Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 259

Күнкөйгөй

КР саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу Департаменти Бүткүл дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюмунун өкүлчүлү менен биргеликте “Фармацевтикалык базарды жөнгө салуу: жетишкендиктер жана өнүгүүнүн негизги багыттары” аталыштагы тегерек стол өткөздү.

Тегерек столдун максаты Кыргызстандын фармацевтикалык рыногун өнүктүрүүдөгү жаңы багыттар менен кызыкдар тараптарды тааныштыруу, о.э. дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды көзөмөлгө алуу системасын бекемдөөнүн укуктук механизмин ишке ашыруунун алкагында көзөмөл кылуучу органдардын мүмкүнчүлүгүн жана перспективасын талкуулоо болду.

Коомчулук үчүн маанилүү болгон маселени талкуулоого жана анын ишке ашуу жолдоруна баам салууга бир катар жооптуу кызматтардын өкүлдөрү келишти. Жалпылап айтканда Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү катышты.

Анда айтылгандай, 2017-жылдан тартып Кыргызстандагы дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жөнгө салуу тармагындагы базалык мыйзам кабыл алынгандан кийин дары-дармек рыногу жөнгө салынуунун жаңы укуктук механизмдерине ээ болду. Мындан улам бул жааттагы бардык процесстердин сапатын жогорулатууну көзөмөлгө алуучу менеджмент алдыга чыкты. Аны менен катар адам ресурстарын туура пайдалануу, механизмдин жүрүшүн ачык-айкын чагылдыруу да жолго коюлду. 2017-жылы кайрадан түзүлгөн Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу Департаментинин эки жылдык ишмердүүлүгүндө өтө чоң натыйжалуу иш аракеттер болду, ал кабыл алынган мыйзамдардын укуктук нормасын ишке ашырууга багытталды. Эң башкысы бул Департаментти түптөөдөгү башкы максат болгон сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз болгон дары каражаттарын жеткиликтүү кылуу жана ооруган адамдардын чыгымын мүмкүн болушунча азайтуу ишке ашты.

Натыйжалуу иш дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапаттуулугу боюнча менеджмент системасындагы эл аралык нормаларга шайкеш келген аракеттерден улам жаралды.

Ошондой эле Департаменттин учурда алдында дагы бир олуттуу иш турат. Ал - фармацевтикалык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун маселесин чечүүдөгү жаңы кадам. Ага ылайык дары каражаттары жана медициналык буюмдар каттоого алынат. Андан сырткары дары каражаттарынын бааларын жөнгө салуудагы натыйжалуу механизм ишке кирет. Аталган Департаменттин кызматкерлери бул жаңычылдыктын биринчи жана экинчи этабын ишке ашырышты.

Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу Департаментинин директору Г.Шакирова көп иш жасалганын жана алдыдагы дагы да жасалчу иштер арбын экенин белгиледи: “- Бүгүн биз абдан чоң иш чара өткөрүп жатабыз, бул донорлордун алдында отчет берүү десек да болот. Анткени эки жылдан бери натыйжалуу иштер жасалды. Биздин бюджеттен 40 пайызы каржыланган лаборатория иштеп жатат. Электрондук база түзүү аракетин көрүүдөбүз. Түркиянын дары-дармек менен камсыз кылуу агенттиги менен былтыр келишим түзгөн болчубуз, анын негизинде 5 миллион долларлык долбоор бекер берилиши керек. Бирок аны алууга бизден бир аз каражат керектелет. Казакстандын дары-дармек менен камсыз кылуу агенттиги менен да эки-үч күн мурда келишим түзүп, маалымат алмашуу, биргеликте жумуштарды ишке ашырууну сүйлөштүк”.

Ошондой эле Евробиримдигине кирүү алдындагы Россиянын жасачу милдети келерки жылы аткарылаарын билдирди: “- Лабораториябызга 2019-жылы 32 миллион сом жумшалды. Ага 6 миллион сомдук эки жабдык сатып алдык. Бирин борбордук, экинчисин түштүк аймагында жайгашкан лабораторияга жөнөттүк. Эки лабораториябыз тең бул жылы аккредитациядан өтүп сертификат алды. ЕБге киргенде Россия тарабынан аткарылчу милдет бар эле, ошол келерки жылдын биринчи, экинчи кварталында аткарыла турган болуп жатат. Төрт жылдан бери күткөн келишим эми ишке ашып 2 миллион 800 миң долларлык жардам келет. Жеткирүү биринчи кварталдан башталат деп күтүп жатабыз”.

 

Нурайым А., өз кабарчы, Булак: “Майдан. kg” гезити