Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 681

Демократиялык сабактар

Азыр мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, жалпы элдин алдында коронавирус алааматын ооздуктап, анын жайылуусун токтотуудан өткөн зарыл милдет жок. Эгерде ага каршы бардык мүмкүнчүлүктөр мобилизацияланбаса, көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экендигин Италия, Иран сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбалары көрсөтүүдө. Ал эми илдеттин очокторун убагында аныктап, жоюп, залалсыздандыруу аябагандай чоң чыгымдарды талап кыларын Кытайдын Ухань шаарындагы, Хунань провинциясындагы иш аракеттер ырастады. Өткөн жылдын декабрынын аягынан ушул жылдын мартынын ортосуна чейинки илдетке чалдыккандарды дарылап, айыктыруу, алдын алуу жана карантиндик иштерге 180 миллиард долларга жакын каражат чыгымдалгандыгы маалымдалды.

3 триллион долларлык алтын валюталык кору бар Кытай үчүн ал чыгымдар бюджетине өтө оорчулук келтирбеши мүмкүн, бирок мурдатан бюджеттик таңсыктыктын бир бөлүгүн гранттардын эсебинен жаап келген биздин өлкө чындыгында эле экономикалык, каржылык жактан аябагандай чоң сыноого тушукту. Анын үстүнө товарлардын ички-тышкы агымдары кыскарып, айрым тармактарда өндүрүштүн көлөмүнүн азаюсунан улам бюджеттин киреше бөлүгү пландан 15 пайызга аз болору болжолдонууда. Мындай учурда өкмөттүн зарыл эмес бюджеттик чыгымдардын  баарын кыскартканга өткөнү эң туура чаралардан. “Үнөм, үнөм жана дагы үнөм” деген башкы ураан кылынып алынбаса, илдетке каршы иш-аракеттерди каржылаганга акча жетишпей калуусу да ыктымал.

Мындай учурда айрым эл үчүн күйгөн ишкерлердин коронавируска каршы күрөшкө өз каражаттарынан акча берип жатканы жакшы көрүнүш. Ал жалпы элдик кыймылга айланса, дарылоо, алдын алуу жана карантиндик иштерди гана эмес, ооруканаларда, обсервацияларда дартка чалдыккандардын ден соолуктары үчүн күрөшүп жатышкан ак халатчандардын эмгектерин, мээнеттерин татыктуу баалаганга да мүмкүнчүлүктөр түзүлмөк. Алар белгилүү өлчөмдө өз өмүрлөрүн тобокелге салып иштеп жатышат. Дартка чалдыккандар менен күндө аралашып жүргөн  чоң тобокелчилик, чоң эрдик, демек, бюджеттин айрым беренелери кыскартылса да, алардын эмгектери татыктуу бааланышы керек.

Алааматтан да пайда тапкысы келгендер болууда

“Бирөөгө-ый, бирөөгө-той” демекчи, республикабыздагы эпидемиялык оор кырдаалды өздөрүнүн жекече кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга аракеттенгендер да болду, андай аракеттер азыр да улантылууда. Кыргызстанда алгачкы илдетке чалдыккандар катталган күнү айрым ишкерлер, сатуучулар ундун баасын 30-40 пайызга чейин (айрым жерлерде андан да көпкө) кымбаттатып, ал аз келгенсип ашыкча имиштерди таркатып жибергенде, элдин баары ун, май, макарон, кант саткан жерлерди штурмалаганга өтүштү эле, Өкмөт андай жерлерге милиционерлерди коюп, беш-алтоосун кармап, опузалагандан кийин гана токтоду. Бирок, 5 сомдук бет каптардын 20-30, 50-60 сомдук антисептиктердин, самындардын  азыр бардык жерлерде мурдагы бааларынан эки эсе кымбатка сатылып жаткандыгы чындык. Андай майда нерселерге эч ким көңүл бурбай деле калды. Ошол 17-20-мартта Бишкектен Ош, Жалал-Абад, Баткен тарапка каттаган таксилердин акылары эки эсеге көбөйгөндүгүн көргөнбүз, азыр кандай болуп калгандыгын билбейбиз.

Айрымдар дүйнөлүк алааматты да саясатташтырып, саясый максаттарда пайдаланууга да аракет кылышууда. Ашынган АШАчыл депутат Ирина Карамушкина парламенттин трибунасынан коронавирусту аракетттеги мамлекет башчысы менен өкмөт башчысы чыгаргансып: “Алмазбек Атамбаевдин убагында коронавирус болгон эмес!”- деп кыйкырып чыкты. Эгерде ал илдет бизден таркаса да ошентип балп эттирип салса унчукпайт элек. Билишибизче, Кытайда “Ху Цзинь Таонун тушунда мындай эпидемия болбоду эле!” деп эч ким деле айтпады. Кытай эли бир кишидей жапырт көтөрүлүшүп, эпидемияны очогун да басып салышты. Дүйнөдөгү 157 өлкөгө таркагандан кийин бизге жеткен илдет үчүн бийликтегилерди  айыптаган таптакыр орунсуз. Биздин оюбузча, Кыргызстан Түндүк Кореядай жабык мамлекет болбогон соң, жарандарыбыз дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жайылып жүрүп, илдет пайда болгон жерлерден бир бөлүгү кайтууга өткөн шартта,  эртели-кеч ал илдет баары бир бизге да жетмек. Сырт жактагылар “келген жактарыңарга кеткиле”- деп жатса, аларды эч ким өз ата мекенине киргизбей коё албайт. Өкмөт, тийиштүү кызматтар алардын вирус жуктургандарын өз убагында аныктап, башкаларга аралаштырбай бөлүү  аркылуу гана вазийпаларын жетиштүү деңгээлде өтөшмөк. Бирок, вирус биз күткөн жактан эмес (маселен, Кытайдан, Ирандан, Түштүк Кореядан), таптакыр биз күтпөгөн жактан же акыркы күндөргө чейин коопсуз деп эсептелип  жаткан Сауд Аравиясы тараптан келгендигинен улам тийиштүү кызматтардын кырдаалды убагында адекваттуу баалай албай калышты окшойт.

Карамушкинанын болгон-толгону ошол экен, андан башканы күткөнгө да болбойт, бирок айрымдардын элге келген алааматка кымыңдашып-жымыңдашып, мунун кесепети азыркы бийликтегилерге тийсе экен деген маанайларда ой жорушуп жатышкандары чындыгында жийиркеничтүү көрүнүш.

Бийликтегилердин максаттары коронавирусту ооздуктоодо, элдин көңүлү андан сактанууда болуп жатканда Атамбаевдин  адвокаты Замир Жоошев баштагандар түрмөдөгүлөрдүн абалдары жөнүндө маселе көтөрүп, жеңил беренелер менен камалгандардын бардыгын бошотуу керек деп чыгышты. Сыягы, алар коронавируска кошо бизди  “Холодная весна 2020го года” дегенге да тушуктургулары келип жатышат окшойт. Илдеттен сактануунун эң мыкты жолу - изоляция, демек, түрмөдөгүлөр андан чоочушпаса деле болот. “Короздун милдети мезгил-мезгили менен чакырып туруш керек”- дегендей, кыйноого каршы Коалиция деген уюмдун мүчөлөрүнүн түрмөдөгүлөрдүн абалдарына коомчулуктун көңүлүн бурганында өөнчүлүк жок, бирок “коронавирустан биринчи кезекте түрмөдөгүлөр жабыр тартышы мүмкүн, ошондуктан алардын бир бөлүгүн эркиндиккке чыгарып жиберүү керек”- деген сунуштары орунсуз.

Айрымдар илдетти да кызыл кулактыкка айландырышууда   

Кыргыз саясатынын жаз, күз деген мезгилдик эки өзгөчөлүгү бар. Көчө саясаты ушул мезгилдерде күчөп турарына көнүп деле калдык. Бирок, акыркы убактарда “көзү ачыктар” деп эсептелгендердин мына ушул эки мезгилде өзгөчө активдешүүсү да адатка айланып баратат. Өткөн күздө алардын Арстан Алай дегени маалымат жыйынында өзүн кудаймын деп  жарыяласа, жылдын башталышында коронавирусту кытайлыктарды кыруу үчүн ал жакка жибергенин маалымдаган. Тийиштүү органдардын анын мындай билдирүүлөрүнө таптакыр реакция жасашпаганы түшүнүксүз. Эң эле жумшак айтканда, биздин адекваттуу эмес жарандар ойлоруна келгендерди айтып эрмектегидей, Кытай оюнчук же ар кимдер сүйкөнө бергидей Өмүрбек Текебаев же Равшан Жээнбеков сыяктуу дүжүр саясатчылардан эмес. Ажыдаарды  кытыгылап, жинине тийе бербеш керек. Эгерде Арстан Алай дегенибиз, айрымдар айтып жатышкандай чын эле адекваттуу эмес адам болсо, анда андай адамдарга эмне үчүн расмий маалымат борборлорунун трибуналарын берип жатышат? Адекваттуу эмес адамдардын ордулары жыйындарда, маалымдоо борборлорунда  эмес, башка жерлерде болушу керек. Арстан Алай коронавирусту Кыргызстанга жолотпойм деди эле, ал илдет бизге да жетти.

Буга токтолгонубуздун себеби, “көзү ачыктар” үчүн коронавирус да спекуляциялык темага айлана баштады. Жалпыга маалымдоо каражаттарына ал илдет, анын качан Кыргызстанга жетери тууралуу ар кандай “көзү ачыктар”, астрологдор айткандары жөнүндө материалдар  ЖМКларга жамырап чыгууда. Мында аларды колдогондор да болуп жаткандыгын кыстара кетишибиз зарыл.

Эң акырында айтарыбыз, “көзү ачыктардын” эмне дегендери эч кимди деле чындап кызыктырбайт, бирок чоң эле саясатчылардын күздөгү парламенттик шайлоолордун комлексинен чыга албай бири-бирине асылып жатышканы - алардын макамдарына, адамкерчиликке ылайык келбейт. Азыр эл сактоо биринчи планга чыгып жатканда өздөрүнүн өз ара маселелерин эпидемиологиялык  кырдаал жөнгө салынгыча токтото турушу керек.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” газетасы

Тема: