиги эң туура болгондугуна ким да болсо ынанат. Илдетти жашыргандардын, ага ачыктан ачык маани бербеген мамлекеттердин абалдары кандай болуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Аларды атоонун зарылчылыгы жок, КМШдагы абалга көз салып тургандар кайсыл мамлекеттер жөнүндө сөз болуп жаткандыгын биз айтпасак деле түшүнүшөт.

Эки ири шаардагы көпчүлүк ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын  айлап иштебей турганы, тышкы экономикалык жана соода байланыштар токтоп калганы - экономикабызды оор жоготууларга учуратып, артка кетирүүдө. Бирок, илдет өлкөбүздү массалык түрдө каптап кетсе, жоготууларыбыз азыркыдан алда канча көп болмок. Мына ушул жагдайды дайыма көңүлүбүздө тутуубуз керек. Анан мекендештерибиздин өмүрлөрүнөн, ден соолуктарынан кымбат эч нерсе жок, болушу да мүмкүн эмес.

Ооба, мамлекет башчысы, Өкмөт марттын аягында оперативдүү туура чараларды көрүштү. Кудай сактасын, эгерде айрым башка өлкөлөрдөй  Кыргызстанда да күн сайын жүздөп, миңдеп илдетке чалдыккандар чыга баштаса, элибиздин, өлкөбүздүн  абалы кандай болмок? Муну ойлогондо денең дүркүрөп, заманаң куурула түшөт. Ачыгын айталы, андай абалдан бизди президент менен өкмөт гана сактап калды. Бирок, тилекке каршы, андай коркунуч дагы деле бар. Сырт жактардан  чартердик рейстер менен тынбай мекендештерибиз келип жатышат. Оренбургдун жанынан келгендердин жарымы илдетти жуктургандар болуп чыгышты. Айрым адамдарга илдет жукса да чегине жеткиче симптомдору билинбей жүрө бере тургандыгы да айтылууда. Ага айрымдардын жоопкерсиздиктери да кошулууда. Эгерде тургундар марттын аягында апрелдин  биринчи жарымында аздыр-көптүр карантиндик  талаптарды сактоого аракет кылышса, акыркы күндөрдө ага маани бербей, көчөлөрдө түгүл, дүкөндөрдө, базарларда, эл чогулган жерлерде беткабы жоктордун көбөйүп бараткандыгы байкалууда.

Экономикалык блокту жетектеген вице-премьер-министр Э.Асрандиев айткандай, мамлекет башчысынын тынбаган иш аракетинин натыйжасында  Кыргызстандын карантиндик чаралардан жоготкондорунун ордун толуктай турган каражаттар да табылууда. Президентибиздин, биздей башка өлкөлөрдүн жетекчилеринин талаптары боюнча дүйнөдөгү экономикасы чоң 20 мамлекет аларга карыздардын  быйылкы төлөмдөрүн кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алышты. Дүйнөлүк  эл аралык финансылык  уюмдар, мекемелер карыздарыбызды реструктуризациялоону да караганы жатышат. Өкмөт майда жана чакан бизнестегилерди жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылууга 14 миллиард сом тапты, ал сумманы дагы көбөйткөнү жатат. Карантиндик  тартиптер киргизилген аймактардын бардыгында убактылуу иштебей калган кирешелери аз үй бүлөлөрдүн бардыгына бир эмес эки жолудан натуралай жардамдар көрсөтүлдү. Өкмөт 11-майдан тартып карантиндик аймактагылардын экономикалык иштерин жандандыруунун  экинчи этабын баштады. Тү, тү, көз тийбесин Кыргызстан илдеттин жайылуусуна жол бербөө, ага каршы күрөштүн натыйжасы боюнча Борбордук Азияда гана эмес, жалпы КМШга кирген өлкөлөрдө эң алдыда келе жатат.

Булардын бардыгы мамлекет башчысынын күнү-түнү тынбаган иш аракети, бийликтин калган бутактарын оптималдуу координациялап, өкмөттү кошо алга сүйрөп, туура уюштуруусу аркылуу жетишилгендигин калыстык үчүн белгилей кетүү зарыл. Президент кыйын учурда өзүн  чыныгы эл эгеси, журт  башчысы экендигин иш жүзүндө далилдей алды. Чындыгында азыр элдин ишенгени да, таянганы да  президент.  Ал колдобосо, өкмөттү Жогорку Кеңештеги олигархтар, эркек-ургаачылары аралашкан базаркомдор  заматта  өздөрүнүн бир кызыкчылыгы үчүн садага чаап, “закүске” кылып коюшат. Ал эми  Жогорку Кеңеш конкреттүү чарбалык, социалдык маселелерге жооп бербейт, акыл үйрөткөндү, сындаганды, опузалаганды гана жакшы  билет. Мындай учурда президенттин орду жана ролу биринчи планга чыгып, эл ага гана ишеним артып, андан гана үмүт кылып кала тургандыгын азыркы коогалаңдуу мезгил өзгөчө даана көрсөтүүдө.

Сырттагылардын  буйрутмаларын  аткарып жаткандар  чоң-чоң гонорарларын кантип актайбыз дешсе, ыктыярлары өзүндө, аларды кудайга койдук,  кербен жүрө берет, бирок азыркыдай оор учурда биз мамлекет башчысы, Өкмөт менен бир болуп, өлкөбүз азыркыдай сыноодон кыйналбай чыгып кетүүсүнө ар кимибиз өз салымдарыбызды кошуубуз керек. Ал эми чоңубузбу, кичинебизби, айтор, бардыгыбыздын эле колубуздан келе турган биринчи салым, бул - карантиндик тартиптин эрежелерин кыйшаюсуз  сактоо болуп саналат.  Тилекке каршы, айрымдарыбыз аны да аткарбай, алүчүн да бийликтегилерди сындап  жатабыз.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (448), 15.05.2020-ж.