COVID-19 пандемиясы дүйнөдөгү диктаторлор менен авторитардык лидерлердин чырагына май тамыздыбы?

Австриядагы Грац университетинин Түштүк-Чыгыш Европанын саясаты жана тарыхы боюнча профессору Флориан Бибердин оюн уктук.

- Флориан мырза, коронавирустан улам дүйнөдө мурда болуп көрбөгөн карантин өкүм сүрүп жатат. Көпчүлүк өлкөлөр, алардын ичинде Батыш мамлекеттери да вирустун жайылышынын алдын алуу үчүн жарандардын ээн-эркин кыймылын чектөөгө аргасыз болушту. Бирок дүйнөдөгү авторитардык лидерлер мындай кырдаалды өз пайдасына колдонуп жаткан жокпу?

- Бул - жарандык эркиндикти жана демократиялык принциптерди чектөөгө шарт түзгөн кооптуу жана кайталангыс учур. Демократия калыптанган өлкөлөрдө деле атуулдардын тынч жыйын өткөрүү укугуна жана эркиндигине чектөө коюлду.

Эгер сиз дүйнөнүн кайсы бир бурчундагы автократ лидер болсоңуз, жарандардын эркиндигин чектөөгө мүмкүнчүлүк алып жатасыз. Сиздин башкы максат пандемияга каршы күрөш болбошу деле мүмкүн же сиз кош максатты көздөшүңүз мүмкүн. Тагыраак айтканда, пандемияны оозуктоого жардам берген ыкмалар андай лидерлердин жеке кызыкчылыктарын алга сүрөөгө да көмөктөшүп жатат.

Демократиялык өлкөлөр эркиндикти чектесе да, этият мамиле кылып, убактылуу, пропорционалдуу чараларды кабыл алганга аракеттенип жатышат. Ал эми автократ жетекчилер мындай чектөөлөрдү жакшы көрүшөт. Алар демократиялык өлкөлөр кабыл алып жаткан чараларды өздөрүнүн авторитардык режимин актоо үчүн колдонуп жатышат.

- Коронавирустан улам жакында Венгрияда өзгөчө абал белгисиз мөөнөткө жылдырылып, премьер-министр Виктор Орбандын өлкөнү парламенттин макулдугу жок эле декреттер менен башкарууга мүмкүнчүлүк алганы катуу сынга кабылды. Мындан башка кандай мисалдарды келтирүүгө болот?

- Түрдүү мисалдарды көрүп жатабыз. Маселен, Польшада бийликтеги коалиция май айында президенттик шайлоону өткөрө берели деп жатат. Бирок мындай шартта өнөктүк ээн-эркин жана ачык-айкын болбойт. Бийликте турган президенттин шайлоону утуп чыгуу шансы жогору болот. Бул мисалда шайлоону жылдырбай коюу демократияга каршы келип жатат. Себеби, көп эл катыша албаган жыйын өткөрө албасаң, шайлоодо атаандаштыкка туруштук бере албайсың. Кризис маалында маалымат каражаттарынын көңүлү бөлүндү болуп калат. Израилде маанилүү сот иштери [ред. - премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун соттук иштери] кийинкиге жылдырылат.

Тескерисинче, Сербияда сот иштери видео конференция аркылуу өткөрүлүүдө. Бул сот системасынын көз карандысыздыгына шек келтирет. Мындан тышкары бир катар өлкөлөр жалган маалыматты же ушаң-айыңдарды токтотот делген мыйзамдарды кабыл алышты. Бул кооптуу!

Албетте, дүйнө жүзүндө жеке адамдар же өкмөттөр жалган маалыматтарды таратып жактанын билебиз. Бирок мындай мыйзамдар өкмөттү сындагандарды куугунтуктоого жол ачып коюшу мүмкүн. Сербия, Босния сыяктуу бир катар өлкөлөрдө мындай эреже же мыйзамдар ушак-айыңдарды тараткандарга эмес, көз карандысыз журналисттерге каршы колдонулуп жатат. Мындан тышкары жалган маалымат тараткан адамдар да ашкере катаал жазага туш болгонун көрүп жатабыз. Индияда мындай чаралар коомдун алсыз жана аярлуу катмарын бутага алууда. Андыктан түрдүү окуяларга күбө болуп жатабыз.

Сиз айткан Венгрияда өзгөчө абал аяктагандан кийин бул эрежелер артка чакыртылышы мүмкүн. Бирок өкмөт бийлигин бекемдеп, оппозицияга сокку ура турган маанилүү чечимдерди кабыл алууга үлгүрүшү ыктымал. Маселен, Венгрияда пандемияга каршы күрөшкө көмөк көрсөтө турган фонд түзүлдү. Бийлик саясий партиялардын баарын каражатынын жарымын бул фондго төгүүгө мажбурлап жатат. Албетте, бийликтеги партиянын ресурстары көп. Бирок оппозициянын чамасы чак. Бир чечим менен эле оппозициянын мүмкүнчүлүгүн чектеп коюп жатасың. Буга көз салып турушубуз керек.

- Айтмакчы, Азербайжандын лидери коронавируска байланыштуу кырдаалды саясий каршылаштарын бутага алуу үчүн колдонуп жатканын сиз “Foreign Policy” басылмасындагы макалаңызда белгилеп өткөн элеңиз. Ошондо көп өлкөлөрдөгү карантин оппозицияны аксатып койду десек болобу?

- Ооба, Азербайжандын мисалы чектен ашкан. Бул демократиялуу мамлекет эмес. Президент оппозицияны “бешинчи колоннага” каршы күрөшкөндөй эле бутага алуу керектигин айтты. Алар оппозиция менен вирусту бири-бирине байлаганга аракет кылышууда. Мындайды башка өлкөлөрдөн да көрүп жатабыз.

Чоң муштум лидерлер сын айткандарды “вируска жардам бергендер” катары мүнөздөшүүдө. Венгриянын премьер-министри Орбан да ушундай терминди колдонду. Сербиянын президенти Александр Вучич оппозицияны “вирусту жактайт же вирусчул” деп сыпаттады.

Албетте, кризис маалында кызматта отурган жетекчилердин бийлиги бекемделет. Биринчиден, алар мындай шартта тынымсыз телевизордон чыгып турушат. Демилге алардын колунда болот. Саясий дебаттарга дээрлик мүмкүнчүлүк болбойт. Демократиялуу өлкөлөрдө деле карантин кызматтагы жетекчиге пайдасын тийгизиши мүмкүн. Бирок авторитардык же гибрид режимдерде бул өтө кооптуу.

Себеби оппозициянын ансыз да чектелүү кычкылтеги ого бетер кысылышы мүмкүн. Бийликте отургандар кырдаалды оппозицияны сындап, аларды “вирусчул” деп мүнөздөө үчүн колдонуп кетишет. Албетте, кайсы бир саясатчыны “вирусту колдойт” деп сындоо акылга сыйгыс нерсе. Бирок биз мындай көрүнүштөргө Азербайжанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да күбө болуп жатабыз.

- Алдыда айтылгандай, демократия калыптанган Батыш өлкөлөрү деле коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн катаал чараларга барууга аргасыз болду. Мындай шартта карантиндин талабы менен жарандардын эркиндигинин ортосундагы чекти кантип табуу керек?

- Чынында, бир нече принциптер сакталышы керек. Биринчиден, бардык чаралар убактылуу болушу зарыл. Аларды аягына чыгарган так механизмдер жазылышы керек. Маселен Венгриянын мыйзамында өзгөчө абал 15 күнгө жарыяланат деп жазылган. Бирок өкмөт сунуштап, парламент бир күндө кабыл алып берген мыйзамда бул чектөө алынып салынды. Албетте, 15 күн аз, көбүрөөк убакыт керек экени талашсыз. Бирок мыйзамда карантин качан аяктаары көрсөтүлбөгөнү жана аны өкмөт өзү чечери маселе жаратат.

Мындан тышкары көрүлгөн чаралар чектен чыкпашы керек. Мисалы либералдык-демократиялык өлкөлөрдө парламенттер ишин улантып жатышат. Тиешелүү коргонуу чаралары көрүлгөн болсо, парламенттин ишин токтотуунун зарылчылыгы жок. Батыш Балкан аймагында коменданттык саат 16 сааттан ашкан учурлар болду. Адамдар узак убакытка сыртка чыга албай калышты. Бул максатка ылайык эмес.

Акырында, ачык, так байланыш камсыздалышы зарыл. Бул жараянга оппозициянын өкүлдөрү да, башкы коомдук ишмерлер да катышканы оң. Кабыл алынган чечимдерди сын көздөн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү абзел. Себеби, мындай шартта бир дагы өкмөттүн иши кынтыксыз болбойт. Көп өлкөлөр түрдүү ыкмаларды колдонуп, түрдүү жыйынтыктарга жетишүүдө. Эгер кайсы бир өкмөт “биз эмне кылышты билебиз, бизди сындагандар оозуңарды жапкыла” деп жатса, анда алар элдин талабын толук аткара албайт.

Кырдаал “сыноо жана каталардан” кийин оңолот. Австрия менен Германия сыяктуу өлкөлөр өз позициясын улам кайра карап жатса да дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу жакшы жыйынтыктарга жетише алышты. Анткени бул өлкөлөр сынчыл көз караштагы эксперттер менен ачык талкууларды өткөрүп жатышты. Жыйынтыктай турган болсок, карантин чаралары башка максатта колдонулуп кетпеши үчүн чектөөлөр убактылуу, пропорционалдуу жана ачык болушу керек.

- Эгер постсоветтик чөлкөмгө көз салып жүргөн болсоңуз, алардын арасында авторитардык деп мүнөздөлгөн режимдер аз эмес. Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү карантин чараларына кандай баа берет элеңиз?

- Көрүлгөн чаралардын көбү ачык-айкын, так эмес. Өкмөттөрдүн эл менен байланышы да ачык эмес. Бул авторитардык режимдердеги башкы маселелердин бири. Алар респрессивдүү ыкмаларды жакшы билишет. Демократиялуу мамлекеттерге салыштырмалуу мындай өкмөттөрдүн аппараты коомдук кайсы бир катмарын оңой эле обочолонтуп кое алат. Себеби демократиялуу өлкөлөр кайсы чечим эмне үчүн кабыл алынып жатканын жакшылап түшүндүрүп бериши керек. Авторитардык режимдер түшүндүргөндү билишпейт. Мындайды Орусиядан байкап жатабыз. Постсоветтик чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдөгү кырдаалга жакшы көз сала алган жокмун.

Авторитардык режимдерде коомдун өкмөткө ишеними аз болот. Андыктан мамлекет элге төкпөй-чачпай түшүндүрүүгө эмес, күчкө басым жасайт, сын-пикирлерди азыраак кабыл алат. Орусияда калыптанган бир ыкма бар. Эгер бир нерсе туура эмес кетсе, Кремль жоопкерчиликти алгандын ордуна, жергиликтүү мэрлерди, губернаторлорду күнөөлөп калат. Бул абдан коркунучтуу. Себеби оңдоп-түзөтүүлөргө мүмкүнчүлүк болбойт. Бир күн бир нерсе, экинчи күнү такыр башка нерселер айтылгандыктан, коомчулук да дендароо болуп калат. Себеби чечимдердин артында кандай ниет жатканын жакшы түшүндүрүшпөйт.

- “Freedom House” уюму дүйнөдө демократиянын абалы ансыз 14 жылдан бери менен артка кетип баратканын билдирип келет. COVID-19 пандемиясы бүткөндөн кийин эмне болот? Демократиянын деңгээли андан да төмөндөйт деп айтуу канчалык жүйөлүү?

- Менимче, бул кыска эмес, орто мөөнөтүү кризис. Бул биринчи маселе. 30-апрелде же 30-мартта эпидемия бүтүп калат деп айта албайбыз. Эксперт, медиктердин айтымында, бул процесс узакка созулат. Андыктан демократиялуу мамлекеттерде кайсы бир чаралар бир нече айга, балким жылдарга да созулушу мүмкүн. Андыктан көрүлгөн чаралар көпчүлүк өлкөлөрдө кадыресе көрүнүшкө айланып калуу коркунучу бар. Эл аралык коомчулуктун талабы менен өзгөчө абал учурундагы ыйгарым укуктар токтошу мүмкүн.Бирок, мен башында айткандай, анын кесепети сезиле берет. Анткени бул мөөнөт ичинде кабыл алынган чечимдер бийликте отургандын пайдасына туруктуу иштей бериши мүмкүн. Кайсы бир чаралар улана бериши да ыктымал.

Мисалы либерал-демократиялуу өлкөлөрдө адамдардын кыймылын көзөмөлдөгөн тиркемелер иштеп жатат. Мобилдик компаниялар менен өкмөттөр жарандардын кайда жүргөнүн текшерип жатышат. Пандемияга каршы иштелип чыккан мындай көзөмөл жүргүзүүчү технологиялар авторитардык лидерлердин көзүн кычыштырбай койбойт. Андыктан мындай мамлекеттерде өзгөчө абал сакталат деген кооптонуу бар. Ал эми демократия менен авторитаризмдин ортосунда турган гибрид өлкөлөр өзгөчө абалды токтоткону менен кайсы бир чараларды сактап калышы мүмкүн. Бул дүйнөдөгү демократиянын абалы үчүн жакшы жаңылык эмес.

Кубат Касымбеков
"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти.