Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 198

Талдоо

2019-жыл саясий айдыңда сыноолордун жылы катары сыпатталды. Ал эми 2020-жылдагы саясий турмуш күзүндө өтчү шайлоого жана анын айланасындагы саясий жүрүштөргө байланчудай.

Албетте, 2020-жылдын эң башкы окуясы - парламенттик шайлоо. Өлкөдөгү бардык саясий күчтөр буга даярданып, кантип жеңишке жетүүнүн айласын издеп жатса, жарандар шайлоодон соң бир нерсе өзгөрөбү деген бүшүркөө менен карап турушат. Негизи өлкөдөгү жакынкы беш жылдагы абал, багыт парламенттик шайлоонун мүнөзүнө жараша аныкталышы керек.

Эрежеси аныктала элек шайлоо

Бирок жылдын башкы окуясынын эрежеси аныктала элек. Тактап айтканда, шайлоо мыйзамындагы парламентке өтүү босогосун өзгөртүү боюнча чечим кабыл алына элек.

Парламенттеги бир катар депутаттар, жарандык коом өкүлдөрү жана саясий күчтөр шайлоо мыйзамын өзгөртүп, босогону тогуз пайыздан беш же жети пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуш кылышууда. Бул боюнча “Ата Мекен”, “Ак шумкар”, “Ар-Намыс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги” сыяктуу партиялар жана бир нече коомдук уюмдар биригип жатат. Алар президентке кайрылып, коомдогу ар кыл күчтөрдүн талабына кулак салууга чакырышты.

Азырынча президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамы боюнча так позициясын айта элек. Ал жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында буларды айтты: “- Тогуз пайыз, жети пайыз, беш пайыз же үч пайыз деген сунуштар айтылып жатат. Аны мен деле көрүп турам, окуп, угуп жатам. Таң калыштуусу - мурун парламентте тогуз пайыз деп көтөрүп алып, азыр Москвада айтып аткандай болгондорду көрүп жатам. Эми бул маселе бир эле мени менен чечилбейт. Парламентте каралып жатат. Көп саясий маселелер парламентте каралып чечилет”.

Ушундан улам “президент тогуз пайыздык чекти төмөндөтүүгө кызыкчылыгы жокпу?”- деген божомолдор айтылууда. Эгер шайлоо мыйзамы өзгөрбөй, босого мурдагы деңгээлде кала турган болсо өлкөдөгү бир катар саясий партиялар биригүүгө барышы мүмкүн. Болбосо алардын парламентке өтүүдөгү мүмкүнчүлүгү абдан чектелет.

Бишкектеги ЕККУ Академиясынын окутуучусу, саясий илимдердин доктору Эмилбек Жороев 2020-жылдагы саясий күчтөрдүн конфигурациясы дал ушул шайлоо мыйзамдарына жараша болот деген пикирде: “- Албетте, саясий абал шайлоо мыйзамына байланыштуу болот. Азырынча президент бул боюнча так позициясын билдирбей жатат. Акыркы басма сөз жыйынында бул суроого ачык жооп бербей, буйтап кеткендей болду. Эгер парламентке өтчү чек тогуз пайыз бойдон калса, бир топ партиялар биригүүгө туура келет. Буга кошумча, бул жерде бийликтин да позициясы кандай болору белгисиз болуп турат. Бийликчил партия деген деле өздөрүнө таандык кылган, өзүнө буруп алган саясий бирикме жокко эсе”.

Бирок эксперт бири-биринен дымагы ашкан саясий күчтөрдүн бир блокко же альянка биригиши да Кыргызстандын шартында кыйын маселе экенин жашырбайт.

 

2020-жылдын башкы каармандары ким болот?

Адистер белгилегендей, шайлоо мыйзамы аныкталганга жараша саясий күчтөрдүн конфигурациясы да өзгөрүшү мүмкүн. Өлкөнүн саясий айдыңында негизги күч азыркы бийлик сүрөгөн партия болору айтылууда. Учурдагы президент жана анын командасы расмий түрдө кайсы бир партияны ачык сүрөй элек.

Мыйзам боюнча Сооронбай Жээнбеков кайсы бир партияга мүчө эмес. Буга чейин ал жана анын жакындары мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) учурда бөлүнүп-жарылып, арабөк абалда турат. Бирок саясий чөйрөдө бийлик учурда “Биримдик” аттуу партияны түзүп, ага талапкерлерди аныктай баштаганы жөнүндө көп эле кептер жүрүп жатат.

Муну президенттин айланасындагы күчтөр расмий түрдө ырастай элек. Мындан сырткары буга чейин Бишкек, Ош шаардык кеңештериндеги шайлоодо жеңишке жетишкен “Мекеним Кыргызстан” партиясы да бийликке жакын күч катары сыпатталып жатат.

Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти Медет Тулегенов бийлик шайлоого жакын өзү сүрөгөн саясий күчтү жарыялашы мүмкүн деп божомолдойт: “- Ар кыл варианттар каралып жатат көрүнөт. Мисалы, бийлик партияны аныктап, дагы 2-3 партияны жандооч же сателлит катары чыгышы мүмкүн. Же болбосо эски бренд менен таанылган эки партияны алып, таптакыр жаңы курам менен чыгышы мүмкүн. Мисалы, ошол эле “Ата Журт” сыяктуу партияны алалы - бийлик ага деле басым жасашы мүмкүн. Негизгиси, бийлик бул партиялардын утуп чыгарына ишениши керек. Мунун баарын шайлоого бир нече ай калганда уюштуруп койсо болот”.

Чынында эле Кыргызстанда партиялар адатта шайлоо алдында жанданат. Саясий өнөктүккө аз калганда катар-катар партиялар түзүлүп, шайлоого аттанаарын жарыялаган учурлар көп болгон. Тулегенов буга мисалы катары “Алга, Кыргызстан”, “Ак Жол” деген партиялардын түзүлүш тарыхын эске салды.

Ал эми буга чейин өлкөдөгү негизги оюнчулар болгон партиялардын ички ажырымдан улам шайлоодо канчалык күчтүү атаандаш болору арсар болуп турат. Маселен, КСДП, “Ата Мекен”, “Республика” сыяктуу партиялар өзгөрүүлөргө туш болуп, арасат абалда. Өлкөдө акыркы жети жылда негизги саясий күч болгон КСДП экиге бөлүнүп, укуктук жактан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыккан Сагынбек Абдрахмановго өттү.

“Республика” партиясы болсо лидери Өмүрбек Бабановдун саясаттан кеткенин жарыялашы менен шайлоого канчалык батыл киришери азырынча белгисиз.

Кыргызстанда саясий бирикмелердин ичинен идеологиялык жактан салыштырмалуу бекем деп эсептелип келген “Ата Мекен” партиясынын ичиндеги жарака да Жаңы жыл алдында ачыкка чыкты. Тагыраагы, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигин жарыя кылып, мандатын тапшырды. Анын үстүнө Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыга элек болуп жатканы партиянын ишине таасирин тийгизген факторлордун бири болууда.

Шайлоону калыс өткөрүү - туруктуулуктун кепилдиги

2020-жылдагы кырдаалды эске алганда Кыргызстандагы саясий туруктуулук парламенттик шайлоонун калыс жана ачык-айкын өткөнүнө байланыштуу болорун көпчүлүк белгилеп жатат. Эгемен Кыргызстандын тарыхында эки жолку ыңкылапка шайлоодон кийинки нааразылык себеп болгонун эске салган эксперттер бийлик муну аңдап түшүнүшү керек деп эсептешет.

“Ак шумкар” партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев бийлик үчүн 2020-жылдагы эң башкы сыноо дал ушул шайлоо болорун эскертүүдө: “- Бийлик үчүн 2005, 2009 жана 2017-жылдагы шайлоолор жана андан кийинки окуялар сабак болушу керек. Көп жаңжал, саясий тирештер курч саясий абалдан улам чыгат. Мисалы, парламенттик шайлоо деген 10 партиядан 120 депутаттык мандат үчүн 1200гө жакын талапкер чыкса, 35 күн өлкө аймактарын кыдырып, үгүт иштерин жүргүзөт. Мындай жол менен элибизди кызытып, саясий температурасын көтөрүп алабыз. Ошондой кырдаалда шайлоонун калыс өткөнүнө эл ишенбей, жыйынтыгын кабыл албаса нааразылыкка алып келет. Ал эми нааразы болгон жарандардын бийликке ишеними кетет”.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоону калыс өткөрүүгө убада берүүдө. Ал акыркы басма сөз жыйынында бул убадасын улам-улам кайталап, бардык саясий күчтөргө бирдей шарт түзүп берүүгө колдон келген аракетин көрөрүн билдирди: “- Азыр баары эле “бийлик бир партияны чыгарат, эки партияны чыгарат” деген ойдо болуп жатышат. Бул жазылып жатат, аны окуп атам, көрүп атам. Мага деле “шайлоо кандай болот” деп бир топ адамдар кирип жатышат. Мен “шайлоо калыс болот, баарына бирдей шарт түзүлөт” деп айтып жатам. Шайлоону Кыргызстандын эли чечет. Эл кимге добуш берсе, ошол партия өтөт”.

Негизи Кыргызстанда бардык жетекчилер калыс шайлоо өткөрүүгө убада берип келишкен. Бирок бийлик элдин башкы талабы экенин канчалык эске алат жана саясий өнөктүктүн катышуучулары эрежени канчалык бекем сактайт деген суроо турат.

Өкмөткө караштуу Стратегиялык иликтөөлөрдүн улуттук институтунун директору Эмилбек Каптагаев шайлоонун мыйзам чегинде өткөрүүнүн тобокелчилиги менен жоопкерчилигин өлкө жетекчилиги түшүнүп турат деп эсептейт: “- Көп кызыкчылыктардын, тирештердин кесилиши шайлоодо. Ушул өнөктүккө барып чогулуп, түйүлөт. Шайлоонун жыйынтыгы менен кандай саясий күчтөр, кандай программа менен партиялар келет - ошого жараша бул өлкөнүн, элдин келечеги аныкталат. Шайлоого карата ар кандай саясий маселелер көтөрүлүп, саясий кыймылдар жанданат. Ушундай шартта шайлоонун шайтан оюндарынан улам биздин алдыбызда өлкөбүздү жоготуп албайбызбы деген коркунуч турат. Эгер шайлоонун шылтоосубу же башка себептен чыр чыгып, башаламандык башталып кетсе, кайра топтоп, кайра мамлекеттик нукка түшүшүбүз абдан оор болуп калат. Ал эми мындай кырдаалды көрүп, билип турганын президенттин жылдын жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынындагы бардык суроолорго берген жообунан көрүп турабыз. Бирок эл талап кылып жаткан же ар ким айтып жаткан маселелерди аткарууга мамлекетибиздин чаркы жетеби - ал башка маселе”.

Шайлоо артынан референдум күтүлбөйбү?

Эксперттер 2020-жылдагы шайлоо менен катар Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдү өткөрүү талкууга түшүшү мүмкүн экенин белгилешет. Буга бир нече себеп бар. Биринчиден, 2010-жылдагы апрель окуяларынан соң кабыл алынган Баш мыйзамды өзгөртүүгө жарыяланган 10 жылдык мораторий аягына чыгат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бул мөөнөттү күтпөй 2016-жылы Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин баштаганы мурдагы саясий өнөктөштөрү менен мамилесин бузган. Ал эми Сооронбай Жээнбеков үчүн Конституцияны өзгөртүүгө моралдык жана мыйзамдык жактан тоскоолдуктар жок сыяктуу. Анын үстүнө акыркы учурда референдум боюнча айрым демилгелер айтыла баштады.

Алсак, Жогорку Кеңеш референдум өткөрүүнү талап кылган элдик демилге боюнча жумушчу топ түздү. Буга “Элдик Курултай” деп аталган кыймыл референдум өткөрүү тууралуу талап менен элдик демилге катары 10 миң адамдын колун топтогон. Аталган кыймылдын өкүлү Айбек Мырза алар үч маселе боюнча жалпы жарандардын пикирин билүү максатында референдум өткөрүүнү талап кылып жатышканын айтты: “- Референдумда алгач “Президент жана Жогорку Кеңеш жыл сайын элдик курултайда отчёт берип турушун колдойсузбу же жокпу?” деген суроо коюлат. Эгерде президенттин ишин курултай канааттандырбаса, ал кызматынан кетиши керек. Мындай жол менен президенттин жана парламенттин үстүнөн элдик көзөмөлдү күчөтүүнү көздөп жатабыз. Экинчи суроо: “Толук парламенттик мамлекетти каалайсызбы же толук президенттик болсунбу?” деп коюлат. Үчүнчү суроо учурда катуу талкууланып жаткан шайлоо системасына байланыштуу. Анда: “Шайлоо системасынын кайсы түрүн колдойсуз: бир мандаттуубу, толук партиялыкпы же аралашпы?” деген суроо берилет”.

Айбек Мырза бул референдумдун артынан Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу талап келип чыгарын жашырбайт.

Парламент мыйзамга ылайык чогултулган кол тамгаларды текшерип чыгышы керек. Эгер талапка жооп берсе, мыйзам долбоор Жогорку Кеңешке киргизилет. Азырынча бул демилгенин канчалык ишке ашары күмөн. Бирок айрымдар мындай аракеттерди бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча алгачкы ишараты катары кабыл алышууда.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү боюнча демилге жөнүндө президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев да айтып чыкты. Анын баамында шайлоо менен кошо өлкөнүн башкаруу формасын аныктап албаса азыркадай арасат абал улана берет. “- Азыркы башкаруу системасы менен өлбөй-житпей туруп турсак болот. Бирок алдыга жылуу кыйын. Менин жеке пикиримде, 2020-жылы октябрда парламенттик шайлоо менен кошо референдум өтүш керек. Эл президенттик же парламенттикпи башкаруу системасын тандайбыз деп чечиш керек. Ошого жараша Конституциялык кеңешме чогулуш керек”.

Бирок, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Баш мыйзамды тез арада өзгөртүүнүн кесепети оор болорун эскертти: “- Мындай пикирлер коркунучтуу. Башкаруу академиясынын ректорунун айтып чыкканы коомдук пикир болуп саналат. Муну өткөрүүнүн жолу башка болуш керек. Жээнбековсуз өткөрүп, андан кийин чечим кабыл алсаңар болот. Башкача айтканда, бул Конституция жана башкаруу 2023-жылдан кийин күчүнө кирет деп коюш керек”.

Азырынча референдумду өзгөртүү - бышып жетилген маселе деле эмес. Бирок өлкөдө мындай аракеттер башталса саясий чөйрөнү кызытчу маселеге айланышы толук мүмкүн.

Жарандык коом: #ReAKЦИЯ уланабы?

Узаган жыл Кыргызстанда жарандык коомдун саясий жигердүүлүгү менен эсте калды.

“Азаттык” радиосу, “Клооп” порталы жана “Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору” чогуу жарыялаган бажыдагы коррупция боюнча журналисттик иликтөө коомчулукта бийликке карата жемкордукка каршы күрөштү жандантуу боюнча коюлган талапты күчөттү.

Айрыкча журналисттик иликтөөдө айтылган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата текшерүүнүн создугушу жарандык коомдун жанданышын шарттап, анын өкүлдөрү президент баш болгон мамлекеттик органдардан чечкиндүү чараларды талап кылышты.

Бул жаатта Бишкекте эки ирет “#ReАкция” деп аталган нааразылык акциясы өтүп, бийликке ишеним азайып бара жатканын ишарат кылган “кызыл карточка” көрсөттү.

“Үмүт 2020” кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек мындан ары бул талаптардын ого бетер мааниси артарын жана саясий активдүүлүк басаңдабай турганын билдирди: “- Биздин пикирибизде журналисттик иликтөөдөн соң башталган жарандык коомдун активдешүүсү дагы уланат. Жазга барып күчөшү да мүмкүн. Анткени, мамлекеттин келечеги жөнүндө маселе болду. Азыркыдай нук менен кетсек, кайсы бир чечкиндүү реформалар болчудай көрүнбөйт. Өткөн митингдерде президенттен реакция талап кылынган эле. Ошол талаптар күчөй берет”.

Политолог Эмилбек Жороев 2020-жылдагы коомдогу бийликке карата талаптар буга чейин айтылган талаптардын аткарылышына жараша болорун белгилейт: “- Чынында эле бийликке коюлган талаптар күчөшү мүмкүн. Ал кыймыл бийликтин иш-аракетине жараша болот. Бийлик айтылган талаптарды угуп, аракетин көрсө конструктивдүү негизде уланышы мүмкүн. Андай болбосо, өлкө үчүн терс жыйынтыктарды алып келгендей да өнүгүшү мүмкүн. Анткени жарандык демилгелер тез реакцияларды талап кылуу максатында болуп жатпайбы”.

Талдоочу эгер бийлик коррупцияга каршы күрөштү жарандык коом талап кылгандай эмес, өзү аныктагандай жүргүзө берсе алдыдагы башкы саясий маселеге айланышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Ал эми эксперт Эркайым Мамбеталиева парламенттик шайлоого байланышуу калктын үстүнөн саясий манипулация күчөй турганын белгиледи: “- Чынында эле реформалар жок экени көрүнүп турат. Бирок 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында саясий күчтөр жанданып, массанын же элдин аң-сезимин манипулициялоо күчөйт. Башкача айтканда жарандарды алдоо механизмдери көбөйөт. Мунун баары эле кесепети анча жакшы болбосун бийлик жана башкалар түшүнүшү керек”.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү күчөтүүнү негизги урааны катары айтып келет. Бул багытта бирдиктүү эсеп ачылып, Коопсуздук кеңешинде каралды.

Бийлик коррупция менен күрөш аёсуз жүрүп, ким мыйзам бузса жазага тартыларын эскерткени менен бир катар талдоочулар бул саясат тандалма жүрүп жатканын белгилешет. Буга алар акыркы айрым саясатчылардын камакка алынышын мисал келтиришүүдө. Андыктан эксперттер бир катар соттук процесстердин жүрүшү жана алар боюнча чыккан чечимдер 2020-жылы өлкөдөгү саясатты аныктоочу окуялар болушу мүмкүн экенин эскертишет.

Алгачкылардан болуп соттук процесстерде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин, саясатчы Садыр Жапаровдун жана Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган адамдардын иштери аталууда. Бул иштер эгемендик жылдарында эң талуу маселеге айланган сот реформасынын багытын жана абалын аныкташы мүмкүн.

Бакыт Асанов

Булак: “Азаттык”