Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 196

“Эртең тамактанып алып, анан Ала-Тоо аянтына келгиле.

Өткөндө кыйкырганыбыз 7-этажга угулбай калышы мүмкүн. Мунусунда дадил-дадил кыйкыралы, “ Райим Матраимов кетсин!” деп. Чийки тукум ичип алып келгиле, добушуңар жакшы жаңырат”.

Бул   АШАчылардын адвокаты Замир Жоошевдин митингге чыгуучуларга  кайрылуусу делинип, бир катар ЖМКларга жарыяланган чакырыгы.  АШАнын жактоочулары менен  “РЕакция” деп аталган саясый акциянын катышуучуларынын ортосунда кандай байланыштар бар? Деги адвокаттардын элди саясый митинг, пикеттерге чакырып, аларга катышканга укуктары  барбы? Укук коргоо органдарында иштегендерге саясатка аралашканга мыйзам тарабынан жол берилбестигин жакшы билебиз, анын  адвокаттарга тиешеси барбы же жокпу? Эгерде уруксат берилбеген митингге укук  кызматкери деп эсептелген адвокат  элди ачык чакырып жүрсө, ага кандай укуктук чаралар колдонулушу керек?

18-декабрда Ала-Тоо  аянтындагы митингге адвокатттардын, атап айтканда, Замир Жоошев, Нурбек Токтакуновдун,  өкмөттүк эмес  бир катар  укук коргоочу уюмдардын жетекчилери Динара Ошурахунова, Чолпон Жакупова сыяктуулардын анабашчылардан болуп жүрүшкөндүгүн көргөндөн кийин бизде жогоркудай ойлор пайда болду. Чындыгында эле чуулгандуу соттук кароолордо активдүү катышуучу болуп жүргөндөрдүн ал чууларды  көчө саясатына айландыргылары келип жатышкандары нормалдуу көрүнүш эмес.

2012-2017-жылдарда Кыргызстандан Түркияга, андан ары ар кайсыл мамлекеттерге чыгарылды делген 630 миллиондон ашык доллардын  бизге түздөн түз тиешеси жоктугун, ал Өзбекстандын Ташкент шаарындагы  Кытайлык уйгур ишкери Хабибулла Абдыкадырдын менчигиндеги  Абу Сахи базарындагы сатуучулардан жыйналган каражаттар  контрабандалык жол менен Кыргызстанга киргизилип, анан сырт жактарга которулган акчалар экендигин  Айеркен Саймаити айткан, ал тийиштүү органдардын кийинки текшерүүлөрүндө ырасталган. АШАнын убагында ишке ашырылган   ал операцияларда бир гана бажы кызматынын гана эмес, чек ара кызматынын, банктардын, УКМКнын, финансы полициясынын, атүгүл каржы министрлигинин да күнөөлөрү бар деп ойлойбуз. Анткени, кирген -чыккан ири суммадагы каражаттардын бардыгы алардын көзөмөлүндө болушу керек. Бирок, “РЕакция” акциясынын катышуучуларынын биринчи кезекте ал убакта мамлекеттин башында турган АШАны, жогоруда аталган кызматтарды эстеринен чыгарып таштап, ал үчүн бир гана ал убакта Бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп турган Райым Матраимовду гана күнөөлөп жатышкандары ачык эле бир жактуулук болуп калууда. Жетекчинин макулдугусуз, көрсөтмөсүсүз, андан жогоруда тургандардын крышалоосусуз   элестүү айтканда орун басардын  “эшектин тушоосун да чече албастыгын”  макоо деле билет. Ырас, Р.Матраимов  аябагандай эле байдыр, ал жөнүндө башкалардыкындай айныксыз ачык далилдер же бул анын базары, тигил обьектилер  анын ишканалары дегендей ынанымдуу нерселерди кездештире элекпиз. Чын-чынына келгенде шектүү жолдор менен андан көп байыгандар толтура, алардын көбү парламентте коррупцияга каршы кантип күрөшүү керектиги жөнүндө акыл үйрөтүп олтурушат. Анда эмне үчүн АШАчылар, өздөрүн көз карандысыз деп эсептеген НПОчулар Р.Матраимовго жабышып алышты?

Маселе Р.Матраимовдо эместигин, кептин бардыгы  өздөрүн демократтар, укук коргоочулар деп эсептегендерге сырттан  келген командаларга байланыштуу экендигин, алардын кызыкчылыктарына АШАчылардын эңсегендери, каалоолору  шайкеш келип жаткандыгын, ал эми АШАчылардын эңсегендери өлкөдө саясый туруксуздукту, анан төңкөрүштү пайда кылып, резонанстуу коррупциялык иштер боюнча камалгандарды бошотуу экендигин  дайыма биздеги жана Россиядагы атайын кызматтар менен тыгыз иштешкен айрым ЖМКлар ачык эле жазып жатышат. Алардын жыйынтыктары боюнча, Орусияга өтө жакындап кеткен С.Жээнбеков  АКШга жакпай калыптыр, ошондуктан АКШ, анын сателиттери Кыргызстандын азыркы бийлигин жаманатты кылып кетирүү үчүн биздеги бир катар НПОчуларга ири суммадагы каражаттарды бөлүп жатышыптыр. Аларга  көктөн издегендери жерден табылган АШАчылар сүйүнгөн бойдон кошулуп кетишиптир. Булардын жүз пайыз чындыкка шайкеш келерине эч кимдик кепилдик кыла албайт, анткени НПОчуларга ачык акча бергидей АКШнын атайын кызматтары келесоо эмес. Анча-мынча суммалар гана банктардан өткөн менен көпчүлүгү жашыруун жолдор менен келет.Бирок, айрым НПОчулардын дүжүр ураандар менен гана эмес, трайбалисттик чакырыктар менен чыккандарына караганда анда сөзсүз чындыктын сезилерлик үлүшү бар деп ойлойбуз. Айрымдары колдоруна тийгендердин салмактуулугуна кубанып, ооздорунан эмнелер чыгып жаткандыгын көзөмөлдөгөнгө  да акыбалдары жетпей калды көрүнөт. Ал эми АШАчылардын аларды активдүү колдоп жатышкандарына келсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу, Улуттук тарых музейин оңдоп-түздөөдөгү, Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы, жаңы мектептерди куруудагы  ж.б.д.у.с.коррупциялык иштер боюнча кармалгандардын, камалгандардын бийлик алмашмайынча тез арада эркиндикте чыкпастыгын, жакында алардын катарына АША өзү да барып кошуларын билип, өлкөдөгү саясый туруктуу абалды адегенде нааразылыктарга, анан баш аламандыктарга айландырып, анан төңкөрүш жасоого бардык күч аракеттерин жумшашууда. АШАда, анын айланасындагыларда акча көп, кара баштарын темир тордон чыгарууга алар эч нерселерин аяшпайт. Анткени, митинг, нааразылык акциялары Атамбаев менен Сапар Исаков баштагандардын өздөрүнүн абалдарын жеңилдетүү үчүн жасалган  акыркы үмүттөрү. Тийиштүү органдар, коомчулук мына ушуну эстен чыгарбашы керек.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити