Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 256

“Кырк чоро” биримдигинин чоң чоросу Замирбек Көчөрбаев Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

Анда кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуяларга кайрылып, чек ара талашына тактык киргизүүгө убакыт келип жеткенин белгилеген. Ошондой эле вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун чек ара маселесиндеги аракетине ичи чыкпаганын да айткан:

- Эшик суук, түн ортосунда тарсылдаган мылтыктын үнүнөн ойгонуп, караңгыда же свет жок балдарды шашып-бушуп кийинтип, коопсуз жай деп мектепке карай чуркашып бараткан айыл аксакалдарын, улгайган апаларды, наристелерди көтөргөн жеңелерди, чурулдаган мектеп окуучуларын элестетип көргүлө. Ал тарсылдаган мылтыктын үнү же басылбай, кошунанын үйү өртөнүп кадимки көркөм тасмадагы согуш таласындай абалга жеткен учурду элестетеличи. Мындай күндөр бир эле жолу болуп, андан кийин кайталанбаса да башкача кеп болот эле. Жүрөк заада кылган күндөр кээде жыл сайын, кээде ай сайын кайталанып турган аймакта тобокелдикке салып, тулуп-өскөн кичи мекенинен коопсуз жайга көчүп кетпей, бардык кыйынчылыктарга туруштук берип күн кечирип келе жаткан Баткен элине, эл баатыры деген наамдарды таратып, тазим кылсак да аздык кылат эле.

Тескерисинче ошол баатыр элдин арасынан кичи мекенин, үй-бүлөөсүн коргоп чыккан тайманбас жигиттерди, жергиликтүү депуттарды, коомдук активистерди-чагымчыл топтор деп, аларды камап, коркутууга аракет кылган күч структураларынын аракеттери акылга сыйбайт. Мындайды кыргыздын ички душмандары гана жасашы мүмкүн эле. Баса, “ички душман” демекчи, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун дарегине бир топ сын пикирлер айтылып келет. “Кыздын сыры-төркүнүнө маалым” -демекчи, жергиликтүү эл арсындагы күбүр-шыбыр кептердин чындыгы да болушу мүмкүн. Ошончо пикирлерди угуп Өкмөт башчыбыз да башка кадр түгөнүп калгансып Жеңиш Раззаковду канатынын астына калкалоодо, же Өкмөт башчыда да бир мандем барбы.

Урматтуу президент, депутаттар, премьер министр, мекенибиздин тынчтыгы бардык нерселерден эң алдыңкы орунда турушу керек. Ал үчүн бардык күч аркеттерди жумшап өлкөнүн талаштуу чек ара маселелерин жөнгө салып, кооптуу кырдаалдардын алдын алганыбыз оң. Мүмкүн, каржы жана башка маселелерге шылтап отура бербестен, 271 миллион сом Президенттин аппараты менен Жогорку Кеңештин аппартынын бир айлык чыгымын чек арага сарпттасак бир топ талаштуу чек ара маселелери чечилип калмак. Мейли чек ара маселесин чечүү Силер үчүн кыйын болсо, жок дегенде Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад Таластын жаштарына чек арага жакын аймактарга завод, фабрикаларды куруп, жумушчу орундарды түзүп бергиле, ошол жергиликтүү бир боор элибиз көргөн күндү бизда көрүп чек араны өзүбүз коргоп чогуу жашайлы.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №02 (437), 15.01.2020-ж.

Тема: