Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1392

Сооронбай Жээнбековдун бейнесине сүртүмдөр

Аргументтер, фактылар менен сүйлөсөк

Айрым ЖМКларда, өзгөчө социалдык тармактарда аракеттеги президентке карата асылуулар көбөйдү. Баса белгилеп айта турган нерсе, буга чейин Кыргызстандын бир да  президенти бийлигинин алгачкы жылдарында азыркы мамлекет башчысындай сынга кабылган эмес. Өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосуна чейин Акаевдин кылыктана күлүп, экилене сүйлөгөнүнө чейин кемпир-кесектер гана эмес, айрым абышкалар да жетине алышпай: “ой, бул татынакай адамдан урук алып калуу керек!”- деп тамшанып жүргөндөрүн уксак, Бакиевге каршы бийликке жетпей калгандар гана жулкунушпаса, анын эмне кылып жаткандыгына калгандар көңүл деле бурган эмес. Ага карата пикирлер ар кандай болушу мүмкүн, бирок инвестицияларды тартып, экономиканы алга жылдырууда анын секирик жасагандыгын биз таңган менен тарыхтан өчүрө албайбыз. Ал эми азыр кээде биздин салт-санааларга, менталитетке сыйышпаган экстраординардуу “долбоорлор” менен чыга калса, көп учурда кайда экендиги билинбеген Роза Исаковнанын кыска бийлигин көпчүлүгүбүз байкаганга, аңдаганга да үлгүрбөй калдык. Тарыхтын деле татыктуу аңдап-түшүнүүсүнөн күмөнүбүз чоң. Ал жөн эле техникалык фигура катарында келди да кетти. Алмазбек Атамбаев бийликке келгендин алгачкы үч жылында экономикабызда бирде биртке өсүш болсо, бирде артка кетип, жер таптаган адамдай  ордунда турду. Анын убагында кийинки  жылдын алык-салыктарын бир жыл мурда жыйнап, ыгым-чыгымдарды жапкан учурлар да болду. “Оригиналдуу” сөздөрүн, баш аягы көрүнбөгөн “эс алууларын”, дагы башкаларын  айтпай эле коёлу, бирок чындыкты тана албайбыз, ал деле алгачкы жылдарда азыркыдай сындарга кабылган эмес.

Мына ушулардын тегерегинде ой калчаганда мыйзамдуу түрдө - аракеттеги президентке карата асылуулардын (сындар дегенде туура эмес болуп калат, эмне үчүн андай пикирде экенибизди төмөндө айтабыз) обьективдүү жана субьективдүү себептери эмнеде? - суроо өзүнөн өзү пайда болот. Же саясатчы Равшан Жээнбеков айткандай, чын эле экономикада, социалдык чөйрөлөрдө, ички, тышкы саясаттарда ж.б. өсүштөр, жылыштар болбой жатабы?

Антип  эч нерсени билбегендер, көрбөгөндөр, түшүнбөгөндөр, же  ниети аракеттеги президентке гана эмес, өлкөгө да биротоло карайып, алар ага бокочодой көрүнүп,   коомдогу позитивдүү нерселерди таптакыр көргүсү, моюндагысы келбей калгандар гана айтышы мүмкүн. Ал нерселер алардын өздөрүнүн жекече иштери, ким кандай ойлогусу, айныгысы келсе деле эрктери өзүндө, бирок демагогияларын ЖМКлар, социалдык тармактар аркылуу башкаларга да таңуулап, бизди эч нерсени түшүнбөгөн, алар сүйлөсө эле оозубузду аңырайта ачып, кулактарга кесмелерди гана эмес, чөп-чарларды да илдирип отура берген макулуктардай эсептегендери туура эмес. Башка жактан келген же бир жактан түшө калган эч ким жок. Өлкөдөгү экономикалык, социалдык жана саясый абал, ички-тышкы саясаттар кандай экендигин, кайсыл багыттарда жылыштар, өсүштөр болуп жаткандыгын, кайсыл чөйрөлөрдө кемчиликтер барын, жалпысынан элдин абалы, маанайы кандай экендигин  биз деле көрүп, статистикалык маалыматтарды куруттай санап, акылыбыз жеткендердин бардыгына саресеп салып,  калчап  отурабыз.

Мына ушул өңүттөрдөн алып караганда, аракеттеги ажонун акыркы эки жылда аткаргандары 2010-2017-жылдардан бери аткарылгандардан ашып түшө тургандыгын ачык айткым келет. Башкача пикирдегилер адегенде айткандарыма көңүл бурушсун, ынанбагандар аргументтештирилген өз далилдерин келтиришсин, кааларыбыз; эч кандай фактыларга, талдоолорго  таянбаган демагогиялык куру сөздөр гана болбосо.

Санариптештирүү  аягына чыгарылса, мурдагылар динозаврлардай болуп  калат

Айрымдар азырынча толук аңдап, түшүнбөшү да мүмкүн, бирок кийинчерээк азыркы ажонун тушунда жаңыча сапаттагы Кыргызстанды жаратуу жолуна чечкиндүү киргендигибиз макоого деле болсо  жетпей койбойт. Эгерде өлкөнү санариптештирүү, “Түндүк”, “Коопсуз шаар”, билим берүү, медицина жааттарындагы  долбоорлор толугу менен аягына чыгарылса, биздин экономика, коом, технология, башкаруу, билим-илим,  элге кызмат көрсөтүү, көзөмөлдөө сыяктуу ж.б.  мурдагы түшүнүк, жашоолорубуз, эч кандай апыртуусуз эле айтканда,  динозаврлардын мезгилиндегидей архаикалык көрүнүштөргө айланып калганы турат. Санариптештирүү - азыркы дүйнөнүн талабы, Кыргызстанда аны баштоо - буйруктанбы, куйруктанбы, иши кылып Сооронбай Жээнбековдун мезгилине туш келди, ал аны өзгөчө жигерде баштады. Каалайбызбы, каалабайбызбы, көпчүлүк упайлары анын активине жазылып калат. Коомду санариптештирүү - заводду роботтоштургандай эле көрүнүш. Жапондордун “Тойота” заводуна кечинде барган бир турист: “цехтериңерден таптакыр жарык көрүнбөйт да” десе, заводдун өкүлү: “роботторго жарыктын эмне кереги бар” деп таң калган экен. Анын сыңарындай, санариптештирүү толук ишке ашса, экономика өзүнөн өзү ийкемдүү, арымдуу жолго түшөт, кызмат көрсөтүүнүн бардык түрлөрү жакшырып, элдин түйшүгү азаят. Ал эми канчалык көлөмдөрдөгү энергетикалык, убактылык, каржылык, эмгек  ресурстары  ж.б. үнөмдөлөрүн алдын ала эсептеп чыгуу да кыйын. Эң негизгиси, коррупциялык көрүнүштөр өзүнөн өзү кескин кыскарат. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанда аябагандай чоң перманенттүү экономикалык, социалдык төңкөрүш башталды. Аны ырааттуу аягына чыгаруу гана керек.

Келесоо акылдуусунам  дебесе...

Акыркы эки жылдын экономикалык жыйынтыктары жакшы болду. Өткөн жылды инвестиция тартуудагы бурулуш мезгил десе болот. Инвестиция тартуу 60 пайыздан ашыкка көбөйдү, экономиканын өсүшү 4,5 пайыздайга жетти. Эгерде айрымдар танып жатышкандай, экономика реалдуу өспөсө айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар эмненин эсебинен көбөйүүдө? Мейли, айрымдар аны деле тана беришсин, бирок айлыктары, пенсиялары жөлөк пулдары, кирешелери көбөйгөндөр ай сайын алып  жаткандарын  танышпас...

Мурда бюджеттин таңсыктыгы жыл сайын 18-20 миллиард сомго жакынды түзүп, кээде андан да ашып кетсе, өткөн жылы 853,8 миллион сомду түздү. Бул көрүнүш сакталса, жакынкы жылдарда  республикабыз профициттик бюджетке ээ болуусу да мүмкүн. Көз карандысыздыктан бери Кыргызстанда бир да ири ишкана курулбаса, Ошто “Ниссан” жергиликтүү ишкерлер менен биргеликте электромобилдерди, алардын тетиктерин чыгаруучу заводдун курулушун баштады. Өткөн жылы жалпысынан 16 миллиард долларга жакын инвестицияларды тартууга кол коюлду. Алардын бардыгы экономикабызга салынса, түздөн түз кирешелерди, жаңы жумушчу орундарды эсепке албаганда деле алык-салыктар, чегерүүлөр түрүндө бюджетке 100 миллиард сомго жакын каражат түшүшү күтүлөт. Бу деген быйылкы жылдын бюджетинин 60 пайызына барабар дегенди билдирет. Баарын санап чыкканга убакыт жок, бирок  булар өнүгүү делинбесе, анда эмнени өнүгүү деп аталарын түшүнүү кыйын. Өкмөт мына ошол келишимдердин кыйшаюсуз  аткарылышына гана жан үрөөсү керек.

Бир нече күн мурда оппозициялык бир ЖМК “Кыргызстанда акыркы эки жылда  айыл чарба продукцияларынын өлкөнүн жалпы ички дүң жыйымындагы үлүшү азайып баратат, бул экономикабыздын өспөй жаткандыгынын бир көрүнүшү” дегендей маанилерде  жазганын окуп, андагы журналисттердин экономикалык жактан таптакыр сабатсыздыгына зээним кейиди. Республикалык эмес, эл аралык деңгээлдеги ЖМКларда иштеп жатышкандар жок дегенде ликбездик деңгээлдегилерди билишсе боло! Алар  жаман көргөндөрүн мыйзам чегинде шыбай беришсин. Бизге анын ысыгы да, суугу да жок. Бирок, антип өздөрүнүн экономикалык жактан таптакыр сабатсыз экендигин жарыялоонун  кандай зарылчылыгы бар эле дейм да? Ал мага  бирөө кара жашикке чыгып алып, “мен макоомун” деп төшүн ургулагандай эле көрүндү.

Өткөн жылы айыл чарба продукцияларын өндүрүү 2 пайызга жогорулады. Ошол учурда өлкөнүн ички дүң жыйымы 4,5 пайызга өсүп, айыл чарбасынын андагы үлүшү азайып баратса, ага кубануу гана керек. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө  ал макроэкономикалык позитивдүү көрүнүш катарында бааланат. Анткени, ал өнөр жайынын, кызмат көрсөтүү, курулуш тармактарынын ишенимдүү өнүгө баштагандыгын гана айгинелейт. Эмне дебейли, кубаттуу экономиканын өзөгүн - өнөр жайы түзөт.  Өнүккөн индустриалдык өлкөлөрдүн ички дүң жыйымдарында айыл чарбасынын үлүшү 10-20 пайыздан ашпайт. Айыл чарба продукцияларынын ИДЖдагы үлүшү андан төмөндөр да аз эмес (мас. Жапония, Түштүк Корея ж.б.). Таптакыр айыл чарба продукцияларын  өндүрбөгөн менен ИДЖнын ар адамга үлүшү, жашоо деңгээлдери боюнча эң алдыңкы саптарда келаткан өлкөлөр (Сингапур) да бар. Бизде  айыл чарбабыздын жылдык көрсөткүчү өскөн менен анын ИДЖдагы үлүшүнүн азаюусу мындан ары туруктуу көрүнүшкө айланса, кандай гана  сонун болмок!

Бизде ИДЖ менен кирешенин, киреше менен бюджеттин, анын баланстарын, рентабелдүүлүк дегенди  жакшылап түшүнбөй туруп деле  экономикалык, каржылык темаларда ой жоруп, адистер түгүл Өкмөткө, мамлекет башчысына чейин акыл үйрөтө берчүлөр көбөйүп кетти. Эгерде келесоо акылдуусунам дебей шүк отурса, анын келесоолугун эч ким деле билмек эмес, - дегендей, алардын айрымдары өтө эле акылдуу оппоненттердей көрүнгүлөрү келгенден улам  жогоруда айтылгандай, казустук  көрүнүштөр жаралууда.

Аппаратты, айланасындагыларды бекем кармоодо

Эки качкын президенттин убагында мамлекетти башкарып, каржылык ресурстарды көзөмөлдөөдө алардын үй бүлө мүчөлөрү биринчи планга чыгышса, АШАнын убагында кландык “балашка”, “кызашкалардын” күндөрү тууган. Сырттан келген кредиттерди, гранттарды каалагандарындай калчашкан. Андай иштерге президенттин аппаратынын жетекчилери, таасирдүү кызматкерлери да активдүү аралашкандыгын Данияр Нарынбаев, Сапар Исаков, Мира Карыбаева, Жантөрө Сатыбалдиев, Фарид Ниязов, Албек Ибраимов, Икрам Илмиянов сыяктууларга байланышкан соттук кароолор ырастайт. Чын эле мурдагы бийликтегилердин тушунда президенттик аппаратты ким жетектебесин тез эле факты жүзүндө мамлекеттеги экинчи бийлик адамына, көшөгөнүн артынан кадрдык, саясый маселелердин көбүн чечкен монстрго айланып кетчү. Ишенимдүү делген шопурлар, кампачылар, аяш балдар, аяш кыздар да алардан калышчу эмес. Азыркы бийликтин тушунда андай кландык көрүнүш жоюлду, президенттик аппарат саясатка, интригаларга аралашканын токтотуп, президентти тейлөөчү өз функциясын гана аткарууда.  Деги азыр “президенттин атынан кадрдык, каржылык маселелерди тигил чечип жатат” деп ким ынанымдуу айта алат? Божомолдор, жоромолдор, жөн эле инсунациялар болушу мүмкүн, бирок конкреттүү фактыны келтирүү кыйын. Ал эми Атамбаевдин айрым аппарат жетекчилери Жогорку Сотко бир “звякнуть” эткенин 50 миң  долларга баалап, дагы ага кошумча сурашса, шопурунун эле айылдаштырынан 17 адамды кызматка койдурганын ЖМКлар учурунда тизмектеп жазып чыгышкан. Ал интернетте дагы деле бар.

Мамлекет башчысынын агасы Ж.Шарипов Белоруссияда элчи, анын дипломатиялык иштерде жүргөндүгүнө он жылдан ашты окшойт, саясатка аралашпайт. Ал эми иниси  Асылбек Жээнбековдун күчтүү инсан экендиги чындык. Ошон үчүн Атамбаев  убагында аны ЖКдан гана эмес, агасынан да алыстаткысы келген. Бирок, ал президентке карата урулган малыматтык жана саясый соккуларды биринчи кабыл алуучу буфердин, боксёрлордун тили менен айтканда “грушанын”  гана ролун аткарбаса, башка реалдуу кандай маселелерди чечүүгө аралашып жаткандыгын билбейбиз. Ажонун калган бир туугандары, жакындары коомдук адамдар эмес. Албетте, айрым маселелер боюнча өздөрүнчө кеңешери, акылдашары чындык, бирок алардын бири, качкын президенттердин жакындарындай, мамлекеттик иштерге ачыктан ачык аралашып, кийлигишип жатат дегенге конкреттүү бир да факты жок. Ал эми атаандаштар, антипатиячылдар турганда божомол-жоромолдордун боло бериши  мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Милдеттерин аткарбагандарга толеранттуулук болбошу керек!

Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден бери коопсуздук Кеңешинин 4-5 отуруму өткөрүлдү, алардын бардыгында коррупцияга каршы күрөшүү эң башкы милдет катарында коюлууда. Аларда кабыл алынган чечимдер негизинен ишке ашырылып жатат, аны кармалгандар, камалгандар, уурдалгандардын мамлекетке кайтарылгандары, кайтарылып жаткандары  ырастайт. Бирок, коррупция деген ыраматылык Корчубек Акназаров атабыз айткандай, Кыргызстанда сары чырмоокко айланып калган экен, биягынан жулса, тиягынан кайра жамырап чыгууда. Анткен сайын азыркы бийлик ал күрөштөн кайтпай тургандыгын  далилдеп атат. Анын акыркы далили катарында Коопсуздук Кеңешинин ушул жылдын 24-январында өткөрүлгөн жыйынын көрсөтүүгө болот. Анда айрымдар кызматтарынан бошотулду, жогорку деңгээлдеги 20га жакын жетекчилер эскертүүлөрдү, сөгүштөрдү алышты. Же “былтыйгандар” андан да жыйынтык чыгарышпаса, Кеңештин кийинки отурумунун курамы кескин жаңыланат окшоп калды. Чын эле ИИМдегилер канча мээнет жумшап  кармап келишкен кылмышкерлерди прокуратура, сот органдарындагылар кайра коё берип жатышса, анда кылмышкерлерге, коррупцияга  каршы күрөш деген профанацияга учурап, өз маанисин жоготот. Балыкты кармап алып, кайра сууга ыргыткан оюндай эле болуп калат. Тилекке каршы, сот, прокуратура органдарындагы андай терс көрүнүштөр бийликтин, биринчи кезекте анын башында тургандын беделине сокку болуп жаткандыгын ачык айтууга тийишпиз. Анткени, биздегилер жолдогу чүкөдөй ташты жаза басып алып мүдүрүлүп кетишсе деле, ал үчүн президентти күнөөлөгөнгө көнүп калышкан. Башка тармактарда да кемчиликтер аз эмес. ИИМде аздыр-көптүр жаңылануулар болууда, бирок билим берүү, медицина, маданият , өзгөчө сот, прокуратура, тармактарында реформанын изи түгүл жыты да байкала элек. “Былтыйгандардын”, “кылтыйгандардын”, капчыктарын кампайткандардын баары ошол жактарда. Ошондуктан өздөрүнүн кызматтык милдеттерин жетиштүү аткарбагандарга, өзгөчө жогорудагыдай терс көрүнүштөргө жол коюп жаткандарга карата ашкере  толеранттуулук да болбошу керек. Ал бумерангдай айланып барып, бийликтин кайра (биздин учурда президентке)  өзүнө тийет.

Асылуулардын себептери кайсылар?

Мына ушул өңүттөрдөн алганда,  аракеттеги мамлекет башчысына асылуулардын экономикага да, социалдык чөйрөгө да тиешеси жок, таптакыр башка  нерселерде экендиги айкын болот. Алар кайсылар? Биринчиси, азыр социалдык тармактар деген бар. “Самарканддан саман учуптур” десе, бирөөлөр аны “Ташкенди жоо чааптыр” деп апыртышкандай, социалдык тармактардан пайдалануучулардын  көпчүлүгү реалдуулукка көңүл бурбастан ушактарга, апыртмаларга штаттык фейкчилер, тролчулар чыгаргандарга таянып алып эле жекече антипатия, симпатияларына жараша  ойлоруна келгендерди жазышууда. Тилекке каршы, социалдык тармактарда атайын буйрутмалардын негизинде иштегендер да аз эмес. Экинчиден, капчыктары калың көптөр кармалууда, камалууда. Алардын айланасындагылар, жан тарткандар виртуалдык жактан да болсо азыркы бийликтен өч алууга аракеттенип жатышат. Үчүнчүдөн, кезектеги парламенттик шайлоо жакын калды. Мындай учурларда саясатчылар, алардын айланасындагылар күйпөлөктөнүшүп өзгөчө активдеше башташы мыйзам ченемдүү көрүнүш.  Ал эми бизде көптөр саясат дегенди - бийликке асылуу деп гана түшүнүшөт. Төртүнчүдөн, андай көрүнүштөрдө белгилүү деңгээлде трайбализмдин элементтери да бар экендигин моюндоого аргасызбыз. Ага бир далил катарында Эдил Байсалов менен Чолпон Жакупованын социалдык тармактардагы кайым айтышууларын көрсөтсөк болот. Бирок, жекече антипатия, симпатия кандай болгондо деле биротоло чындыктан, обьективдүүлүктөн тайып кетүү тескери  натыйжаларды берерин да көңүлдөн чыгарбасак...

Мирлан Дүйшөнбаев

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.

 

Тема: