Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 363

Өлкөдө эмне дүрбөлөң?

Бир убакта бири-бирин колдоп, Бобчинский менен Добчинскийдей ээрчишип жүргөн эки дос - Адахан Мадумаров менен Азимбек Бекназаров бир-биринин аркаларын чукуп жатышкан кербези. Азикебиз оңой менен өзүнүн мурдагы досторуна асылбайт, бирок анын Малайзияга элчи болуп кеткендигин көрө албаганданбы, же жөн эле кучунашы кармадыбы, айтор, эски досу балдарын кызматка койдуруп, өзүнө элчилик тийгенден кийин “бийликке сатылып, анын сөзүн сүйлөп кетти, биздеги демократтардын насил-нарктары ушундай” деген маанилерде шыбап өткөндөн кийин, А.Бекназаров “Акипрессте” жыйын өткөрүп, анын түрсүк-майкесин шыпырып ыргытып, өзүн баткакка оонаткандай эле кылып салды.

Бул эки эски достун айткандарын кийинчерээк салмактап калыс сөзүбүздү айтабыз, азыр коомчулукта чоң резонанс жаратканына токтолсок, А.Бекназаров А.Мадумаровду ашык-кеми жок, Кыргызстандын үч аймактагы жерин кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз берип жиберген деп айыптады. Ал тууралуу документтери да бар экен, эгерде алардын баары чын болсо, А.Мадумаровду айрым ЖМКлар жазышкандай, Тажикстанга элчи кылып жөнөтпөстөн түптүз түрмөгө алып барып камоо керек. Азыр Баткендин чек арага чектеш райондорунда күндө жаңжал чыгууда, адамдар өлүүдө, жергиликтүүлөрдөн да набыт кеткендер болууда. Мына ошол жаңжал токтобогон аймактын бир нече гектары А.Мадумаров коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда тажиктерге мыйзамсыз берилип кеткендиги мурдатан эле айтылып, жазылып келген. Эгерде жаңжалга, кагылышууларга А.Мадумаровдун мыйзамсыз чечими себеп болуп жатса, эмне үчүн ал жоопкерчиликсиз калышы керек? Айрымдар жарты мектеп үчүн деле керт баштары менен жооп берип жатышпайбы. Анын кесепеттери бүтпөгөн мектептикинен алда канча чоң, бүткүл бир аймактын элине коркунуч жаратып, эки өлкөнүн  ортосундагы чыңалууну жаратууда. Ага себепкер болгон адамды жазасыз калтыруу - элдин, мамлекеттин алдындагы чоң күнөө болуп саналат.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, Каркыранын бир бөлүгүнүн кошуна өлкөгө берилип, Ысык-Көлдүн жээгинде 50 гектарлык анклавдын пайда болуусуна А. Мадумаров түздөн түз күнөөлүү экен. Эгерде ал чын болсо, эмне үчүн мамлекетке 5-6 миллион сомдон зыян келтиргендер, кармалып, камалып, жазаланып жатышат да, элге, жерге түбөлүк орду толгус кыянаттык кылгандар тайраңдап ар кимдерге акыл үйрөтүп, “мага дурусураак кызмат бербесең өмгөктөгөнүм өмгөктөгөн” деп, кыз боозуп алып энесин коркуткандай,  Ак үйдүн ээлерине догурунуп, өлүмтүктөрүн артып жүрүшөт? Бул биздин бийликтин эмнегедир бошоң, алсыз болуп бараткандыгынын бир белгиси эмеспи? “Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгып алып коркулдайт” дегендей, мамлекетке андай кыянаттык кылгандар “дөбөлөргө” чыгып алып бакырбастан, жок дегенде тийиштүү жерлерин бекемирээк кысып, дөбөлөп эмес, жылгалап жүрүүлөрү керек. Антпесе бийликке, мыйзамдуулукка аябагандай чоң доо кетет.

“Элчиликти берди эле, ал ошого алданды” дегенди Мадумаров айтпай эле койсо болмок. Алданган жагынан Мадумаров өзү Кыргызстандагы бир да саясатчыны алдыга салбайт. А.Бекназаровдун айтымында, А.Мадумаров 2005-жылы революциячылдарга кошулмак түгүл, аларды колдогон да эмес, Акаевден корккон. Качан бийлик алмашканда Бекназаровдун ортомчулугу аркылуу вице, анан Коопсуздук кеңешине катчы, анан президент Бакиевдин, ошондой эле Дания Үсөнов - азыркы Урицкийдин ажырагыс адамы болуп, алардын  жамак менен жомоктордон турган идеологиясын да иштеп чыгып, алардын үй-бүлөлүк тамадасына айланган. 2010-жылы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” уткан, бирок ал жеңишти коргоп калганга Мадумаровдун эрки, кайраты жеткен эмес. Тили менен ой-тоонун чөбүн бирдей оргон менен чындыгында А.Мадумаров аябагандай эле коркок адам, Бекназаровдой тобокелчил бульдозер эмес. Ал АШАга Түркиядагы айлыгы чоң бир кызматка алданып, партия-сартиясын уруп таштап, беш жылдай жоголуп кетти эле, ал кызматтан айрылгандан кийин ал “мага дагы ошондой жерди тапкыла” деп азыркыларды өмгөктөөдө. Эгерде азыркылар жогоруда айтылган үч маселенин бири боюнча кылмыш ишин козготуп койсо, Урицкийлер тарапка качып кетээрин же суудан төмөн болуп быгып каларын бөркүңүздөй көрсөңөр болот. Ал күрөштүн адамы эмес, ал дебаттардын гана адамы.

Эми Бекназаровдун “алдангандыгына” келе турган болсок, анын улуу баласынын бир нече жолку аракеттен кийин Аксы районундагы социалдык абалы эң оор Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланып, үч жылда аябагандай чоң иштерди жасагандыгы чын. Ал эч ким тана алгыс факт. Азыркы бийликтегилер аны ошол жагынан баалап, президенттик аппараттын бир бөлүмүнө референттикке алып келиштиби же башка максаттары барбы, аны билбейбиз, бирок анын кандай ишке келбесин “моторлук” жагы бар экендигин, бул жагынан атасын тарткандыгын, бекеринен атасы жашында Иштерман деп аталбагандыгын баса белгилеп кетели. Ал эми кичине баласы Кыргызстандын бир жерине кызматка туруптур дегенди уга элекпиз, анын Швецияда баш калкалап жүргөндүгүн гана билебиз. А.Бекназаровдун өзүнө келе турган болсок,  А.Мадумаров ал жер ага тийбей калгандыгынан улам ичи тарып, эски досун кыйыта шыбап чыкса керек деген ойдо калдык. Бирок, Тажикстанга мыйзамсыз жер берип жибергендиги айтылып, жазылып жаткан адамды ошол өлкөгө элчи кылып жиберүү  өтө эле алабармандык болуп калаарын ачык айталы.       

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (438), 22.01.2020-ж.

Тема: