Орус тилдүү Лейла Саралаева деген кесиптешибиз бар.
Ар дайым өзүн чындыкты, акты ак, караны кара деп жазган журналист катары көрсөтүүгө аракет кылат. Калп айткан менен болобу, буга чейин Лейла айымдын калеминен чыркыраган чындыктар жазылчу. Бирок тилекке каршы, Атамбаевдин тушунда чындыктан, калыстыктан тайган.
Атамбаевдин маалыматтык идеологдору болушкан Абдил Сегизбаев жана Фарид Ниязов аркылуу Атамбаевдик бийликтин сүймөнчүк журналистгеринин бирине айланган. Атамбаевдин чет өлкөгө жасаган бардык сапарларынан калган жок. Атамбаевди жандап жүрүп, анын колдоосу менен өзүнүн гезитин да ачып, анда АШАнын дарегине жакшы эле мактоо, жактоолорду жазды, жазып келатат. Бул эми өткөн иш, биздин айтайын дегенибиз башка.
Өкүнүчтүүсү, кесиптешибиз мурдагы президентке байланган бойдон келүүдө. Байлана берсин, ага каршылыгыбыз деле жок, кимди колдойт, кимге жан тартат, ал өзүнүн иши. Бирок элди дүрбөтүүгө, ызы-чуу салууга багытталган АШАчылардын митингдерин активдүүлүк менен чагылдырып, митингге өзү да катышып, мыйзам бузгандыктары үчүн камакка алынып, элди бөлүп жарууга аракет кылгандар, кылмыш иштери козголгондор менен маектерди уюштуруп, аны менен азыркы бийликти каралоону көздөгөн Лейла айым медалдын экинчи бети да бар экенин унутпай жүрсө дегибиз келет. Болбосо, ошол эле бүгүнкү бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн сынга алган Лейла айым эмнеге Атамбаевдин тушунда Бишкек ЖЭБи баштаган ири корруциялык иштер болгонун, коррупциялык, мыйзамсыз иштери үчүн соттолуп жаткандыктарын, Батукаев маселеси, Кой-Таштагы Атамбаевдин антиконституциялык “жосундары” тууралуу ооз ачпайт? Эмнеге Раим Матраимовдун коррупционер экенин жазып келаткан кесиптешибиз бул адам тууралуу Атамбаевдин убагында сөз айткан эмес?
Аргасыздан суроо туулат экен, кесиптешибизге Атамбаевдин жалындуу жактоочусу, коргоочусу болууга эмне мотивация берип атат? Атамбаевди өзгөчө сыйлап урматтоосубу? Же ал киши тараптан болгон каржылык жана материалдык колдоолорбу? Кандай болгон күндө да кесиптешибиз арыдан бери болуп, бир беткей кетпей, чындыкка тегиз караса. Жашоо АША менен эле байланган эместигин унутпай жүрсө…
Астра Айылчиева, Булак: “Майдан. kg” гезити