Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1800

Күбүр-күбүр кеп уктук

Шайлоонун шаңы кыргыз жергесин аралап, кудуңдап, “концерт” көрүүнү самаган элдин көксөөсү кайнап турган чак. А чындыгында, шайлоо биз күтпөгөн нерселерди тартуулайт окшойт...

Бизге жеткен маалыматтарга ишенсек, акыркы кезде “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен “Ата-Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаевдин издегени бир жерден чыгып жатыптыр... Экөө жабык эшик артында, эл барбаган жерлерде жолугушуп, келечек пландарын талкуулай баштаганын эшиттик. Айрыкча, оппозиция талаасындагы боштукту чогуу ээлеп, шайлоого ыр менен кирип баруу боюнча ойлорун укканда, тобоо, таң калдык. Кечээ эле (тагыраагы, камалаар алдында, өз кеңсесинде) Ө.Текебаев биздин гезиттин редактору Н.Анаркуловго Убактылуу өкмөттүн К.Ташиевди саясаттан биротоло жок кылуу боюнча план курганын ачык айтканын эстедик. Анан Ташиевдин Текебаевди көргүсү келбегени тууралуу монологдорун уккан элек. Анан... “Ташиев менен Текебаев биригип жатыптыр”- дегенди укканда оозубуз Ошту карады.

Чындап алганда, Ташиев да, Текебаев да элин ойлогон кыраан кыргыздар. Бул экөө бириксе саясатта сапырылбаган чаң деле калбайт го... Чындап, шайлоодо чогуу болсо, анда биринчи орунду атаандаштар канча акча сартпаташпасын, булардан жеңе албасы бышык.

Азырынча биздин укканыбыз – сүйлөшүүлөр, биригүүлөр тууралуу кептин биринчи раунду ийгиликтүү өткөн окшойт. Конкреттүү кол коюушууларга да жакын калды дешет. Ой-тобоо, саясатта шайтандаш адамдар да бириге берет тура. “... все средства хороши”- деп жатышабы? Эл бул союзду кандай кабыл алат, ошол башкы маселе... Калганын өздөрүнөн тактап, кийинки санда маектерин жарыялап беребиз...

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (438), 22.01.2020-ж.

Тема: