Печать
Категория: Цитата
Просмотров: 573

С.Кайыпов: "Мындай кырдаалда жарандыгы жок пенделерди да жат саноого жол бербөө, аларга да өздөй кам көрүү – адамдык ыйык милдет"

Биздин эң негизги, эң аялуу байлыгыбыз – адамдарыбыз. Дегинкисинде, ар кандай өлкө үчүн анын жарандарынын тутунган динине, таандык болгон этносуна, туулган жерине, карманган саясатына, жаш-карысына карабай, ар бир инсанынын өмүрүнөн өткөн кымбат, андан өткөн ыйык эч нерсе жок. Биз үчүн андан бетер... Мындай кырдаалда жарандыгы жок пенделерди да жат саноого жол бербөө, аларга да өздөй кам көрүү – адамдык ыйык милдет.

Атаганат, биз - бизбиз... Биз калган далай байлыктарыбыздын баркына, ачык айтайын, чындап жете алган жокпуз: алтын-күмүштөн баштап энергия булактарына чейин алдым-жуттум шумпайлардын колуна өтүп кетти - чыныгы ээсине кай убакта, кандайча кайтып берилери али белгисиз; рухий байлыктарыбыз мурункусу да, кийинкиси да майкандалып, зыянкордо кескилердин жемине айланып бүттү - качан, кантип өз ордуна кайра келери беймаалым; ыйык жерибиз түшүрүлгөн картанын жээктери эле эмес, ортолору да талашка түшүп туру - кайсы күнү, кандай болуп чечилерин азырынча эч ким ачык айта элек. Көр оокаттын айынан элсизде кор болуп өтүп жаткан өмүрлөрдү, кыйраган тагдырларды айтпайсыңбы... Кайсы бирине күйөсүң!

Мамлекетибиз болсо, ирдене албай, эчен жылдан бери өзүбүздүн эле жедеп артта калган, жердешчилдиктин уусуна чыланып бүткөн коомубуздан да бетер артта калып, илээлеп араң келе жатыры. Ичиндеги котур ташы чыдатпай, айла-аргасы түгөнгөндөр “өлкөбүздү өнүктүрөлү, намысыбызга келели, байрагыбызды бийик көтөрөлү”- дегендин ордуна көчө чаңытып, эл топтоп, акча сарптап митинг өткөрүп жатышат. Алардын ой-максаттары белгилүү. Мүдөөлөрү бирөө эле - азыркы өлкө жетекчилерин жүдөтүү... мамлекетке зыян кылуу... Ошону демократия деген сөзгө жамынып алып, билип туруп, атайылап жасап жатышат. Демократия деген өлкө мыйзамдарына баш ийүү, алардын талабын кынтыксыз орундатуу экендигин унутуп бүтүшкөндөй... Арабызда ээн ооз сөз сүйлөп, эреже бузганды демократия экен деп түшүнүп алган кеңкелестер андан да арбын. Айта берсең арман көп...

Мына эми, какаганга муштаган болуп, биз эмес мынабу чоң кошунабыз Кытайдын шаштысын кетирген кесепеттүү илдет да качырып кирип келди. “Бечелге жөтөлдүн кереги бар беле” дегендей... Бул илдет эң акыркы, эң аялуу байлыгыбызды - адамдарыбыздын ден соолугун, өмүрүн бизден талашканы, былжырап карап турсак, далайын сыздатып туруп колубуздан тартып алып кеткени келди. Бизди кылым сыноосунан өткөзгөнү келди, билгенге! Биз эми эсибизди чындап жыйып, ыркыбызды ыдыратпай, ынтымакта болуп, ыкчам киришип, бул апаатты биргеликте жеңүүгө милдеттүүбүз. Ата-тектин, жалпы адамзат алдында милдеттүүбүз!

Билбегендер билип коюшсун, көз карашы чектелген көр пенделер, ичи каралар, өчүгүшкөндөр, кекчилдер, бөлүнгөндөр, саткындар, жүүнү боштор, ыркынан тайган ырысы жоктор... бул сыноодон эгерим аман-соо өтө албайт. Бул жерде: рух - биринчи, материя - экинчи; ашынган материалист философтор тарынышпасын, бул сапар, рух материяны аныктайт, ниет материяга айланат. Ушундай...

Бул илдет - чоң сыноо, элге келген сыноо, эл башчыларына келген сыноо, ар бир жаранга келген сыноо. Бул каран калгыр вирус жүрүп отуруп, адамдардын ортосундагы мамилелерди, өлкөлөрдүн ортосундагы алакаларды кайрадан карап чыгып, алардын көп жактарын өзгөртүү, жаңылоо керектигин бизге таанытканы, көзгө сайып көрсөткөнү келди; Жараткандан уста, адилет, билгич, күчтүү эч нерсе жок экенин сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө моюнга алдыруу үчүн келди. Курулай мистификациялап жаткан жерим жок, чынында эле ошенткени, эсиргендерди эс-акылга чакырганы, каталарды оңдоткону келди.

Кантсе да, кыргыз эли - миңдеген жылдар бою башынан ар кандай жакшылык-жамандыкты көп өткөрүп, генетикалык, социалдык эстутумунда элде жок тажрыйба, ой-бүтүмдөрдү, иммунитеттерди сактап келе жаткан эл. Аны менен тарых сахнасына бирге чыккан далай элдердин азыр өзү тургай аты жок. “Өлгөн сайын өрчүп, түгөнгөн сайын түтөп” отуруп, далай-далай сыноолордон аман-соо өтүп келип ушул күнгө такалды. Бул сыноодон да башы бүтүн, боору эсен, абийир менен өтөрүбүзгө ишенели.

Башка түшкөн бул апаат менен таймашып жатканда элибиз ынтымактуу, биримдиктүү, тартиптүү; өлкөбүздүн жетекчилери ыкчам, көрөгөч, калыс; ал эми жарандарыбыз акыл-эстүү, ыйман-ынсаптуу жана сабырдуу болушун тилейм. Айрыкча, бөлүнүп-жарылуу, ичи тардык, көрө албастык, ач көздүк, кекчилдик, куулук, кытмырлык, алдамчылык сыяктуу улутубуздун уңгусун митедей жеп, акырындап этномүнөзгө айланып бара жаткан жаман сапаттардын аларды алып жүргөн жеке кишилер гана эмес, жалпынын да ырысын курутчу терс өнөкөттөр экенин чындап биле турган, алардан арыла турган кез келди. Бул өнөкөттөрдүн ордун элибиздин этносимволдоруна айланган айкөлдүк, кечиримдүүлүк, ынтымактык, биримдик, сабырдуулук, канээттүүлүк синергетикасы кайрадан ээлесе, биз өтөсүнө чыга албаган иш, биз жеңе албаган апаат жок экенине ишенем.

Жаманды да жакшылыкка колдонгонду билели! Ооруп сакайган дененин анын ооруй элек кезиндеги абалына караганда алда канча жакшы болорун эстен чыгарбайлы! Күрөшүп жатып оожалалы, өнүгүүнүн жаңы жолуна түшөлү. Дүйнөгө баягы-баягы кыргыздардын укум-тукумдарынан экенибизди көрсөтөлү!

Булак: “Майдан.kg” газетасы

Тема: