Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 217

Жыл жыйынтык!

Жумгал элинин колдоосу менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Абтандил Кулбараков тууралуу эл ичинде жылуу пикир бар. Ар убак элет элинен кабар алып, эл өкүлү катары шайлоочулар менен тыгыз иш алып барган депутатына Жумгалдыктар ыраазы. Дегенибиз, Абтандил Кулбараков 23-декабрда кичи мекени Жумгал районуна барып шайлоочулар менен жоолушугуп келди. Жаңы жылды утурлай жердештерине сюрприз кылып былтыр баштаган саамалыгын улантып, быйыл да мыкты кɵрсɵткүч кɵрсɵткɵн 7 жетекчиге Египетке 10 күндүк жолдомо ыйгарды. Эл өкүлү Кулбараков былтыр жыл жыйынтыгы менен жыл ичинде мыкты кɵрсɵткүч кɵрсɵткɵн 4 мектептин директоруна, 1 айыл ɵкмɵткɵ жана 1 айылдык кеңештин тɵрагасына Дубайга 10 күндүк жолдомо ыйгарган эле. Былтыркы сыйлык тапшыруу аземинде депутат Кулбараков кийинки жылы сɵзсүз бала бакчага кɵңүл бурабыз деген сɵзүн айткан. Абтандил мырза сɵзүнɵ туруп быйыл Жумгал району боюнча мыкты кɵрсɵткүчтɵргɵ ээ болгон 3 бала бакчанын башчысына, 2 айыл ɵкмɵт башчысына жана 1 мекеме жетекчиси, ошондой эле 1 мектептин директоруна Египетке 10 күндүк жолдомо ыйгарды.

Абтандил Кулбараков депутат болгонго чейин эле жердештерине колунан келген жардамын берип келген болсо, депутат болгондон кийин да жердештерин унутта калтырган жок. Жумгал району боюнча 32 бала бакча болгон болсо, анын ичинен 3 бала бакчасынын жетекчиси жолдомого ээ болуп, калган 29 бала бакчанын жетекчисине депутаттын айтынан самоор-чайнектер белекке берилди. Ал эми район боюнча мыкты жетишкендиктерге жетишкен «Лама» орто мектебинин директору Нурлан Карыбек уулу, Жумгал райондук «№24 жол тейлɵɵ» ишканасынын жетекчиси Зарылбек Моношев, «Чаек» айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Рустам Алымкулов, «Чоң Дɵбɵ» айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Аскер Ширинбек уулу, «Баш-Кууганды» айылдык бала бакчасынын башчысы Самарбүбү Биймурзаева, «Кызыл Жылдыз» айылдык бала бакчасынын башчысы Дүржан Ɵмүрзакова жана «Чоң Дɵбɵ» айылдык бала бакчасынын башчысы Гүлбайра Огонбаевалар Египетке 10 күндүк жолдомо утуп алышты. Тагыраагы 2019-жылдын жыйынтыгы менен мыкты кɵрсɵткүчкɵ ээ болгон Жумгалдык 7 жетекчини Кулбараков Дубайда эс алдыра турган болду.

Ошондой эле депутат Кулбараков Жумгал районунун «Миң-Куш» шаарчасына барып жеке демɵɵрчүлүгү менен ишке берилген спорт залдын жана шол эле «Миң-Куш» шаарчасындагы мамлекеттин эсебинен толук оңдоп-түзɵɵдɵн ɵткɵн айыл ɵкмɵттүн имаратынын ачылышына катышты. Аны менен катар «Ɵрнɵк» айылдагы жаңы башталган мектептин курулуш иши менен таанышты. Ар убак элет элинин кɵйгɵйү менен иш алып барган Абтандил Илдузовичке жердештери ыраазычылыгын билдирип, батасын берип узатты...

 

Булак: “Майдан. kg” гезити