Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 314

Ж. Жолдошова: Садыр Нургожоевич элим, мекеним деп жүрүп, өтө оор кайгыларды, азап, арман, болгондо да түгөнгүс арманды башынан кечирди...

- Жылдыз эже, саясаттын курмандыгы болуп, күнөөсү далилденбесе да  камакта отурган Садыр Жапаров эркиндикке чыгыш керекпи?

- Албетте чыгышы керек... Садыр Жапаров “Кумтөр” мамлекетке, элге иштесин деген чындыгы үчүн камалган, мурунку бийликтин зомбулугунун айынан бүгүнкү күнгө дейре азап чегип келет. “Кумтөр” боюнча бир да саясатчы, же депутат мындай терең изилдөө жүргүзгөн эмес жана өз убагында ачуу чындыкты ачык айта алган эмес.

- Неге бийлик алмашса деле аны камактан чыгарбай жатышат?

- Бул суроого ар бир кыргызстандык жооп таппай келет...

- Эмне үчүн  ага гумандуу мамиле жасалбай, ырайым суроосу да тийешелүү тармактарда каралбай жатат?

- Бул суроону президентке бериш керек, анткени Сооронбай Шарипович айткан эле: "Ө.Текебаев менен С.Жапаров ырайым сураса берет элем”,- деп.

- Садыр Жапаровдун акталсын деген тарапташтары тарабынан топтолгон 500 миң кол анын маселесин чечүүгө жардам береби?

- Бериш керек, себеби бүт коомчулук Садыр Жапаровго болуп жаткан мыйзамсыз, адилетсиз, акыйкатсыз мамилеге кайдыгер болбостон, өз ойлорун ачык билдирип жатышат. Анын үстүнө, Садыр Нургожоевич элим, мекеним деп жүрүп, өтө оор кайгыларды, азап, арман, болгондо да түгөнгүс арманды башынан кечирди... сынбады, ийилбеди, чөгөлөбөдү... 500 миң жарандарыбыздын кол топтогону, “кыргыздын мүнөзүн, акыйкатсыздыкты көтөрбөй тургандыгын жана жол бербестигин” дагы бир жолу даңазалап турат:

-Кумтөрдө жер көчкү орун алып, эки жараныбыздын табылбай жатканы, Жапаров айткан экологиялык катастрофаны  далилдей баштадыбы?

-Ооба далилдеди жана далилдейт...

 

Булак: “Майдан. kg” гезити