Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 203

Жыл ичинде депутаттарды абдаарытып, кимдин сөзүн сүйлөөрүн билбей кайсалаткан окуялар арбын болду.

Аны айтсам ага, муну айтсам буга жакпай каламбы деген ички коркунучу чындыктан күчтүүлүк кылып кеп айтаар кезде башын жерге салган эл өкүлдөрү да болду. Бир гана Рыскелди Момбеков качан болбосун кара кылды как жарган калыс көз карашын ачык айтуудан жалтанган жок. Парламентте көбүрөөк кыйкырган да, көбүрөөк күйүнүп, кайра өлкөнүн кайсы бир жетишкендигине ошончо сүйүнгөн да Момбеков болду. Чукугандай сөз тапкан сөзмөрдүгү ал көтөргөн маселени көңүл чордонуна айлантты.

 

Булак: "Майдан. kg" гезити