Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 390

Дил-маек

- Топчубек агай, 4-декабрда Сиз жетектеген Академиянын расмий ачылышы болду. Буга чейин эмне иштер аткарылды, эми алдыда кандай милдеттер турат? Сөздү ушулардан баштасаңыз.

- Жаш балдарыбыздын көпчүлүгү азыр компьютерлерди, чөнтөк телефондорду аңтаргандан башкага кызыкпай калышты. Кичинекейлердин, өспүрүмдөрдүн арасында кыргыздын нукура мурастарын билгендер өтө аз. Президентибиздин Жарлыгында “Манасты”, Чыңгыз Айтматовдун мурастарын кеңири жайылтуу, тереңдетип изилдөө милдеттери коюлган. “Манасты жайылтып, таркатуу өтө солгун. Беш жыл мурда жогорку окуу жайларына “Манас” боюнча атайын сабак киргизилген, ал эми мектептерде өзүнчө сабак жок. Жарлыктагы кеңири жайылтуу деген балдар бакчаларынан ЖОЖдорго чейин камтышы керек. Наристелерибиз бакчаларда “Манастын” эмне экендигин билишсин, андагы жан-жаныбарлар, тулпарлар жөнүндө сүрөттөрдү тартышсын. Мектептерде 1-класстан ал улантылып, 11-класска чейин улам кеңейтилип жүрүп отурсун”. Мындай сунушту мен президентке, өкмөт башчысына киргизгем.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 176  тилге которулган, айрым булактарда андан көп болуп да жүрөт. Бирок, кайсы чыгармалары кайсыл тилдерге которулуп, канча нускада чыккан?  Булардын так маалыматы  жок, такташыбыз керек. Биздин алдыдагы максатыбыз - “Манастын” эң мыкты  классикалык вариантын дүйнөнүн негизги тилдерине түшүндүрмөлөрү менен котортуу. Ага көп убакыт талап кылынат, бирок башташыбыз керек. Дүйнөнүн көп  өлкөлөрүндө “Манасты”, Ч.Айтматовду изилдегендер бар. Ошолордун бардыгын тактап, байланыш түзүп,  эл аралык бирикмеге баш коштурганы жатабыз. Андайлар  КМШ өлкөлөрүндө, Европада, АКШда, Кытайда бар.  Буйруса, ал ишти келерки жылдын биринчи жарымында аяктайбыз.

2020-жылы жай алдында “Манастын” 1025 жылдыгын белгилөө боюнча президенттин Жарлыгы даярдалууда. Анан Өкмөттүн токтому чыгып, Уюштуруу комитети түзүлөт. Олуттуу көп иштер биздин Академияга  жүктөлөт. Анын алкагында “Манас” жана Ч.Айтматов дүйнөлүк  илимдерде” аттуу 2-3 күндүк эл аралык чоң илимий-практикалык конференция өткөрүүнү максат кылып коюудабыз.

- Эми сиз өмүр бою саясат менен алектенип келаткан адамсыз. Өлкөдөгү саясый кырдаалга  дыкат көз салып турасыз. Келерки жылы парламенттик шайлоолор болот. Айрым реформалар да жүрүп жатат. Бул маселелер боюнча оюңуз, көз карашыңыз кандай?

- Келерки күздөгү парламенттик шайлоодо арам акчалары топондой сапырылган жалаң олигархтар өтүп кетпеши керек. Биз былтыр “Коррупциясыз Кыргызстан” деген уюм түзгөнбүз. Уюм келерки жылдын башталышында парламенттик шайлоо боюнча позициясын так билдирет. Билишимче, парламенттеги депутаттардын 24үнө кылмыш иштери козголгон. УКМК, Башкы прокуратура аларды аягына чыгарбай жатат. Анткени, алардын жетекчилери парламентке отчет берип турушат, коркушат. Президент коррупцияга каршы чоң казат жарыялады, бирок анын кайырмагына акыркы жылдардагы жегичтер гана илинүүдө. Советтик мезгилде мамлекетке аябагандай чоң көлөмдөгү байлыктар топтолгон. Аларды айрым шумпайлар 4-5 жылда талап, тоноп заматта олигархтарга айланышкан. Атайын комиссия түзүп, кимдер 1990-жылдардын башынан бери мамлекеттин, элдин байлыктарын, гранттарды, кредиттерди  талап-тоноо аркылуу байыгандыгын аныктоо зарыл.

- Анын кандай кажети бар? Аныктаган менен деле алардын көпчүлүгүнүн эбак эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен да.

- Кандай болгон күндө да алардын ким экендигин эл билиши, соттун өкүмү болбосо да элдин каргышы, наалаты менен соттолушу керек. Азыр Кубанычбек  Жумалиев “эгерде Акаев келсе, аны тергөөнүн, камоонун кереги жок” деп жүрбөйбү. Акаевдин убагында күтүүсүздөн байыгандардын бири ошол. Ал өзүн ойлоп жатат. Эмне үчүн Кыргызстанды кыйратып кеткен адам суралбашы, соттолбошу керек?  Жооптуу кызматтагылардын бардыгы жалганды текшерүүнүн детекторунан өткөрүлүүсү зарыл.

Мен 1991-жылы “Кыргыз Рухуна”  аймактык-административдик терең реформа, бюрократиялык балта чабуу, чиновниктердин санын азайтуу жөнүндө жазгам. Абал дагы деле өзгөрбөдү. Чиновниктер канчалык көбөйсө, бюрократтык ошончолук көбөйөт. Бюрократия бар жерде коррупция өзүнөн өзү жаралат.

- Алардын санын кантип азайтуу керек?

- Азыр респуликабызда 40 район, 31 шаар жана шаарчалар, 454 айыл аймактары бар. Маселен, Чүй үч районго же аймакка эле бириктирип койгудай облус, бирок 20га жакын административдик бирдикке бөлүнгөн. Эки айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бир имаратта тургандары бар дешет. Оштун, Жалал-Абаддын район-шаарларын деле ошентип ирилештирсе болот. Талас мурда бир эле район болчу, төрт район болгондон кийин эл жыргап-куунап кеттиби? Алыстагы айрым райондордун калкы түздөрдөгү айрым айыл өкмөттөрүнүкүнөн эки эсе аз. Аларды ирилештирүү аркылуу чиновниктерди азайтып, үнөмдөлгөн  бюджеттик каражаттарды социалдык муктаждыктарга жумшоо керек. Маселен, Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай  мурда  бир эле район болгон. Баарынын элин кошсо, Кара-Суу районунун калкынын жарымына араң жетет.

- Анда алыскы жерлердеги тургундар бир тактама үчүн жүз чакырымдан ашык жерге барышып кыйналып калышпайбы?

- Майда-чүйдө зарыл аныктама, тактама дегендердин баарын айыл өкмөттөрүнө өткөрүп берсе, эл толук интернетке кошулса, эч ким  кыйналбайт. Ансыз деле бара-бара бардык кагаз иштерин электрондук почта, интернет аркылуу бүткөргөнгө ооп бара жатпайбызбы. Санариптештирүү деген ошол да. Анан акимдердин, мэрлердин бардыгын эл шайлай турган кылуу керек. Эмне үчүн өлкөнүн президенти, депутаттар шайланат да элдин тагдырын түздөн түз чечип жаткандар шайланбашы керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу дегендин уңгусу шайлоо аркылуу бийлик түзүү, өздөрү иштеп тапкан каражаттардын эсебинен жашоо. Коррупциянын тамырын үзүү үчүн сөзсүз  аймактык -административдик реформа ишке ашырылуусу зарыл. Бул боюнча биз мурда эле сунуштарыбызды бергенбиз.

- Азыр акимдердин, Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн укуктары мурдагы Советтик мезгилдеги 1-катчылардыкынан 10 эсе аз. Бюджеттери жок, мындай шартта аймактарды кантип өнүктүрсө болот?

- Административдик бирдиктер кескин кыскартылса гана жергиликтүү бюджеттерге каражат көбөйөт. Өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын сөзсүз суверендүү бюджети болуш керек. Бюджети жок башкаруу органы болот деген нонсенс. Ал реалдуу иште эмес, кагазда гана болот. Ал үчүн президент белгилегендей инвестицияларды, гранттарды тартып, кайра иштетүү өнөр жайларын көбөйтүп, аймактарды өнүктүрүү зарыл. Тилекке каршы, айрым саясатчы сөрөйлөр элди инвесторлорго каршы шыкактап, каражаттары менен келгендерди качырып жатышпайбы. Жер-жерлерде эт, сүт, жүн, тери, мөмө жемиштер алгачкы кайра иштетүүдөн чыгарылса, жумушчу орундар түзүлмөк, баалары да эселеп өсмөк. Азыр дыйкандар өндүргөндөрүн ит бекер сатып жатышат. Биз мурда агрардык-индустриалдык өлкө болсок, шоркелдей реформаторлордун айынан агрардык эле өлкөгө айланып калдык.

- Эми кайрадан саясатка кайрылсак. Парламенттин сапаты гана эмес,  курамынын саны, шайлоонун формалары боюнча да пикирлер ар кандай. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

- Кыргызстандын парламентине 90 депутат жетишет. Мен муну дайыма кайталап айтып келатамын. Алардын жарымы пропорционалдык системада, жарымы можаритардык формада шайланса эң туура болмок. Айрымдар парламентте 30-40 депутат болсо жетишет деп жүрүшөт, анда алардын 70-80 пайызын  Бабановго окшогон бир мультимиллиардер  сатып алып, каалагандай мыйзамдарды өткөрө берүүсү мүмкүн. Данияр Үсөнов дегендин  тушунда депутаттардын добуштарын сатып алган  учурлар да болгон. Тилекке каршы, азыр партиялар да коррупциялашып кетти. Азыр партиялык ишеним, тилектештик, идеологиялык биримдик деген жокко эсе. Кимдин акчасы болсо, ал партиянын бир жыйынына катышпаганы деле тизмеге киргизилип, депутат болууда. Ошондуктан партиялык  стаждары 3 же 5 жылдан кем эместер гана ошол партиянын шайлоо тизмесине киргизилет дегендей мыйзамдык  норма кабыл алуу зарыл. Болбосо, партиялардын аукциондордон айырмалары деле болбой калды. Андан көрө депутаттык мандаттарды лотереянын билеттериндей  көчөгө  жайып алып, ачык эле базардагыдай кылып сатыш керек.

- Азыр тазалык, адилеттик жөнүндө көп айтылат. Биздин шайлоо системабыздын бардыгы коррупцияга негиздешип калса, кайдан тазалык, адилеттик болот?

- Мен 2010-жылы люстрация жөнүндө мыйзамдын долбоорун жазып киргизсем, аны кабыл албай коюшкан. Аны кабыл алышпаса да, коррупция боюнча соттолгондорду азыркыдай 3 жылга чейин мамлекеттик иштерге жакындатылбайт дебестен, өмүр бою башкаруу иштерине алынбайт деген норма болуусу зарыл. Маселен, АКШда укук коргоо кызматкери коррупциялык иштер менен  кармалса же башка жаман кылмыш жасаса, ал ошол системадан биротоло четтетилет, атайын пенсиядан да ажыратылат экен. Бизге мына ошондой катаалдык жетишпегенден улам биягынан кармаса, тиягынан башка коррупционерлер чыгууда.

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити