Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 322

Сооронбай Жээнбеков үчүн бул жыл оңойго турган жок.

Мамлекет башчысы катары тең салмактуулукту сактоого, мамлекетке зыян келтиргендер менен күрөшүүгө, ошол эле убакта экономикалык өсүштөрдү жасап, тышкы саясатты да чегинен жылдырбай алып кетүүгө жоопкер болду. Туш тараптан маселе жаап, чыгууга мүмкүн эместей көрүнгөн кырдаалды акыр аягында жолго койду. Коррупция менен күрөш уланып, коомчулукка көп коррупциялык иштер шардана болду жана анын айыптуулары мыйзам чегинде тийиштүү жазасын алышты. Кыргызстанда буга чейин болуп көрбөгөн – айыптуу кимдигине, кандай макамы бардыгына карабай мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылышы керек деген түшүнүктү жаратууга жетишти.

Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылыкка киришкен эки жылдан бери аймактардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурууда. Мамлекеттин өзөгү айылдан түптөлөөрүн жакшы түшүнгөн өлкө башчы эки жылды катары менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Бюджеттик саясат, акча-насыя саясаты, финансылык саясат аймактарга бурулду. Ал акырындык менен жыйынтыгын көрсөттү . 

Айыл жеринде кайра иштетүү өнөр жайларын ачам деген ишкерлер үчүн тийиштүү каражат берилди. Кыргыз-орус  өнүктүрүү  фонду  насыяларын  айылдарга  эки  эсе  көбөйттү ,  “Айылбанк”  элетке  84%  насыясын  берүүдө .  Былтыр  жылдын  жыйынтыгында  кредиттөө  25 млрд.  сомго жеткен, быйыл он айдын ичинде 23 млрд. сомго жакын насыя берилди. Ошонун 73%ы  аймактарга арналганы маалым. Бул каражатты ишкерлер кайра иштетүүгө,  логистикалык  борбор  курам  дегендерге,  жеңил  өнөр  жайга,  айыл  чарба  азыктарын  өндүрүүгө  жумшап жатышат.

Андан тышкары  ирригация, санариптештирүү боюнча орчундуу жумуштар, энергетика жана темир жол тармактарында ири долбоорлорду түзүүгө жетишти. Баарынан да  мугалимдердин айлыгы 30% көбөйду, Сооронбай Жээнбеков муну чек катары карабай, алдыда   дарыгерлердин, аскер жана милиция кызматкерлеринин маянасына да акча кошуларын убада кылды.